Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумалиев: 2-3 жылда Бишкектеги бак-дарактар электрондук базага киргизилет

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев
Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев Бишкек калаасында бак-дарактарды электрондук инвентаризациялоо программасы жүрүп жатканын айтты.

Буга чейин шаар ичиндеги бак-дарактарды жылына бир ирет текшерип, акт түзүлүп, ошого жараша иш жүрчү. Учурда бак-дарактар каттоого алынып, маалыматтар электрондук базага киргизилип жатат. Шаар тургундары "Зеленый город Бишкек" деген тиркеме аркылуу калаадагы бак-дарактардын абалы жана санынан кабардар боло алат. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жумалиев: 2-3 жылда Бишкектеги бак-дарактар электрондук базага киргизилет

Анын айтымында, Эмен паркында ыктыярчылардын жардамы менен алгачкы 400дөн ашык дарак инвентаризацияланды.

"Шаардык муниципалитеттин жана "Арча" коомдук фондунун демилгеси менен Бишкекте алгачкы ирет калаадагы жашыл аянттарды электрондук инвентаризациялоо программасы башталды. Максаты жашыл аймактарды калыбына келтирүү, абалына мониторинг жүргүзүү, зарыл болгон убакта профилактикалык чараларды көрүү боюнча иш процесстерин автоматташтыруучу программалык инструменттердин комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат. Учурда ар бир бакка 3х4 сантиметр болгон бирка тагылып жатат. Базада ал номердеги дарактын бийиктиги, диаметри, породасы жазылат. Ошентип шаардын жашоочулары мобилдик тиркеме аркылуу ар бир райондогу дарактардын саны, геолокациясы, түрлөрү, сугаты жана абалы жөнүндө маалымат ала алышат. Программанын аркасында чарба кызматкерлери алдын ала кам көрүүгө жана дарылоого керектүү каражаттарды эсептей алышат. Инвентаризациялоо иштери көп убакытты талап кылгандыктан жакынкы 2-3 жылдын ичинде борбордогу бардык дарактарды электрондук базага киргизүүнү көздөп жатабыз. Андан соң бул иштер башка облустарда да жүрүп баштайт", — деди Жумалиев.

Агроном учурда бакка тагылган биркаларды шаар тургундары түшүнбөй алып коюп жатышканын айтып, бишкектиктерден аларга тийбөөнү суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0