Енвойс Вижион Диджитал Эксчейндж ААК универсалдык биржасынын башкаруучулугунун төрагасы Алмаз Шабданов

Шабданов: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам керек

87
"Енвойс Вижион Диджитал Эксчейндж" ААК универсалдык биржасынын башкаруучулугунун төрагасы Алмаз Шабданов Кыргызстанда криптобиржаларга укуктук талаанын түзүлүшү ишкерлерге мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.

Криптобиржалардын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам кабыл алынса ачык-айкын иштөөгө өбөлгө түзүлөт. Мындай пикирин Алмаз Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Шабданов: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам керек

Анын айтымында, Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн криптобиржаларда соода жүгүртүп, инвестиция тартуу аянтчасы түзүлсө мамлекет үчүн да киреше булагы болуп бере алат.

"Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандагы криптобиржалардын ишмердүүлүгү тууралуу укуктук талаанын жок болгондугуна байланыштуу ишкерлерде көп көйгөйлөр жаралып келген. Ири компаниялар да мыйзам кабыл алынбаган аянтчага этикалык жактан кирүүгө батынбайт. Коопсуздук маселеси да аларды тынчсыздандыргандыктан тобокелчиликке барбайт. Эми Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан криптобиржалардын ишмердүүлүгү тууралуу жобо иштелип чыкты. Ага бул тармактын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар да катышып, атайын мыйзам кабыл алуу боюнча чаралар көрүлүп жатат", — деди Шабданов.

Ошондой эле адис криптобиржалардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн коңшу өлкөлөрдүн да рыногун карап туруу керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз

87
Белгилер:
Алмаз Шабданов, биржа, криптовалюта, мыйзам
Тема боюнча
500дөй майнинг-ферма иштеткен кыргызстандык жаран кармалды
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов

Бекматов: бир мандаттуу округдан талапкерлердин дебаты облустук теледе өтөт

18
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов саясий партияларга бир сааттан кем эмес убакыт эфир бөлүнүп, анын жарымы жамааттык чыгууларды камтый турганын белгиледи.

Бир мандаттуу округдан катталган талапкерлердин дебаттары облустук ЖМКларга берилет. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бекматов: бир мандаттуу округдан талапкерлердин дебаты облустук теледе өтөт

Анын айтымында, талапкерлердин 20:00дөн 00:00гө чейинки убакытта эфирге чыгуусу каралган.

"Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде саясий партияларга мамлекеттик ЖМКлардан бир сааттан кем эмес акысыз эфирдик убакыт кепилденген. Учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эфирдин убактысы бөлүштүрүлүүдө. Партиялар бөлүнгөн эфирдик убакыттын жарымынан кем эмесин жамааттык чыгуулар, дебаттар же тегерек столдор менен камтышы керек. Бул саясий партиялар үчүн талаптар. Ал эми бир мандаттуу округдан катталган талапкерлер үчүн аймактык медиаборборлордон аянтча берилет. Анткени бир аймактын көйгөй, маселелери башка регион менен окшошпойт", — деди Бекматов.

Ошондой эле ал кепилденген убакыт жумуш күндөрүнө туура келе турганын кошумчалады.

18
Белгилер:
Абдыжапар Бекматов, шайлоо, талапкер, дебат
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Партиялык система менен 1046 киши депутат болууну мелжеп жатат. Статистика
Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, полковник Сатыбек Молдалиев

Молдалиев: 1999-жылы Баткендин борбор менен байланышы үзүлүп калган

25
(жаңыланган 12:47 27.10.2021)
Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, полковник Сатыбек Молдалиев Баткен окуясы кандайча башталганын эскерди.

Тажикстанда согуш бүткөндөн кийин Ислам диний экстремисттердин тобу кысмакка алынган соң алар Өзбекстанга кирип ФАНО (Фергана-Андижан-Наманган-Ош) ислам мамлекетин түзүү максатын коюшкан. Бул үчүн бардык шарт бар эле. Ага чейин, 1997-жылы террорчулар Фергана, Анжиян облустарында акимдин, прокурор, милициянын баштарын кесип илип кетишкен. Бул тууралуу Сатыбек Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Молдалиев: 1999-жылы Баткендин борбор менен байланышы үзүлүп калган

Анын айтымында, террорчулардын баш калкалоочу жериндеги курал-жарактар бир ротага, взводго жеткидей көлөмдө болгон.

"Кыргызстандагы Сох анклавынын ички турмушу начар болуп, алар Ислам террорчулар тобун күткөнү белгилүү болгон. Жок кылынган террорчулардын чөнтөктөрүнөн "биз силерди күтүп жатабыз, бардыгы даяр, качан келесиңер" деген каттар табылган. Террорчулар Баткенге Өзбекстанга жакын аймак болгондуктан кирип келип, бизден коридор сураган. Советтер Союузунун учурунда эле Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын эли мал айдап жайлоодо жүргөн кезде террорчулар келип аралашып, ошол аймак тууралуу башчыларына айтып берип турган. Коркпостон түз эле Зардалыга чейин кирип келип, милициянын башчысын өлтүрүшкөнү ошондон. Анан бийлик армия жөнөттү. Ошол учурда армияда аскердик окууну бүткөн, казармаларда жашаган, даярдыгы бар жоокерлер болгон. Таптакыр эле даяр эмес болчу десек туура эмес болуп калат. 1997-98-жылдары тоо шарттарында аскердик машыгууларды өткөрүп жүргөнбүз. Болгону террорчулар Зардалы, Кожо-Ашканга чейин кирип келгени боюнча маалымат болгон эмес. Себеби алар ошол жердеги койчу, чабандарды таанып-билгендиктен саламдашып эле кара мылтыктарын жашырып кирип келишкен. Террорчулар Баткен согушуна абдан мыкты даярданышкан. Баш калкалоочу жеринен бир ротага, взводго жеткендей курал-жарак, мина, тамак-аш табылган. Кыргызстандын түштүгүн толук жок кылабыз деген абдан жаман ойлору болгон. Ошол учурда Баткен району да радио, телевидение жок президенттин сөзүн укпай, борбордон алыс болуп кеткен. Жадагалса окуучулар Ислам Каримовду президентибиз деп таанычу. Демек, бул район Кыргызстандан бөлүнүп кеткенге, террорчуларга жол ачып бергенге даяр, ылайыктуу аймак болчу", — деди Молдалиев.

Полковник 2000-жылы кайра Өзбекстан тараптан Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна кол салуу болгонун, куралчан адамдар ИИМ тарабынан жок кылынганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

25
Белгилер:
Баткен окуясы, согуш, террорист
Тема боюнча
Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек
Сом монеталары. Архив

Парламент Салык кодексинин жаңы редакциясын биринчи окууда жактырды

0
(жаңыланган 16:21 27.10.2021)
Документте Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун биринчи окууда жактырды.

Салык боюнча жаңы документти биринчи окуудан өткөрүүгө 80 депутат макулдук берип, каршы чыккандар болгон жок.

Жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев баяндама жасап, мыйзам долбоору салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга айкалыштырууга, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүгө, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарт түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталганын белгиледи.

Муну менен катар Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталууда. Ал эми тигүү, зергерчилик, авиациялык, электробус тармактарында салыктык жеңилдиктер каралган.

0
Белгилер:
салык кодекси, парламент, жактыруу, долбоор
Тема боюнча
Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси