Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив

Эшенгулов: "кент" топонимикалык термини "шаар", "чоң кыштак" дегенди түшүндүрөт

23
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов "кент" топонимикалык терминин чечмелеп берди.

Самарканд, Ташкенд шаарлары кийин тилге ылайыкташып "кенд" мүчөсү уланып калган. Дээринде бул топонимикада кенен жайылган кадимки эле "кент" деген термин. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.

Эшенгулов: "кент" топонимикалык термини "шаар", "чоң кыштак" дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, "кент" термини кошулган жер аталыштары Өзбекстан, Азербайжан жана Казакстанда көп кездешет.

"Топонимика илиминде кенен жайылып, таркап кеткен жер-суу аттары көп. Ал тургай алар ар кандай тилдик өзгөрүүлөргө дуушар болуп, мезгилдин өтүшү менен таптакыр башкача угулуп калат. Ушундай терминдердин бири  — "кент". Жер аттарына мүчө катары уланып колдонулат. Маанисинде шаар, кээ бир тилдерде калк көп отурукташкан айыл дегенди түшүндүрөт. Азербайжандар ушул күнү деле "айылыма, кыштакка " дегенди "гентиме" деп сүйлөшөт. Алардын тилинде кыргыздыкындай каткалаң тамга менен башталган сөздөрдүн дээрлик бардыгы жумшартып айтылат. Мисалы, Ташкент — таштуу шаар дегенди түшүндүрөт деп ойлойбуз. Бирок бул калаанын географиялык түзүлүшү таштак эмес. Ошондуктан шаардын аталышы таптакыр башка маанини билдирет. Анткени мурда бул жерде тажиктер жашаган. Алар "шаш" дегенди "чаш" дешет. Демек бул эли дайыма шашып жүргөндөй көрүнгөн, кайнаган көп калкы бар чоң шаар дегенди түшүндүрөт", — деди Эшенгулов.

Топонимист кыргызда "семиз" же "жоон" деген аталыштагы жер-суу аттары да эбегейсиз, чоң, зор же калың дегенди туюндурарын кошумчалады.

23
Белгилер:
Темиркул Эшенгулов, терминология
Тема боюнча
Эшенгулов: Алтай — Ала-Тоо деген сөздүн тилдик өзгөргөн варианты
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев

Дүйшөналиев: быйыл кылмыштуулук былтыркыга караганда 26,4%га өстү

33
(жаңыланган 14:18 22.10.2021)
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев 2021-жылдын тогуз айында кылмыштуулуктун саны былтыркыга салыштырмалуу 26,4 пайызга көп катталганын айтты.

Былтыр өлкөдө 52,4 миң кылмыш катталса, бул жылы 66,2 миң мыйзам бузуу аныкталды. Мындай маалыматты Азамат Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дүйшөналиев: быйыл кылмыштуулук былтыркыга караганда 26,4%га өстү

Анын айтымында, кылмыштуулукту алдын алуу иштеринин алкагында быйыл 19,2 миң фактынын бети ачылып, былтыркыга салыштырмалуу 5,9 миң ишке көп болгон.

"2021-жылдын тогуз айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан былтыркыга салыштырмалуу 13 840 фактыга көп катталган. Былтыр өлкөдө 52,4 миң кылмыш катталса, бул жылы 66,2 миң кылмыш аныкталып, ал 26,4 пайызга көп болгон. Кылмыштуулукту алдын алуу иштеринин алкагында өткөн жылга караганда көп фактынын бети ачылган. Алсак, 2020-жылы 13 062, быйыл 19 023 кылмыштын бети ачылды. Алардын көбү уурулук жана алдамчылык фактылары. Үстүбүздөгү жылы алдамчылык фактысы боюнча 9 119 иш белгилүү болду", — деди Дүйшөналиев.

Ошондой эле адис ушул жылы 142 адам өлтүрүү фактысы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 20 учурга көп болгонун кошумчалады.

33
Белгилер:
мыйзам, тергөө, ИИМ, Азамат Дүйшөналиев
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. ИИМ иликтөөсүнүн жыйынтыгы эмне болду
Төлөмүш Океев атындагы Кыргызфильм киностудиясынын директору Акжол Бекболотов

Бекболотов: 2,5 жылда миңге жакын эски фильм санариптештирилет

12
(жаңыланган 14:13 22.10.2021)
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Акжол Бекболотов улуттук киностудия эски тасмаларды санарипке өткөрүп, узак убакытка сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтты.

Эски пленкага тартылган тасмаларды санариптештирүү маселеси азыр гана көтөрүлүп калган жок. Бул тууралуу мага чейинки жетекчилер дагы ойлонгон. Болгону менин багыма жабдыктардын баасы мурдагыдан арзандап, аталган маселени чечүү жолу табылып калды. Азыр санариптештирүүнү Болот Шамшиевдин картиналарынан баштадык. Бул тууралуу Акжол Бекболотов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бекболотов: 2,5 жылда миңге жакын эски фильм санариптештирилет

Анын айтымында, учурда киностудияда миңге жакын тасма бар.

"Кыргызфильм" киностудиясында эгер кырсык чыгып кетсе көптөгөн баалуу архивдик материалдарды жоготуп алуу коркунучу бар эле. Эски пленкага тартылган тасмаларды санариптештирүү маселеси мен билгенден 2010-жылдан бери көтөрүлүп келет. Мурда мындай жабдыктар өтө эле кымбат болгондуктан жетекчилер техниканы ала албай келишкен. Киностудияга жетекчи болуп келгенден кийин мен дагы биринчи кезекте ушул маселенин чечүү жолдорун издеп баштадым. Ошентип Түркиянын кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигине кат жолдодук. Алар кыргыз киностудиясында чындап эле баалуу архивдик материал жатканын түшүнүп, Blackmagic Cintel Scanener сканеринин толук комплексин (UPS-үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо, катуу диск) алып берди. Эң акыркы технологиянын негизинде түзүлгөн жаңы техникалык жабдуунун аркасында киностудия пленкада тартылган картиналарды жогорку сапатта санариптештирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул эски фильмдердин узак сакталышына өбөлгө түзөт. Ошону менен бирге аталган жабдыктын DaVinci Resolve деген программасынын жардамы менен тасмадагы чийик, ар кандай тактарды алып салып, реставрация кылса болот. Программа ак-кара түстөгү тасмага өң бере алат. Бирок биз фильм жаратуучулардын автордук укугун бузбастан кандай болсо ошол бойдон калтырууну чечтик. Архивдеги миңге жакын эски фильмдерди 2,5 жылдын ичинде санариптештирүүнү пландап жатабыз", — деди Бекболотов.

Ал санариптештирилген жогорку сапаттагы картиналар телеканалдар аркылуу көрсөтүлөрүн кошумчалады.

12
Белгилер:
кино, санарип, реставрация, Акжол Бекболотов
Тема боюнча
"Кыргызфильмдеги" шедевр кинолорду санариптөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү
Голос долбоорунун сахнасы. Архив

Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды

0
(жаңыланган 00:18 23.10.2021)
Бишкектик ырчы Адилет Жумабековду дароо үч насаатчы командасына алгысы келди. Ал долбоордогу чыгармасын апасына арнаган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Адилет Жумабеков Россиянын "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү.

Бул шоуда насаатчылар аткаруучуларды артты карап алып угуп, жакса бурулушат. Адилет кесипкөй ырчы эмес экенин, бирок бир нече аспапта ойной турганын айткан.

"Апам төрт баланы жазгыз өстүрдү. Мен музыкалык окуу жайда окучумун, бирок финансылык кыйынчылыктан улам музыкант, ырчы болуп иштеп кеткем. "Голос" долбоору — менин көптөн берки кыялым", — деген Жумабеков.

30 жаштагы бишкектик ырчы долбоордо Boyz II Men — End of the road ырын аткарды. Ал ырдап жатканда Александр Градский, Леонид Агутин менен Дима Билан бурулуп караган. Залда отургандар да ага кол чаап, "Баракелде!" деген. 

Пелагея кыргызстандык ырчынын аткаруусуна таң берген, Агутин стилин жана тембрин баалаган, Билан дагы аны өз командасынан көргүсү келип жатканын билдирген. Натыйжада Жумабеков Биланды тандаган.

0
Белгилер:
Россия, 'Голос' долбоору, ырчы
Тема боюнча
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт