Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС курууну колдойт

© Sputnik / Асель СыдыковаРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков. Архив
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков РКӨФ чакан ГЭС куруу долбоорлорун каржылоого артыкчылык берерин айтты.

Баткен жана Талас облустарында чакан жана ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор каралып, бизнес-план иштелип жатат. Мындай маалыматты Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Курманбеков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС курууну колдойт

Анын айтымында, алыскы аймактарда жеңил өнөр жайга басым жасалууда.

"Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду насыялык каржылоону энергетика тармагына салууда. Өзгөчө кичи гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорго артыкчылык берилип жатат. Биздин абдан чоң гидрологиялык потенциалыбыз бар. Учурда Баткенге чакан ГЭС куруу пландалууда. Ал боюнча тиешелүү иштер жүрүп, жабдуулар орнотула баштады. Мындан тышкары, Таласта көзөмөлдө ири ГЭС долбоору турат, ага бизнес-план иштелип чыгууда. Жакында гана өлкө башчы Ысык-Көлдө эки тигүү цехин ачып келди. Көбүнесе алыскы аймактарда аялдарды колдоо максатында да иш жүргүзүп жатабыз. Фонд насыяларды узак мөөнөткө бергенге аракет кылып, пайыздарын да төмөндөтүү боюнча иштерди жасап келет", — деди Курманбеков.

Ошондой эле адис Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду ишкерлер үчүн атайын маалыматтык кампания уюштуруп, бизнес-план түзүп, долбоорлордун ишке ашышына көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0