Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Курманбеков: РКӨФ Кыргызстанда эң төмөнкү пайыз менен насыя берет

© Фото / пресс-служба РКФРРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков. Архив
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков РКӨФ Кыргызстанда эң төмөнкү пайыз менен ири долбоорлорго узак мөөнөткө насыя берип келерин айтты.

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 535 миллион долларды түздү. Мындай маалыматты Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Курманбеков: РКӨФ Кыргызстанда эң төмөнкү пайыз менен насыя берет

Анын айтымында, фонд ишкерлерге насыяны түзмө-түз жана коммерциялык банктар, микрокредиттик уюмдар аркылуу берген.

"Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 2015-жылы түзүлгөн. Андан бери ишкерлерге эң төмөнкү пайыз менен ири долбоорлорго узак мөөнөткө насыя берип жатат. Насыялар эки багытта берилет: фонд тарабынан түзмө-түз каржылоо жана 14 коммерциялык, үч микрокредиттик уюм аркылуу. Түзмө-түз берилген кредиттин көлөмү бир миллион доллардан жогору болчу. Учурда бул көрсөткүчтүн суммасын ылдыйлатып, алыскы аймактардагы ишкерлер долбоорлору үчүн 200 миң доллардан баштап насыя ала алышат. АКШ доллары менен берилген насыя жылына 4-5 пайыз болсо, сом менен 8-9 пайызды түзөт. Бул өлкөдөгү эң төмөнкү пайыздык чек. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы учурда 535 миллион долларды түзөт", — деди Курманбеков.

Ошондой эле адис долбоорлорго насыя берүүнү улуттук валюта менен жүргүзүү үчүн макулдашуулар жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0