Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: Россиядагы мигранттардын социалдык абалы жакшырып калды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыйкатчы Токон Мамытов
Акыйкатчы Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Акыйкатчы Токон Мамытов Россиядагы эмгек мигранттарынын социалдык-экономикалык маселелери жакшырганын айтты.

Россияда иштеген кыргызстандыктардын медициналык камсыздандыруу, каттоо, балдарды мектепке киргизүү сыяктуу көйгөйлөрүнүн көбү чечилген. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мамытов: Россиядагы мигранттардын социалдык абалы жакшырып калды

Анын айтымында, мекендештердин арасында Эмгек кодексин бузуп, расмий ишке орношпогондор менен тыгыз иш алып баруу кажет.

"Мындан 5-6 жыл мурда Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын чечилбеген түрдүү маселелери болгон. Учурда каттоодон өтүү, медициналык камсыздандыруу, балдарды мектепке киргизүү, жумушка орношуу, эмгек келишимин түзүү сыяктуу көйгөйлөр акырындык менен чечилип, эмгек мигранттарынын социалдык-экономикалык жактан маселелери жакшырып калды. Муну Россиядагы мекендештер да айтып жатышат. Мындан тышкары, биздин жарандар Россиянын мыйзамдарын билбей, Эмгек кодексине баш ийбей эреже бузгандар катталууда. Салыктан качпай, мыйзамсыз иштебей, юридикалык талаптарды аткарып, келишим менен жумуш тапса көйгөй жаралбайт", — деди Мамытов.

Ошондой эле омбудсмен чет жерде жүргөн эмгек мигранттарынын укугу бузулса Акыйкатчы институту тарабынан маселени чечүү үчүн аракеттер көрүлө тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0