Мамлекеттик кадр кызматынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Медербек Исраилов

Исраилов: мамлекеттик кызматкерлердин Японияда акысыз окуу мүмкүнчүлүгү бар

31
Мамлекеттик кадр кызматынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Медербек Исраилов Японияга окууга Кыргызстандан жылына 20 мамлекеттик кызматкер кетерин айтты.

Кыргызстан – Япония ортосунда мамлекеттик башкаруу системасында кадрлардын билим сапатын жогорулатуу боюнча түзүлгөн атайын келишим бар. Анын негизинде JDS программасы каралып, аталган өлкөгө жылына Кыргызстандан 18 магистрант жана эки докторлук даражада билим алууга мамлекеттик кызматкерлер жөнөтүлөт. Бул тууралуу Медербек Исраилов Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Исраилов: мамлекеттик кызматкерлердин Японияда акысыз окуу мүмкүнчүлүгү бар

Анын айтымында, JDS программасы боюнча англис тилин мыкты билген, мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген 40 жашка чейинки кызматкерлер бара алат.

"JDS программасы кыргыз тарап Япониядан мамлекеттик башкаруу багытында тажрыйба алышы үчүн каралган долбоор. Мунун алкагында бизден жылына 20 адам барып билим алып келет. Алар атайын сынактан өткөн соң Японияда эки жыл окушат. Окутуулар англис тилинде жүргүзүлгөндүктөн бул тилди мыкты билгендер талап кылынат. Бардык чыгымдарды япон тарап төлөйт. Эгер жөнөп жаткан стипендиант үй-бүлөлүү болсо бардык үй-бүлө мүчөлөрүн да алып кете алат. 2-3 баласы менен барып окугандарды кезиктирип жүрөбүз. Алардын мектепке жана бала бакчага орношуп, тарбия, билим алышын окуткан тарап өзү көзөмөлдөйт. Эки жылдык окуу мөөнөтү аяктаган соң алар стипендиант учуп кеткенге чейин тыкыр байкоого алып турушат. Башкача айтканда, калып же иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү берилбейт. Эгер бизден барган кадрлар кандайдыр бир себептерден улам окуусун таштап салса, анда кеткен чыгымдарды кыргыз өкмөтү төлөп бериши керек болот. Аталган программа менен мамлекеттик башкаруу багытында, финансист, экономист, эколог же муниципалитеттин кызматкерлери бара алат. Артыкчылык кыз-келиндерге жана аймактан келгендерге берилет", — деди Исраилов.

Ал ошондой эле окууга кеткен кызматкердин бул жактагы жумуш орду келгенче сакталып турарын жана Япониядан келген соң үч жыл мамлекетке иштеп берүүгө милдеттенерин кошумчалады.

31
Белгилер:
Япония, Кыргызстан, окуу, Медербек Исраилов
Тема боюнча
Ниязалиева: Кыргызстанда 251 орус тилдүү жана 611 аралаш мектеп бар
Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) аткаруучу директору Чубак Темиров

Темиров: былтыр Жогорку технологиялар паркы 1,2 млрд. сом киреше тапты

21
(жаңыланган 12:51 15.10.2021)
Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) аткаруучу директору Чубак Темиров аталган мекеме 2021-жылдын аягына чейин 2 миллиард сом киреше табууну пландап жаткандыгын айтты.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Жогорку технологиялар паркынын курамындагы компаниялар 1,2 миллиард сом киреше алып келди. Мындай маалыматты Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Темиров: былтыр Жогорку технологиялар паркы 1,2 млрд. сом киреше тапты

Анын айтымында, ЖТПнын курамын 122 компания түзүп, анда 1 000ден ашык адис иштейт.

"Жогорку технологиялар паркынын түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл болду. Бул аралыкта программалык камсыздоону, маалыматтык жаңы жана жогорку технологияларды иштеп чыгаруунун жергиликтүү индустриясын өнүктүрүүдө чоң эмгек жасады. Учурда ЖТПнын курамында 122 компания иштеп, 1 000ден ашык адис эмгектенет. 2020-жылдын жыйынтыгы менен Жогорку технологиялар паркынын курамындагы компаниялар 1,2 миллиард сом киреше табышты. Биз эми 2021-жылдын аягына чейин 2 миллиард сом табуу планын койдук. Демек, киреше эки эсе өсөт", — деди Темиров.

Ошондой эле адис пандемияга карабастан Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 20 пайызга чейин өскөнүн кошумчалады.

Чубак Темиров Жогорку технологиялар паркы

21
Тема боюнча
Сулайманов: кыргызстандыктар чет өлкөдө IT тармагында окууну самашат
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жугуштуу, паразиттик оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы дарыгери Султан Суранбаев

Суранбаев: таза суу жетпегендиктен 865 187 адам арыктагы сууну колдонот

15
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жугуштуу, паразиттик оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы дарыгери Султан Суранбаев колун жуубагандан улам көбүнчө кичинекей балдар ооруп каларын айтты.

Кир кол аркылуу жугуучу илдеттерге мите оорулары, өткүр ичеги-карын илдеттери жана гепатиттин энтералдык А түрү кирет. Бул тууралуу Султан Суранбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Суранбаев: таза суу жетпегендиктен 865 187 адам арыктагы сууну колдонот

Анын айтымында, таза суунун жетишсиздигинен улам 865 187 киши арыктагы сууну колдонот.

"Сарык оорусунун А түрү менен жыл сайын өлкөдө 10 миңге жакын бейтап катталса, анын 95 пайызын балдар түзөт. Мите оорулары менен 25 миң, ал эми өткүр ичеги-карын дарты менен 16-18 миңдей адам кайрылат. Бул илдетке кабылгандардын 80-90 пайызы жаш балдар. Себеби балдар колду таза алып жүрүү эрежелерин туура аткарышпайт. Ошондой эле учурда Кыргызстанда калк жашай турган 480 аймактагы 865 187 киши таза суунун жетишсиздигинен улам арыктагы сууну колдонот. Кир суу да жогорудагы ооруларды пайда кылат. Андан тышкары, бизде колдонулган сууну бир жерге чогултуп залалсыздандыруу зарылчыгы бар. Себеби аны көрүнгөн жерге төгүп андагы ар кандай микроорганизм, бактериялар, башкача айтканда, оору козгогучтар жер үстүндө калат. Жер иштетип жашылчаларды өстүргөндөн кийин кайра эле тамак-аш аркылуу бактерияларды жеп алабыз", — деди Суранбаев.

Эпидемиолог колду ашыкча самындап жууган дагы кератоз оорусун алып келерин эскертти.

15
Белгилер:
Султан Суранбаев, паразит, бактерия, оору, гепатит
Тема боюнча
Дарыгер Үмүт Саипова: гепатиттин жаңы F жана G түрү аныкталууда
Россиялык Су-25

Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык

0
Афганистанга Ирак жана Сириядан келген террорчулардын топтолушу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурат.

Мындай кырдаал афган чек араларынын түндүк жактагы аймактардын баарында атайын кызматтардын активдешүүсүн жана аскердик күчтөрдүн даярдыгын күчөтүүнү талап кылууда.

13-октябрда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушууда РФ президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнө Афганистандан ирактык жана сириялык тажрыйбасы бар террорчулардын келиши, "түз экспансиянын башталышы" толук ыктымал экенин билдирди. Ошону менен катар биргелешкен атайын операцияларга күч түзүмдөрүнүн алдын ала камылгасынын маанисин баса белгиледи. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко алдыдагы атайын операциялардын даярдыгына токтолду.

Жолугушуу өткөн күнү эле россиялык чалгындоо кызматы Афганистандагы азыркы кырдаалды мурдатан болжогону да белгилүү болду. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети афган территориясынан баңгизат, курал, ок-дарынын агымы күч алганын маалымдады. Бул жакшы жышаан эмес.

Андан мурун РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талибдер Афганистан провинциясын көзөмөлдөөгө чамасы келбей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын айткан эле. "Талибан"* кыймылынын айрым куралдуу топтору Тажикстанга басып кирүүгө да даяр. Ушундай кооптуулуктардан улам ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун) күчтөрүнүн афган чек арасына жакын жерге белгиленген "Аскердик боордоштук – 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык окуулары зарыл жана жетиштүүдөй көрүнөт.

Тажикстандагы Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда 18–23-октябрь аралыгына белгиленген машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан 5 000дин тегерегинде аскер кызматкери катышмакчы.

Окуунун алкагындагы операцияларга курал жана аскердик техниканын 700 бирдиги, анын ичинде 40тан ашуун учак жана тик учак (Су-24МР, Су-25, Ми-8МТВ, Ми-24), ошондой эле ар кыл багыттагы 15 учкучсуз аппарат да бар. Эске салсак, "Аскердик боордоштук – 2021" машыгууларынын жүрүшүндө "Өз ара аракеттешүү", "Издөө", "Эшелон" атайын операциялары өткөрүлөт, бул тууралуу биз да кабарлаган элек.

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров кечээ аскердик күчтөрдүн биргелешкен тобунун күч жана каражаттары көбөйтүлгөнүн кабарлап, окууларда тажик-афган чек арасындагы окуялардын ар кыл нугун, абдан курчуп кеткен вариантына дейре эске аларын белгиледи.

Чабуулчулардын кезеги

ЖККУ боюнча союздаштар Афганистан менен чектешкен аймактарда атайын окууларга даярдыгын аяктап калды. Тажикстанга РФтин Борбордук аскердик округунун фронттук Су-24МР бомбалоочулары, Кыргызстанда жайгашкан "Кант" россиялык авиабазасынын Су-25 чабуулчулары да жеткирилген. Биргелешкен окуулар эң кызып калган убакта учкучтар шарттуу душманды издөө, анын объектилерин жок кылуу, мотоаткычтар бөлүгү жана танкисттердин чабуулуна көктөн ок атуу менен көмөк көрсөтүүгө машыгышат.

Чабуулчу Су-25 жердеги чакан көлөмдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз объектилерин жок кылууга багытталган. Бул – буталар так көрүнгөн шарттарда же 30 метрден 5 чакырымга чейинки бийиктикте Кургактагы күчтөрдү күнү-түнү түздөн-түз колдоодо алмашкыс аскердик бирдик. Су-25тин бурулушунун чакан радиусу (500 метр) чабуул коюучу учкучтарына чабуулду майнаптуу уюштурууга, аскердик запасты (30 миллиметрлик замбирек снаряддары, тескелүүчү жана башкарылбаган ракеталар, түзөтүлчү жана кассеталык аба бомбалары, күчтүү көлөмдүү-жардыруучу аба бомбалары жана күйүүчү май аралашмасы толтурулган челектер) сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Су-25 чабуул коюучу учагынын максималдык аскердик жүгү – 4 тоннадан ашуун. Күчтүү жана универсалдык бул аба бирдиги Афганистанда 1980-жылдардын башында эле өзүн көрсөтө алган. Андан бери бир нече ирет заманга ылайыкташтырылганы да маалым.

Алдыдагы машыгууларга даярдык абдан кызуу жана олуттуу жүрүүдө. Россиялык Борбордук аскердик округунун командачысынын орун басары Алексей Лемякин сириялык тажрыйбаны эске алуу менен Тажикстанда ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо милдеттеринин кеңири түрлөрү аткарыларын айткан.

Айтмакчы, "Аскердик боордоштук – 2021" ыкчам-стратегиялык окууларында ЖККУга мүчө болбогон Өзбекстандын күчтөрү келбегени менен буга чейинки биргелешкен контртеррордук машыгууларга катышканын да белгилей кетели.

Ыкчам жагдай

Талибдердин бул айдагы тышкы саясий активдешүү аракеттери, Дохадагы бир катар маанилүү жолугушуулары, чет элдик гуманитардык жана каржылык жардам алууга, кыймылды эл аралык деңгээлде мыйзамдуу саясий күч катары таанытууга кадамдары деле өлкөнүн мындан аркы экономикалык жана ички саясий бүлгүнүн токтото албачудай. Коңшу мамлекеттер жана Бириккен Улуттар Уюму талибдер инклюзивдик өкмөт куруу жана аялдардын укугун коргоо боюнча убадаларын аткарбаганын белгилеп жатышат.

"Талибандын"* өз "атаандаштарына" каршы туруу далалаттарына карабастан Афганистандын ири шаарларында жана түндүк провинцияларындагы электр чубалгылар линияларын жардыруулар дале токтой элек.

Талибдер өлкө бийлигин кайрадан ээлегенден бери афган жалпыга маалымдоо каражаттарында 17 теракт тууралуу маалыматтар чыкты. Аларга таянсак, көпчүлүгүнүн артында "Ислам мамлекети"* уюму турат. Кабул, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы жардырууларда 600 киши жабыр тартты. Терактылардын баары эле коомго ачыктала калган жок.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги 8-октябрдагы теракт 120 кишинин өмүрүн алып, 160тан ашуун адамды жарадар кылды. 14-октябрда Кунар провинциясында талибдердин уезддик полициясынын начальниги олтурган автомобиль жардырылды. АКШ жана НАТОнун аскердик интервенциялары менен болгон күрөштө "Талибан"* жеңишке жетишкенден бери Афганистанга Ирак жана Сирияда согуштук аракеттерди жүргүзүүдө тажрыйба топтогон ИМ* террорчулары чогула баштады. Бул "баары баарына каршы" согушунун уланышынан коңгуроо кагат.

Калган көйгөйлөрү аз келгенсип, ушул тапта афган калкынын жүрөгүн өйүтүп турган нерсе – өлкөдө бийлик үчүн күрөшкө улам жаңы, мурдагылардан да радикалдуу топтордун жаралышы. Ошондой эле этникалык тажик – кенже Ахмат Масуддун жетекчилигиндеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронту да талибдер менен "эзелки" партизандык күрөшүн улантууда.

ЖККУ Афганистандагы абалды эске алып Тажикстандагы аскердик окууларын, ал эми Россия Душанбеге россиялык аскердик жана аскердик-техникалык жардамын, жакынкы айларда тажик-афган чек арасын материалдык-техникалык жактан бекемдөөгө көмөктөшүүнү уланта берери ажеп эмес.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

0
Белгилер:
Тажикстан, Россия, Афганистан, Сирия, согушкер, 'Талибан' кыймылы, чек ара, машыгуу, курал
Тема боюнча
Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?