Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кемелова: "Чек арасыз жумуш" тиркемеси ЕАЭБ алкагында иш издөөнү жеңилдетет

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек жана иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башкы адиси Асел Кемелова
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек жана иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башкы адиси Асел Кемелова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек жана иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башкы адиси Асел Кемелова "Чек арасыз жумуш" долбоору 2019-жылы башталганын маалымдады.

ЕАЭБ алкагында жумуш жана жумушчуларды издөөгө шарт түзгөн "Чек арасыз жумуш" маалыматтык тутуму ишке кирди. Ал жарандардын иш табуусуна жеңилдиктерди берет. Бул тууралуу Асел Кемелова Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.

Кемелова: "Чек арасыз жумуш" тиркемеси ЕАЭБ алкагында иш издөөнү жеңилдетет

Анын айтымында, ушул жылдын 1-июлунан тарта аталган тиркеме иштей баштап, учурда аны жакшыртуу аракеттери жүрүүдө.

"Евразия экономикалык комиссиянын алкагында 2019-жылы "Чек арасыз жумуш" долбоорун баштоо чечими кабыл алынып, 2021-жылдын июль айынан тарта ишке кирди. Ага Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин маалымат тутуму кирип, Кыргызстандан "Занятость" порталы тутумга кошулду. Долбоордун максаты — ЕАЭБ аймагындагы иш берүүчүлөргө жана жарандарга резюмелерди, жумуш орундарын издөөгө мүмкүнчүлүк түзүү. Ага катталуу үчүн жеке идентификациялык номер аркылуу өздүк кабинетинде каттоодон өтүүсү зарыл. Ошондон кийин маалымат тутумда жайгашкан жумуш же жумушчуларды издөөгө шарт түзүлөт. Эми жарандар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден өзүнө ылайык келген иш таап, орношо алат. Бул жарандардын укугун коргоодо, келишимдин негизинде иш алып барууну жакшыртат", — деди Кемелова.

Ошондой эле ал сервистерди иштетүү үчүн тийиштүү укуктук-ченемдик документтерди тууралоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

Жаңылыктар түрмөгү
0