Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун улгайган адамдар менен иштөө боюнча адиси Салима Аманканова

Аманканова: Кыргызстан боюнча 1500дөн ашуун улгайган адамдарга жардам беребиз

82
Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун улгайган адамдар менен иштөө боюнча адиси Салима Аманканова Кыргызстан боюнча 1 500дөн ашуун кары адамдарды активдүү жашоого үндөп, жардам беришерин айтты.

1-октябрь – Улгайгандардын эл аралык күнүнө карата сентябрь ичинде бир айлык майрамдоо өттү. Анын алкагында Ош шаарында активдүү ата-апалардин концерти өткөрүлдү. Бул тууралуу Салима Аманканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аманканова: Кыргызстан боюнча 1500дөн ашуун улгайган адамдарга жардам беребиз

Анын айтымында, өлкө аймагында улгайгандардын 45тей клубу бар.

"Биз үчүн улгайган адамдар менен иш алып баруу маанилүү багыт. Өлкө аймагындагы оор турмуш шартына кабылган кары адамдарга медициналык, социалдык, гуманитардык жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүлөт. Кыргызстандагы 1 500дөн ашуун улагайып калган адамдарга жардам берип жатабыз. Өлкө ичиндеги ар бир облуста 45ке жакын улгайган адамдардын клубдары ачылган. Ал жакта биздин улуу курактагы жарандар ар кандай ийримдерге катышып, ырдап-бийлеп, спорт менен машыгат. Ошону менен бирге баса албай үйдө жатып калган карыларга ыктыярчылар үй шартында да жардам берет. Азыркы технологиянын өнүккөн заманында аларга жаңы гаджеттерди колдонуу татаалыраак. Биз чоң ата, чоң апаларга компьютер менен иштөө, смартфондорду колдонуу боюнча курс өткөрөбүз. Кары адамдардын психологиясы кичинекей баланыкындай эле болуп калат. Негизи эле улгайгандарга бир нерсе түшүндүрүүдө же кайрылууда балдары же туугандары улуу курактагы адам менен сүйлөшүүдө сезимдерин башкарууну үйрөнүшү керек. Анткени жакындарынын маанайы карыларга абдан оңой жетет, сезилет. Үндүн бийитиги бир калыпта болуп, кыска, түшүнүктүү сөздөрдү колдонгону туура. Мүмкүн болушунча жагымдуу сөздөрдү айтуу керек", — деди Аманканова.

Адис деменция, альцгеймер менен жабыркаган улгайган адамдардын өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн атайын борборлорго же карылар үйүндөгү дарыгерлерге тапшырып берүү туура экенин кошумчалады.

82
Белгилер:
карылар, кам көрүү, долбоор, клуб, Салима Аманканова
Тема боюнча
Камкордукка алынууга толук акылуу. Жапаров улгайгандарды майрамы менен куттуктады
Белгилүү актёр, теле алып баруучу, Эл аралык Чынгыз Айтматов жана Жолдубай Кайыпов атындагы сыйлыктарынын лауреаты Нурдөөлөт Копоев

Копоев: актёрлук кесипти ызадан, таарынычтан улам тандагам

51
Белгилүү актёр, теле алып баруучу, Эл аралык Чынгыз Айтматов жана Жолдубай Кайыпов атындагы сыйлыктарынын лауреаты Нурдөөлөт Копоев быйыл чыгармачылыгына 20 жыл толгонун айтты.

Актёр катары "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр" тасмалары аркылуу элге таанылдым. Бир топ фильмдерде эпизоддук ролдорум бар. Кино жааты аксап калганы менен театрдагы, үн коштоо жаатындагы ишим түзүк эле. Кээде актёрлук кесибим калып калды, алып баруучу болбой эле койбой деп өкүнүп кетем. Бул тууралуу Нурдөөлөт Копоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.

Копоев: актёрлук кесипти ызадан, таарынычтан улам тандагам

Ал актёрлукту ызадан, таарынычтан улам тандаганын белгиледи.

"Нарындын Ат-Башы жергесинин Кара-Булуң айылынан болом. Көп балалуу үй-бүлөнүн он үчүнчү баласымын. Көпчүлүгү ата-энемдин жолун жолдоп кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Убагында атам эки чоң айылды тейлечү. Кесиби уста болгондуктан күнү-түнү эле балка кармап отурчу. Ошентип атамдын артында Төлөмүш Океев тарткан "Устанын өз бактысы" деген фильми, бир топ журналисттердин телеберүүлөрү калды. Мурун "эмне үчүн актёрлукту тандадың?" деп сурашса эле кыялым болчу дей берчүмүн. Кийин ойлоп көрсөм бул кесипти ызадан, таарынычтан улам тандаптырмын. Бир жолу 7-класс кезимде тартуу тобу устаканада атам менен иним Бакдөөлөттү тартышты. Мен да тартылгым келип, аралашайын десем урушуп чыгарып жиберишкен эле. Окууну бүткөндө эжем борборго, Дүйшөн Байдөбөтовго алып келди. Ошентип драма театрда окуп калдым. Москвага окууга сынак башталды. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайда окуп келгендер Козунов деген жетекчиге ким жакса, дароо белги берет дешти. Сынакка кирсем эле ал киши тишимди мактаса эле ого бетер жылмайып күлө бердим. Канча бир тууган экенимди сураганынан 16 десем албай койбосун деп "үч бир туугандын ортончусумун" деп койдум. Себеби ал киши кыргыздын менталитетин жакшы түшүнүп, кичүү бала үйдө ата-энесин карап каларын билчү эле. Биринчи турда эле Козунов "увидимся там" деген жообун айтты. Ошентип Москвада төрт жыл билим алып келдим", — деди Копоев.

Актёр Щепкинди бүтүп келген 20дай улан-кыздын ичинен 2-3 эле бала кесибин улантып кеткенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

51
Белгилер:
алып баруучу, актер, чыгармачылык
Тема боюнча
Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар
Эл аралык ишкердик кеңеш ассоциациясынын укуктук эксперти Жанабил Давлетбаев

Давлетбаев: Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча талаштуу жерлер бар

35
"Эл аралык ишкердик кеңеш" ассоциациясынын укуктук эксперти Жанабил Давлетбаев Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыккан топко бир катар сунуштар берилгенин белгиледи.

Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатканда берилген айрым сунуштар боюнча бирдиктүү чечимге келе элекпиз. Бул тууралуу Жанабил Давлетбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Давлетбаев: Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча талаштуу жерлер бар

Анын айтымында, Салык кызматынын ыйгарым укуктарынын кеңейиши ишкерлерге коркунуч жаратып калышы ыктымал.

"Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыгып жатканда ишкерлер тарабынан бир катар сунуштар берилген. Алардын көпчүлүгү чечилгени менен айрым маселелер боюнча талаштар калууда. Мисалы, Салык кызматы алгачкы тергөө иштерине аралашып жатат. Аталган кызматка салык чогултуудан тышкары функциялардын берилиши кызыкчылыктардын кагылышын шарттайт. Ишкерлерди камакка алуу жана башка коркунучтар жаралышы ыктымал. Ошондуктан экономикалык кылмыштарды иликтөө башка бир көз карандысыз органга өтүшү керек. Мындан тышкары, жалпы салык жана салык эмес төлөмдөрдөн түшкөн каражаттын үч пайызын салык органдары өзүнө ала алат деген норма бар. Бул дагы айрым кооптуулуктарды жаратып коюшу ыктымал. Салык кызматкерлери үч пайызды алыш үчүн жеке кызыкчылыктары пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле салык органдарына банктык маалыматты соттун чечими жок алууга мүмкүндүк берилүүдө. Бул банктык сырдын ачыкталуусу боюнча коркунучтарды жаратат. Google, Facebook, Netflix сыяктуу эл аралык компаниялардан салык алуу боюнча так жазылбай калган. Бул компаниялардан салык алуу туура, бирок ал салыкты колдонуучулар төлөп калбагандай болушу зарыл", — деди Давлетбаев.

Ошондой эле ал накталай эмес төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди 2023-жылга чейин эмес, мөөнөтсүз калтыруу сунушталганын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

35
Белгилер:
салык, экономика, ишкер
Тема боюнча
Мамлекеттик салык кызматына Алтынбек Абдувапов төрага болду
Акылбек Жапаровго Яндекс, Facebook компанияларына салык төлөтүүнү сунушташты
Кабулдун четиндеги талибтер

Кабулдагы терактылар, Багландагы салгылаш. Талибдер көзөмөлдү колдон чыгаргандай

7
Кабулдан чет өлкөлүк күчтөр чыгарылып, Афганистанда америкалык өкмөт кулагандан бери деле ири шаарларда терактылар уланууда.

Өлкөнүн түштүгүндө талибдер саясий атаандаштары менен кармашып, республиканын экономикасы күндөн-күнгө кыйрап барат. Убактылуу өкмөт эл аралык саясий активдүүлүгүн көрсөткөнү менен көп улуттуу 40 миллион калктын мүдөөсүн эске алган жок.

20-октябрда афган борбор калаасынын кыйма-чийме түшкөн Дехмзанг кесилишинде теракт болду. Бул кайгылуу окуяга кейиген аскерий баяндамачы Александр Хроленко Афганистандагы жагдайга кайрадан сереп салган.

Бул каргашанын курмандыктарынын так саны азырынча белгисиз. Middle East Press агенттиги куралчандар кесилиштеги полиция тилкесин аткылап, бир кызматкер набыт болуп, дагы бири жарадар болгон. Кол салгандар изин жашырып кеткен, эч бир топ бул окуяга жоопкерчилик албаганы менен ИМ* уюмунун мурдагы терактыларын эске салат.

Афганистандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ("Талибандын"* мүчөлөрү): "Бүлгүн салуучу күчтөр кырдаалды туруксуздаштырып, жаңы өкмөттү өлкөдөгү, анын ичинде борбор калаадагы абалды көзөмөлдөөгө жөндөмсүз катары көрсөтүүнү көздөп жатат",  — деп билдирүүдө.

Талибдер Афганистандагы ИМ* ишмердигин чет өлкөлүк атайын кызматтар тескейт деп эсептешет. Кантсе да талибдер мамлекеттик башкаруу жана жай жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу аракеттерине караганда "бүлгүн салуучу күчтөр" туруксуздаштырууда кыйла ийгиликтүү болууда.

Ушундай жагдайдан улам Москвада 20-октябрда РФ тышкы иштер министри, Пакистандын атайын өкүлү, талибдердин делегациясынын катышуусунда Афганистан боюнча жолугушуу өттү. Анда аталган өлкөдөгү абал жана гуманитардык каатчылыктын алдын алуу боюнча эл аралык аракеттер талкууланды.

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров афгандыктарга коркунуч негизинен ИМ* жана "Аль-Каид"* тарабынан жаралып жатканын белгиледи. Анын алдында эле РФтин аталган республикадагы элчиси Дмитрий Жирнов талибдердин бийлигин таанууга азырынча эртелик кыларын айткан. Ошентсе да жакын арада Москва Афганистанга гуманитардык жардам жөнөтмөкчү. Ал эми АКШ Каржы министрлиги миллиондогон афгандыктар кабылган капсалаңга карабай Афганистандын мамлекеттик резервдерин ачууга ашыкпайт.

Жардыруулар, салгылаш, экономикалык кыйроо

"Талибан"* кыймылы Пентагон жана НАТО күчтөрү менен кармашта ийгиликке жетишкени Афганистанга Ирак, Сириядагы согуштук аракеттерде бир топ дасыгып калган ИМ* террорчулары агылды. 15-октябрда согушкерлер Кандагардагы шииттердин мечитине чабуул койду, 130дан ашуун адам жабыр тартты. Болгондо да теракты атайын операциядай уюштурулган. Адегенде автоматтык куралдар ок чачып, жанкечти өзүн жардыруу менен аяктаган. Мечитке кол салууга жоопкерчиликти Афганистанда талибдердин бийлигинин негизги атаандашына айланып бараткан "Ислам мамлекети"* мойнуна алды.

Кабулдагы америкалык өкмөт кулагандан бери эле афган маалымат каражаттарында 17 теракты тууралуу кабарланды. Көпчүлүгүнүн аркасында "Ислам мамлекети"* турат. Борбордогу, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы терактыларда 600 чакты киши жабырланган.

8-октябрда Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги жардыруу 120 кишинин өмүрүн алды. 160тан ашуун адам жаракат алды. Терактылар ачык эле талибдерге каршы мүнөздө. Мисалга, 3-октябрда Кабулдагы Идгах мечити таасирдүү талибдердин бири Забихулла Мужахиддин апасын узатуу зыйнаты өтүп жаткан маалда жардырылды.

Түндүктөгү Баглан провинциясынын аймагында талибдер Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун кошуундары менен салгылашууда. Эске салсак, аталган кыймылды тажик тектүү кенже Ахмад Масуд жетектейт. Пули-Хисар жана Дих-Салах уезддеринде талибдер 60 жоокеринен айрылып, чегинүүгө аргасыз болушту.

Ахмад Масуд мекендештерине террорчул "Талибан"* кыймылынын бийлигине каршы көтөрүлүүгө кайрадан чакырык таштады. Анан да өзү башында турган каршылык көрсөтүү күчтөрү "Панжшер өрөөнүн куткаруу ниетинен" кайтпай турганын белгиледи. Андан мурдараак Масуддун кошуундары "Гиндукуштагы партизандык аракеттер Пакистанга "Талибанга"* түз жардам көрсөтүүгө" жол бербестигин жар салган. Ошол себептен Панжшер провинциясын толук көзөмөлгө алды деген талибдердин маалыматы чындыкка коошобу деген түкшүмөл суроолорду жаратат.

"Талибан"* бийлигине "ички легитимдүүлүк" жетишпей турганы анык. Мунсуз жаңы бийликтин эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы мүмкүн эмес экенин айтат Афган ислам республикасынын мурдагы президенти Хамид Карзай.

Тажик-афган чек арасынан күн сайын Афганистандан 600гө чукул жаран өтүүгө жан үрөйт. Тажикстанда алардын саны 15 миңден ашып калды. Мыйзамсыз афган качкындарынын алды Польша чек арасына дейре жетти.

"Эмирликте" азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы өсүүдө. Эл аралык валюталык фонд 2021-жылы афган экономикасы 30 пайызга төмөндөйт деп жоромолдоодо. Ошол эле убакта Дүйнөлүк банк, АКШ Каржы министрлиги сымал эле аталган фонд да талибдердин ресурстарды алышына бөгөт койгон.

Сыягы учурда өлкөдө кармана турган жалгыз киреше булагы маңзат трафиги жана кызыкдар коңшуларга америкалыктар калтырып кеткен куралдарды сатуу же алмашуу жолу гана калды өңдөнөт.

Чек арадагы кырдаал

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Москвада талибдер менен гуманитардык маселени чечип жатса, коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстан жана Өзбекстан аймагында афган чек араларына жакын жерлерде аскердик машыгууларга көз салууда. Россиялык эки министр тең Россия жана өз союздаштарынын коопсуздугун ар кыл ыкмалар менен камсыздоо далалатында.

Афганистанда жыйырманын тегерегинде террордук топ бар. Алардын айрымдары Борбор Азияга басып кирүүгө даяр. Маселен, экстремисттик "Хаккани түйүнү"* бийликтеги "Талибандын"* курамында туруп да өз алдынча аракеттерге барып, "Аль-Каида"* менен тыгыз байланышта.

Россиянын президенти Владимир Путин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын башчылары менен жолукканда Афганистандын түндүгүндө ИМдин* эки миңге чукул согушкери турганын кабарлап, Афганистан чек арасында террорчуларды биргеликте ооздуктоого чакырган.

Географиялык коңшулардын реакциясы мыйзам ченемдүү. Тажикстандын Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө алты мамлекеттин күчтөрү Афганистандан күтүлгөн террорчулардын мизин ыкчам кайтаруунун варианттарын иштеп чыгууда.

"Эшелон", "Издөө" атайын операцияларын жана ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн биргелешкен машыгууларын Россиянын Борбордук аскердик округунун командачысы Александр Лапин жеке өзү көзөмөлдөөдө. Аскердик окууларга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан 4000 жоокер катышып, 500дөн ашуун аскердик техника тартылган.

Тажикстандагы бул иш-чарада душмандын жерин аныктап, жок кылуучу жаңы технологиялар сыналып, мобилдик радиолокациялык станциялар, чалгындоочу-сокку уруучу дрондор, ыраактан көзгө атар винтовкалар, радио электрондук күрөш тутумдары пайдаланылууда.

Кыргызстандагы россиялык "Кант" авиабазасынын төрт даана СУ-25 чабуул коюучу учагынын Тажикстанга жеткирилиши да авиациялык күчтү даана көрсөтүүдө. Булардын баары көйгөйлүү республикага чектеш аймактарда күтүлгөн куралдуу кагылыштардын баштапкы баскычында басып, чечкиндүү сокку урууга мүмкүндүк берет. Россиялык аскерлер Борбор Азия өлкөлөрүндө жок жогорку технологиялык курал жана аскердик тажрыйбага ээ экенин белгилей кетели.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

7
Белгилер:
Афганистан, Кабул, Теракт, согуш, техника, көзөмөл, 'Талибан' кыймылы
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Күндүн жарыгын көрбөгөн кыз-келиндер... Талибдерди бийликке алып келген 7 учур