Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Унаа мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев

Шералиев: бир жыл ичинде калкты тейлөөнүн оpen space форматына өттүк

44
(жаңыланган 14:17 01.10.2021)
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды тейлөө боюнча борбору жаңы форматтагы "бирдиктүү терезе" принцибинде иштээрин айтты.

Биз бир жыл ичинде калкты тейлөөнүн оpen space деп аталган жаңы форматына өттүк. Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды тейлөө боюнча жаңы борборлору кыргызстандыктарга мамлекеттик кызматтарды тез жана сапаттуу көрсөтүү менен убактысын үнөмдөөгө, ошондой эле мекеменин кызматкерлерине татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Бакытбек Шералиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Шералиев: бир жыл ичинде калкты тейлөөнүн оpen space жаңы форматына өттүк

Анын айтымында, жаңы форматтагы Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды тейлөө боюнча борборлору автокөлүктү каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү чөйрөсүндө кызматтардын толук спектрин алууну жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан.

"Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды тейлөө боюнча борбору жарандардын муктаждыктарын аткарууда мамлекет менен коомдун ортосундагы аралыкты кыскартууга багытталган. Президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында заманбап ыкмаларды колдонуу менен сапаттуу тейлөө шарттары түзүлдү. Эми кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн, автоунаа номерин алуу жана каттоо, транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн зарыл болгон бардык иштерин бир комплекстин ичинде ала алышат. Ошол эле учурда бардык процедуралар жөнөкөйлөштүрүлүп, электрондук кезек киргизилген. 2020-жылы 13-ноябрда алгачкы жаңы форматта иштеген автоунааларды тейлөө борбору Бишкекте, андан кийин Талас, Кара-Балта, Каракол жана башка жерлерде ачылды. Мында система толук автоматташтырылып, бирдиктүү тутум менен иштеп жатабыз. Мисалы, сиз Таласка барып калып, бирок каттооңуз Бишкекте болсо, ошол аймактагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнө барсаңыз болот. Мындайча айтканда бир бөлүмдөн бардык кызматты колдонсо болот. Учурда Кыргызстан боюнча 27 бөлүм бар", — деди Шералиев.

Аткаминер өлкөнүн бир нече шаарында да жаңы форматтагы автоунааларды тейлөө борбору ачыларын кошумчалады.

44
Белгилер:
унаа, каттоо, Калкты тейлөө борбору, мамлекет, кызмат, Бакытбек Шералиев
Тема боюнча
Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасы түзүлөт
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев

Дүйшөналиев: быйыл кылмыштуулук былтыркыга караганда 26,4%га өстү

22
(жаңыланган 14:18 22.10.2021)
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев 2021-жылдын тогуз айында кылмыштуулуктун саны былтыркыга салыштырмалуу 26,4 пайызга көп катталганын айтты.

Былтыр өлкөдө 52,4 миң кылмыш катталса, бул жылы 66,2 миң мыйзам бузуу аныкталды. Мындай маалыматты Азамат Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дүйшөналиев: быйыл кылмыштуулук былтыркыга караганда 26,4%га өстү

Анын айтымында, кылмыштуулукту алдын алуу иштеринин алкагында быйыл 19,2 миң фактынын бети ачылып, былтыркыга салыштырмалуу 5,9 миң ишке көп болгон.

"2021-жылдын тогуз айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан былтыркыга салыштырмалуу 13 840 фактыга көп катталган. Былтыр өлкөдө 52,4 миң кылмыш катталса, бул жылы 66,2 миң кылмыш аныкталып, ал 26,4 пайызга көп болгон. Кылмыштуулукту алдын алуу иштеринин алкагында өткөн жылга караганда көп фактынын бети ачылган. Алсак, 2020-жылы 13 062, быйыл 19 023 кылмыштын бети ачылды. Алардын көбү уурулук жана алдамчылык фактылары. Үстүбүздөгү жылы алдамчылык фактысы боюнча 9 119 иш белгилүү болду", — деди Дүйшөналиев.

Ошондой эле адис ушул жылы 142 адам өлтүрүү фактысы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 20 учурга көп болгонун кошумчалады.

22
Белгилер:
мыйзам, тергөө, ИИМ, Азамат Дүйшөналиев
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. ИИМ иликтөөсүнүн жыйынтыгы эмне болду
Төлөмүш Океев атындагы Кыргызфильм киностудиясынын директору Акжол Бекболотов

Бекболотов: 2,5 жылда миңге жакын эски фильм санариптештирилет

7
(жаңыланган 14:13 22.10.2021)
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Акжол Бекболотов улуттук киностудия эски тасмаларды санарипке өткөрүп, узак убакытка сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтты.

Эски пленкага тартылган тасмаларды санариптештирүү маселеси азыр гана көтөрүлүп калган жок. Бул тууралуу мага чейинки жетекчилер дагы ойлонгон. Болгону менин багыма жабдыктардын баасы мурдагыдан арзандап, аталган маселени чечүү жолу табылып калды. Азыр санариптештирүүнү Болот Шамшиевдин картиналарынан баштадык. Бул тууралуу Акжол Бекболотов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бекболотов: 2,5 жылда миңге жакын эски фильм санариптештирилет

Анын айтымында, учурда киностудияда миңге жакын тасма бар.

"Кыргызфильм" киностудиясында эгер кырсык чыгып кетсе көптөгөн баалуу архивдик материалдарды жоготуп алуу коркунучу бар эле. Эски пленкага тартылган тасмаларды санариптештирүү маселеси мен билгенден 2010-жылдан бери көтөрүлүп келет. Мурда мындай жабдыктар өтө эле кымбат болгондуктан жетекчилер техниканы ала албай келишкен. Киностудияга жетекчи болуп келгенден кийин мен дагы биринчи кезекте ушул маселенин чечүү жолдорун издеп баштадым. Ошентип Түркиянын кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигине кат жолдодук. Алар кыргыз киностудиясында чындап эле баалуу архивдик материал жатканын түшүнүп, Blackmagic Cintel Scanener сканеринин толук комплексин (UPS-үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо, катуу диск) алып берди. Эң акыркы технологиянын негизинде түзүлгөн жаңы техникалык жабдуунун аркасында киностудия пленкада тартылган картиналарды жогорку сапатта санариптештирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул эски фильмдердин узак сакталышына өбөлгө түзөт. Ошону менен бирге аталган жабдыктын DaVinci Resolve деген программасынын жардамы менен тасмадагы чийик, ар кандай тактарды алып салып, реставрация кылса болот. Программа ак-кара түстөгү тасмага өң бере алат. Бирок биз фильм жаратуучулардын автордук укугун бузбастан кандай болсо ошол бойдон калтырууну чечтик. Архивдеги миңге жакын эски фильмдерди 2,5 жылдын ичинде санариптештирүүнү пландап жатабыз", — деди Бекболотов.

Ал санариптештирилген жогорку сапаттагы картиналар телеканалдар аркылуу көрсөтүлөрүн кошумчалады.

7
Белгилер:
кино, санарип, реставрация, Акжол Бекболотов
Тема боюнча
"Кыргызфильмдеги" шедевр кинолорду санариптөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү

Сасык тумоону алдын алып жатасызбы?

0
0