Юстиция министрлигинин долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова

Сулайманова: Ош, Бишкек шаарларынын макамын теңдештирүү сунушталууда

65
(жаңыланган 16:32 04.10.2021)
Юстиция министрлигинин долбоорлорду жана актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башкы адиси Айнура Сулайманова жаңы кабыл алынган Конституция боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.

Жаңы Конституцияда Ош жана Бишкек шаарларынын статустарын теңдеп, бир мыйзам менен иштөө сунушталган. Бул тууралуу Айнура Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.

Сулайманова: Ош, Бишкек шаарларынын макамын теңдештирүү сунушталууда

Анын айтымында, буга чейин эки шаар эки башка мыйзамдын негизинде иш алып барып келген.

"Жаңы кабыл алынган Конституция ушул жылдын 5-майынан тарта күчүнө кирди. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору президенттин сайтында илинип турат. Алардын биринде Ош жана Бишкек шаарларынын макамын теңдөө каралган. Ага ылайык, эки калаа бир мыйзам алкагында иш алып барган республикалык маанидеги шаарлар болот", — деди Сулайманова.

Адис элди мыйзам долбоорлорун талкуулоого активдүү катышууга чакырды.

65
Белгилер:
Айнура Сулайманова, Бишкек, Ош, макам
Тема боюнча
Сулайманова: мыйзамдарды инвентаризациялоо ушул жылда бүтүшү керек
1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев

Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек

6
1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Баткен коогалаңына катышкан жоокерлердин статусу каралышы керектигин айтты.

Баткенчи-жоокерлердин эрдиги бааланып, мамлекет тарабынан ар бирине колдоо көрсөтүлүшү керек. Мындай пикирин Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек

Анын айтымында, Баткен окуясына катышкан жоокерлердин статусуна байланышкан маселе согуш жыйынтыкталгандан бери көтөрүлүп, чечилбей келет.

"Баткен согушуна катышкан жоокерлерге статус берүү тууралуу маселе 1999-жылдан бери көтөрүлүп келет. Башында ошол учурдагы өлкө башчысынын жарлыгы менен жоокерлерди колдоо максатында 3000 сомдон берилип турган. Кийинчерээк аны алып салышкан. Бүгүнкү күнгө чейин коогалаңдын катышуучуларынын статусу көтөрүлсүн деп аракет көрүп келебиз. Мисалы, афган согушунун ардагерлери ай сайын 6 миң, майып болгондор 7 миң, каза болгон жоокерлердин ата-энелери миң сомдон мамлекеттен акча алышат. Мекен алдында өзүнүн аскердик милдетин так аткарып, берген антына бекем туруп, ѳлкѳбүздүн эгемендиги үчүн ѳмүрүн берген жоокерлерибиздин эмгеги бааланышы абзел", — деди Чотбаев.

Ошондой эле генерал-полковник учурда Баткен окуясына катышкан жоокерлер болгону киреше салыгынан бошотулганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

6
Белгилер:
Абдыгул Чотбаев, Баткен окуясы, жоокер, статус, чек ара, согуш
Тема боюнча
Токон Мамытов: чек ара көйгөйүн чечпесе Баткен окуясы кайталанышы мүмкүн
Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев

Арзыбаев: ун тартыштыгы болбойт

16
Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу жаатында көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтып берди.

Кыргызстанда буудай, кумшекер жана өсүмдүк майы эң көп керектелүүчү азык. Бул тууралуу Бексултан Арзыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арзыбаев: ун тартыштыгы болбойт

Анын айтымында, Кыргызстандагы эң негизги стратегиялык товар — ун, андан тартыштык жаралбайт.

"Азык-түлүктүн баасы дүйнө жүзүндөгү продукциянын тартыштыгынан улам көтөрүлүп жатканы белгилүү болду. 2021-жылы суунун аздыгы да байкалды. Анын кесепетинен дан өсүмдүктөрү 20 пайызга аз өстүрүлдү. Биз ундун тартыштыгы болорун божомолдогонбуз. Анын алдын алуу үчүн жергиликтүү тегирменчилер, Айыл чарба жана Экономика министрликтери келишим түзгөн. Ага ылайык, тегирменчилер буудайдын калдыгы кебекти 17 сомдон жогору сата алышпайт. Биз анын ордуна Казакстандан импорттолгон ундун салыгынан бошотобуз. Келишим кабыл алынганга чейин сегиз тегирмен иштесе, андан кийин бардык облустар боюнча жалпы 23 тегирмен иштеп жатат. Андан тышкары, ар бир тегирменчи кампасында эки миң тоннадан буудай запас сактай турганы айтылган. Ошондо учурда 60 миң тонна буудай бар. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн 1,5 миллиард сомго резервге кошумча буудай алынды. Эгерде ундун баасы кымбаттай турган болсо биз интервенция кылып кампадагы товарды рынокко чыгарабыз. Кыргызстанда буудай, кумшекер жана өсүмдүк майы эң көп керектелүүчү продукт. Ал эми өсүмдүк майынын 80 пайызын Россия менен Украина өндүрөт. Быйыл ал жакта күн караманын түшүмдүүлүгү абдан жакшы болду. Демек, алдыда баа өспөшү керек. Кошумча кумшекер менен майга мамлекет 318 миллион сом берген. Орто Азия чөлкөмүндө азык-түлүккө тартыштык жаралгандыктан биздеги товарлардын сыртка чыгып кетүү коркунучу пайда боло баштаган. Алсак, жүгөрү, арпа тоют өсүмдүктөрүнө болгон муктаждык Тажикстан, Кытай, Өзбекстанда өстү. Мисалы, бизде жүгөрү 21-23 сом болсо, коңшу өлкөлөрдө сегиз сомго кымбат. Эгер сыртка чыгарылса тоютка болгон баа, ошону менен бирге эт, сүттүн наркы да көтөрүлөт. Андыктан бул товарларды экспорттоого тыюу салынган", — деди Арзыбаев.

Адис баанын туруктуулугун камсыздоо үчүн Айыл чарба министрлиги жарманкелерди уюштуруп, ал эми Монополияга каршы агенттиги атаандаштыкка шарт түзүп берип жатканын кошумчалады.

16
Белгилер:
азык-түлүк, коопсуздук, баа, айыл чарба, Бексултан Арзыбаев
Тема боюнча
Путин: азык-түлүккө болгон кризис дүйнөдө мындан ары да курчушу мүмкүн