Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Оморканов: Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даяр

© Sputnik / Бегайым КасымбековаХоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов
Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов 2022-жылдын март айында Бишкекте IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөрүн айтты.
2020-жылы мартта өтө турчу мелдеш коронавирус пандемиясына байланыштуу жылып калган. Бул тууралуу Анвар Оморканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Оморканов: Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даяр
Анын айтымында, кээ бир өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон сакталгандыктан, абалды эске алуу менен Эл аралык хоккей федерациясы мелдештерди өткөрүү боюнча ноябрда чечим кабыл алат.
"IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатын Бишкекте 2020-жылы өткөрмөкпүз. Мелдештин башталарына 3-4 күн калганда турнир токтотулган. Спорттук арена жогорку деңгээлде даярдалган, жадагалса Эл аралык хоккей федерациясынан медалдарды колго алганбыз. Азыр эми календарлык планда дүйнө чемпионатын өткөрүү убактысы 2022-жылдын 3-9-мартында деп турат. Айваз Оморканов Эл аралык федерациянын вице-президенти катары ноябрда Цюрихте бардык турнирлер боюнча талкууга катышат. Анткени учурда кээ бир өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаал дале курч. Көп жерлерде спорттук ареналар жабык болгондуктан машыгуулар да болбой калды. Чет өлкөдөн кайтып келгендер үчүн карантиндик режимдер күчүндө. Ошол себептен Эл аралык хоккей федерациясынын чечиминен соң толук маалымат берилет", — деди Оморканов.
Ошондой эле адис Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүү үчүн өспүрүмдөргө көңүл бурулуп жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0