Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ырсалиев: мал чарбачылыгы жаңгак токойлоруна коркунуч жаратууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиев
Айыл чарба министрлигинин Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин Токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиев республика боюнча 450 айыл өкмөт болсо, анын 282си токойлордо же ага жакын аймакта жайгашып, ал жактагы калктын саны эки миллионго чукул экенин маалымдады.
Жаңгак токойлорунун табигый калыбына келүү процесси бузулууда. Буга бир катар себептер бар. Мындай маалыматты Бакыт Ырсалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Ырсалиев: мал чарбачылыгы жаңгак токойлоруна коркунуч жаратууда
Анын айтымында, 200 миңге чукул жаран жаңгак токою жайгашкан аймактарда жашайт.
"Жаңгак токойлордун арасында жана жакын аймактарда 200 миңге жакын адам жашайт. Жалал-Абад облусунда жаңгак токоюна жакын жайгашкан аймактарда айдоо, кайрак жерлер абдан аз болгондуктан элдин негизги каражат булагы — мал чарбачылыгы. Соңку убакта малдын башы өсүп, токойлорго коркунуч жаратууда. Негизи бир гектар жерге бир бодо мал жана төрт майда жандык туура келет. Учурда бул сан мындан бир нече көп. Алыскы жайлоолордон түшкөн мал дагы ошол токойлорго жайылууда. Жыйынтыгында жаңгак токоюндагы табигый калыбына келтирүү процесси жайлап, ал эми отургузган көчөттөрдү мал жеп коюуда. Ошондуктан кошумча каражат бөлүп, токойду тор менен тосуп корууга туура келип жатат. Буга утурлай эле жергиликтүү тургундар токойдон отун кыюуда. Мындан улам ошол аймактарда көмүр базалары түзүлүп, элге арзан берилсе деген сунуштар айтылып жатат. Анан элге жаңгактын мөмөсү кошумча киреше экенин, ага аяр мамиле кылуу керектигин түшүндүрүү зарыл. Маселен жаңгак жерге түшүп андан жаңы көчөт өсүп чыгышы керек, бирок жергиликтүү эл эч нерсе калтырбай терип кетүүдө. Бул дагы токойдун экосистемасынын бузулушуна алып келет", — деди Ырсалиев.
Ошондой эле картайган жаңгак бактарын азайтуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0