Кыргызстандагы акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров

Аскеров: жашы өткөн кыздар гормоналдык контрацепция колдонушу керек

136
(жаңыланган 14:31 05.10.2021)
Кыргызстандагы акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров жашы өтүп балалуу боло элек кыздар гормоналдык контрацепция ичиши керектигин айтты.

Эрте же кеч кош бойлуу болгондор же экинчи никесинен боюна бүткөн келиндерде тондун оорусу (преэклампсия) көп кездешүүдө. Бул аялды өлтүрөт же майып кылат, түйүлдүккө да терс таасир этет. Ошондуктан бул аялдар кош бойлуулукка жакшылап даярданышы зарыл. Бул тууралуу Арсен Аскеров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аскеров: жашы өткөн кыздар гормоналдык контрацепция колдонушу керек

Анын айтымында, азыр жыныстык жол аркылуу жугуучу көп оорулар симптомсуз өрчүп жатат. Андыктан оору жугузуп албоо үчүн сексуалдык жүрүм-турумду көзөмөлдөө керек.

"Балалуу болууга даярдануу же контрацепция колдонуу жоопкерчилигин эркектер аялдарга жүктөп койгон. Биздин менталитеттен улам, жалпы калктын түшүнүгү, билимдин аздыгынан бул нерсеге көңүл бөлө беришпейт. Жадагалса элетте сөз болом деп жөнөкөй эле презерватив сатып алуудан уялган эркектер бар. Эгерде пландалбаган кош бойлуулуктун, туруктуу өнөктөш болбосо жыныстык жол аркылуу оору жугузуунун алдын алуу үчүн сөзсүз презерватив колдонуу зарыл. Учурда карьера деп балалуу болууну арткы планга койгон кыздар ай сайын айыз келгенде организмин талкалай бербей, коргонуу үчүн жакшы гормоналдык контрацепция колдонушу керек. Мурдагыдай контрацепция ичсем башка органдарым талкаланат деп коркпогула. Ооба, илгерки таблеткалардын пропорциясы, дозасы туура эмес болгондуктан кооптуу болчу. Ал эми азыр фармкомпаниялар илимий жактан жакшы изилденип иштелип чыккан дарылоочу жөндөмгө ээ каражаттарды чыгарып жатат. Мисалы, аталган таблеткалар ичеги, жумуртканын, жатындын рагын алдын алат. Ошону менен бирге териси, мээси тазаланып жакшы урук даярдалат. Бул мырзаларга да тиешелүү", — деди Аскеров.

Дарыгер гормоналдык таблеткаларды адистин кеңеши менен кабыл алуу керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

136
Белгилер:
Арсен Аскеров, ден соолук, таблетка, контрацепция
Тема боюнча
COVID курсактагы түйүлдүккө кандай кесепетин тийгизет? Жаңы иликтөө
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев

Дүйшөналиев: быйыл кылмыштуулук былтыркыга караганда 26,4%га өстү

34
(жаңыланган 14:18 22.10.2021)
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев 2021-жылдын тогуз айында кылмыштуулуктун саны былтыркыга салыштырмалуу 26,4 пайызга көп катталганын айтты.

Былтыр өлкөдө 52,4 миң кылмыш катталса, бул жылы 66,2 миң мыйзам бузуу аныкталды. Мындай маалыматты Азамат Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дүйшөналиев: быйыл кылмыштуулук былтыркыга караганда 26,4%га өстү

Анын айтымында, кылмыштуулукту алдын алуу иштеринин алкагында быйыл 19,2 миң фактынын бети ачылып, былтыркыга салыштырмалуу 5,9 миң ишке көп болгон.

"2021-жылдын тогуз айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан былтыркыга салыштырмалуу 13 840 фактыга көп катталган. Былтыр өлкөдө 52,4 миң кылмыш катталса, бул жылы 66,2 миң кылмыш аныкталып, ал 26,4 пайызга көп болгон. Кылмыштуулукту алдын алуу иштеринин алкагында өткөн жылга караганда көп фактынын бети ачылган. Алсак, 2020-жылы 13 062, быйыл 19 023 кылмыштын бети ачылды. Алардын көбү уурулук жана алдамчылык фактылары. Үстүбүздөгү жылы алдамчылык фактысы боюнча 9 119 иш белгилүү болду", — деди Дүйшөналиев.

Ошондой эле адис ушул жылы 142 адам өлтүрүү фактысы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 20 учурга көп болгонун кошумчалады.

34
Белгилер:
мыйзам, тергөө, ИИМ, Азамат Дүйшөналиев
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. ИИМ иликтөөсүнүн жыйынтыгы эмне болду
Төлөмүш Океев атындагы Кыргызфильм киностудиясынын директору Акжол Бекболотов

Бекболотов: 2,5 жылда миңге жакын эски фильм санариптештирилет

12
(жаңыланган 14:13 22.10.2021)
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Акжол Бекболотов улуттук киностудия эски тасмаларды санарипке өткөрүп, узак убакытка сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтты.

Эски пленкага тартылган тасмаларды санариптештирүү маселеси азыр гана көтөрүлүп калган жок. Бул тууралуу мага чейинки жетекчилер дагы ойлонгон. Болгону менин багыма жабдыктардын баасы мурдагыдан арзандап, аталган маселени чечүү жолу табылып калды. Азыр санариптештирүүнү Болот Шамшиевдин картиналарынан баштадык. Бул тууралуу Акжол Бекболотов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бекболотов: 2,5 жылда миңге жакын эски фильм санариптештирилет

Анын айтымында, учурда киностудияда миңге жакын тасма бар.

"Кыргызфильм" киностудиясында эгер кырсык чыгып кетсе көптөгөн баалуу архивдик материалдарды жоготуп алуу коркунучу бар эле. Эски пленкага тартылган тасмаларды санариптештирүү маселеси мен билгенден 2010-жылдан бери көтөрүлүп келет. Мурда мындай жабдыктар өтө эле кымбат болгондуктан жетекчилер техниканы ала албай келишкен. Киностудияга жетекчи болуп келгенден кийин мен дагы биринчи кезекте ушул маселенин чечүү жолдорун издеп баштадым. Ошентип Түркиянын кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигине кат жолдодук. Алар кыргыз киностудиясында чындап эле баалуу архивдик материал жатканын түшүнүп, Blackmagic Cintel Scanener сканеринин толук комплексин (UPS-үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо, катуу диск) алып берди. Эң акыркы технологиянын негизинде түзүлгөн жаңы техникалык жабдуунун аркасында киностудия пленкада тартылган картиналарды жогорку сапатта санариптештирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул эски фильмдердин узак сакталышына өбөлгө түзөт. Ошону менен бирге аталган жабдыктын DaVinci Resolve деген программасынын жардамы менен тасмадагы чийик, ар кандай тактарды алып салып, реставрация кылса болот. Программа ак-кара түстөгү тасмага өң бере алат. Бирок биз фильм жаратуучулардын автордук укугун бузбастан кандай болсо ошол бойдон калтырууну чечтик. Архивдеги миңге жакын эски фильмдерди 2,5 жылдын ичинде санариптештирүүнү пландап жатабыз", — деди Бекболотов.

Ал санариптештирилген жогорку сапаттагы картиналар телеканалдар аркылуу көрсөтүлөрүн кошумчалады.

12
Белгилер:
кино, санарип, реставрация, Акжол Бекболотов
Тема боюнча
"Кыргызфильмдеги" шедевр кинолорду санариптөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү
Стамбул шаары, Түркия. Архив

Кыргызстандык жаш режиссёрдун тасмасы эл аралык фестивалда 3-орунга татыды

0
Фестивалга Түркиядан тышкары Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Азербайжан, Македония жана Түндүк Кипрдин таланттары катышкан.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык жаш режиссёр Айкөл Нурланбек уулунун "Мээрман" тасмасы Стамбул шаарында "Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары" фестивалында үчүнчү орунга татыды. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлады.

"Буга чейин менин фильмим Кыргызстанда эки фестивалга катышып, бирөөсүндө баш байгени жеңип, экинчисинде "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" болгон. Эми эл аралык сынакта үчүнчү орунду алды. Эгер мен тарткан тасма байгелүү орунга татыса, ушул багытка көңүл коюп, болгон күчүмдү жумшайм деп сөз бергем. Азыр абдан кубанып турам", — деди Нурланбек уулу.

Даректүү тасмалар фестивалы ушуну менен алтынчы жолу уюштурулуп, быйыл "Түрк маданияты жана дүйнөгө түрк көз карашы" деген ураан менен өткөрүлдү.

Фестивалга Түркиядан тышкары Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Азербайжан, Македония жана Түндүк Кипрдин таланттары катышкан.

0
Белгилер:
Түркия, тасма, фестиваль, байге, Айкөл Нурланбек уулу
Тема боюнча
Кыргызстандан барган тасма Алматыда "Мыкты фильм" аталды. Видео
Сиз көрдүңүз беле? XXI кылымдагы эң мыкты 100 сериал тизмектелди
Бекболотов: 2,5 жылда миңге жакын эски фильм санариптештирилет