Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакиров: кезинде уйлар жылына 4200 литр сүт берсе, азыр 2006 литр чыгат

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник управления пастбищно-племенного животноводства Минсельхоза КР Турсунбек Бакиров
Начальник управления пастбищно-племенного животноводства Минсельхоза КР Турсунбек Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин бөлүм башчысы Турсунбек Бакиров малды асылдандыруу жаатында көрүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Малдын саны көбөйүп, жайыттар деградация болууда. Андыктан малдын санынан сапатына өтүү зарыл. Бул тууралуу Турсунбек Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бакиров: кезинде уйлар жылына 4200 литр сүт берсе, азыр 2006 литр чыгат
Анын айтымында, бул үчүн "Кыргыз Республикасында ферма жана заводдорду асыл тукум статусунан ажыратуу жөнүндө" өкмөттүн токтому коомдук талкууга коюлду.
"Өлкөдө майда жандыктын саны 7 миллионго жакындады, бодо мал 1 миллион 200 миңден ашты, ал эми жылкы 450-500 миңге чукулдады. Жайыттар жетишсиз болуп, деградацияланууда. Мисалы, учурда саан уй 850-900 миң башка жетип калды. Бир уй жылына орточо 2006 литр сүт берүүдө. Союз маалында бул көрсөткүч чарбаларда 3200-3600, заводдордо 4200 литрден ашчу. Мындан биз мал чарбачылыгында сандан сапатка өтүү зарылчылыгы келип чыкканын көрөбүз. Ошондо малдын саны азайып, берген продукциясы жогору болот деген бжомол бар. Учурда асылдандыруу жаатында тийиштүү аракеттер көрүлүп, өкмөттүн токтомуна толуктоолор киргизилди. Мындан тышкары, асыл тукум чарба статусун берүү боюнча токтомго өзгөртүүлөр киргизилет", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал асыл тукум макамы бар 263 чарбага мониторинг жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0