Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шатманов: Ысык-Көлдө беш туристтик тейлөө борбору ачылат

© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов тендер өткөрүлүп, ишти аткара турган компания аныкталганын айтты.
Ысык-Көл облусунда беш туристтик тейлөө борбору ачылат. Мындай маалыматты Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Шатманов: Ысык-Көлдө беш туристтик тейлөө борбору ачылат
Анын айтымында, борбордун аянты 150 чарчы метрди түзүп, туризм объектилери тууралуу маалымат алуу, тамактануучу, эс алуучу жайлары жана ири унаа токтотуучу жерлери камтылган.
"Ысык-Көл облусунун айланасында беш туристтик тейлөө борбору ачылат. Борборлорду куруу боюнча тендер өткөрүлүп, ишти аткара турган компания да аныкталды. Анын аянты 150 чарчы метрди түзүп, туризм объектилери тууралуу маалымат алуу, тамактануучу, эс алуучу жайлары жана ири унаа токтотуучу жерлери бар. Каалаган эс алуучу келип, тиешелүү жардамын алса болот. Эгерде быйыл курулуш башталып калса, кийинки жылы күз айларында имараттар ишке берилип, туристтерди тейлөөгө даяр болуп калат", — деди Шатманов.
Ошондой эле жетекчи республиканын башка облустарында да туристтик борборлорду ачуу пландалып жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0