Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов

Жакыпов: Алай районунда жаңы көмүр бассейни ачылат

207
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов быйыл өлкөдө көмүр тартыштыгы жаралбай турганын билдирди.

Көмүрдүн баасын жылда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аныктайт. Быйыл Кара-Кече бассейнине карата баа 1 330 сом деп белгиленген. Биз мындан кымбат да, арзан да сата албайбыз. Бул тууралуу Мирлан Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жакыпов: Алай районунда жаңы көмүр бассейни ачылат

Анын айтымында, бул баа учурда борбор калаага келген чыгымдары кошулуп 4 000-4 500 сомго жетүүдө.

"Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жыл сайын биздин кетирген чыгымдарды эске алуу менен бааны аныктап берет. Быйыл бул сумма тоннасына 1 330 сом деп бекитилген. Аталган нарк ташып келүү, жүктөө, кампаларда сактоо баалары кошулуп учурда борбор калаада 4 000-4 500 сомго чыкты. Бирок республиканын түштүк аймагындагы облустарда абал башкачараак. Анткени ал жакта Сүлүктү, Алай, Өзгөн бассейндеринен казылган көмүрлөр сатылат. Алар Кара-Кеченикиндей ачык эмес шахта жолу менен казылып чыгат. Тактап айтканда, жер астына түшүп, адамдар казып ташып чыгышы керек. Ал эми ачык бассейндерде ири техниканын жардамы менен бир казганда көп өлчөмдө көмүр даяр болот. Мына ушул айырмачылыктан улам чыгымы да ар башка сумманы түзөт. Жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында көмүрдүн элге сатылган баасы 6 000-6 500 сомго чыгып жатат. Учурда "Кыргыз көмүр" ишканасы жалпы республикалык керектөөнүн 90 пайызын камсыздайт. Калган 10 пайыздайы гана Казакстандан экспорттолот. Алдыда дагы жаңы көмүр бассейндерин ачуу пландары бар. Алардын бири Алай районунда жайгашкан. Тажикстан тарапка созулуп кеткен Тегенек көмүр бассейнин ачуу иштери азыр жүрүп жатат", — деди Жакыпов.

Жетекчи, мындан сырткары, Ысык-Көлдө Каркырадан тарта Тоң районуна чейин көмүр кени бар экендигин, бирок Жыргалаңда гана казуу иштери жүрөрүн кошумчалады.

207
Белгилер:
Мирлан Жакыпов, көмүр, баа, саясат
Тема боюнча
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев

Дүйшөналиев: каржы пирамидасына алдангандар Ысык-Көлдө көп

65
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев Ысык-Көл облусунда каржы пирамидасы боюнча алдангандар көп катталып жаткандыгын айтты.

Ысык-Көлдө алтыдан көп каржы пирамидасы иш алып барып, жарандарды 23 миллион 228 миң сомго алдап кетишкен. Мындай маалыматты Азамат Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дүйшөналиев: каржы пирамидасына алдангандар Ысык-Көлдө көп

Анын айтымында, Ысык-Көлдө 2 281 жаран финансылык пирамидадан жабыркаган.

"Учурда өлкө аймагында каржы пирамидасынын курмандыгы болгон адамдардын саны көп. Мындай фактылар республиканын бардык аймагында бар. Өзгөчө каржы пирамидасы боюнча алдангандар Ысык-Көлдө көп болууда. Ал жерде алтыдан ашык финансылык пирамида иштеп, элди жалпы 23 миллион 228 миң сомго алдап, 2 281 адам алардын курмандыгы болгон. Экинчи орунда Талас облусу жайгашып, 512 жаран шылуундарга акчасын алдырып жиберген. Мындан тышкары, Бишкекте жаңы тогуз финансы пирамидасы аныкталып, "Финико" жана "Элиза үй буюмдары" шаар тургундарын алдап, каражатын алышкан. Өлкөдө үстүбүздөгү жылда 14 иш соттук кароого жиберилди. Анын ичинен Ысык-Көлдөн 11, Талас облусунун аймагынан эки жана Ош шаарынан бир иш соттук чечимге жеткен", — деди Дүйшөналиев.

Ошондой эле адис Кыргызстанда акыркы тогуз айда каржы пирамидасынан жалпы 132 миллион 614 миң сомдук заян келтирилип, 2 947 киши чыгым тартканын кошумчалады.

65
Белгилер:
Азамат Дүйшөналиев, ИИМ, киберкылмыштуулук, каржы пирамидасы, мыйзам
Тема боюнча
Кадралиев: айылда каржы пирамидасы тууралуу маалыматы жок адамдар көп
Товарларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: товарды маркалоого даяр болбосок ЕАЭБ рыногуна чыга албай калабыз

24
Товарларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу үчүн шарт түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.

Маркалоону өз убагында жүргүзбөсөк ЕАЭБ рыногуна товарларды сата албай калабыз. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Абдыров: товарды маркалоого даяр болбосок ЕАЭБ рыногуна чыга албай калабыз

Анын айтымында, учурда маркалоо иштери ЕАЭБ өлкөлөрүндө кызуу жүрүп жатат.

"Мамлекеттен жардам албай ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөндөр көп. Тескерисинче, мамлекеттик органдар "баса калып" текшерет. Мындан улам алар көмүскөгө кетип калышууда. Бирок ошолордун баарын начар, акылы жок адамдар деп ойлобош керек. Анткени бардык ишкер легалдуу, ачык иш алып баргысы келет. Ошол эле учурда ачыкка чыгууга тийиштүү шарт түзүлгөн эмес. Андыктан көмүскө экономиканы ачыктоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүлүп, атайын программа же кадамдар ишке ашуусу зарыл. Эң башкысы, товарларды маркалоону жолго салуу шарт. Себеби ЕАЭБдин алкагында бул иштер кызуу жүрүп жатат. Эгерде алдын ала даярдык көрбөсөк, кийин кеч болуп калат. Учурда Россияда, Беларуста, Арменияда, Казакстанда товарларды маркалоо иштери өз нугунда жүрүүдө. Бизде бул боюнча иш негизинен ыктыярдуу болуп жатат. Эртеңки күнү милдеттүү маркалоо талап кылынса, ишкерлер аны жасап жетишпейт. Натыйжада ЕАЭБ рыногуна товарларды сата албай калат", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал маркалоо экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн жакшы мүмкүндүк түзөрүн кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

24
Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, маркалоо, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кемелова: "Чек арасыз жумуш" тиркемеси ЕАЭБ алкагында иш издөөнү жеңилдетет
Бразилиялык мушкер Вагнер Мартинс спортчу Кароль Филасиньски менен жаакка чабышуу турниринде

Бразилиялык 180 килограммдык мушкер жаакка жеп нокаутка түштү. Видео

7
Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Ал 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашкан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ММА дүйнөсүндө Зулузинью каймана аты менен таанымал бразилиялык мушкер Вагнер да Консейсан Мартинс алакан менен жаакка чабышуу турниринде атаандашына нокаут менен утулду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Punchdown аталышындагы турнир Польшада өткөн. Бразилиялык мушкер жергиликтүү спортчу Кароль Филасиньски менен кармашкан.

​Видеодон Зулузиньюну каршылашы сол колу менен чапканда теңселе түшкөнүн, артындагылар кармайын деп, бирок алы жетпей, мушкер жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Анын салмагы 180 килограмм болсо, бою эки метр. Аралаш мушташ боюнча 23 беттеш өткөрүп, анын 14үн уткан. 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашып, 26 секундда эле жеңилип калган.

7
Белгилер:
мушкер, турнир, видео, жаакка чабуу
Тема боюнча
"Минип алып" ургулап. UFC мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
UFC: Россия мушкерлеринин мыкты нокауттары. Видео
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди