Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кадралиев: каржы пирамидасынан алдангандар көбөйүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт Управления по надзору за финансовым рынком Абай Кадралиев
Эксперт Управления по надзору за финансовым рынком Абай Кадралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын финансы рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн серепчиси Абай Кадралиев каржы пирамидасы боюнча алдангандар көбөйүп жаткандыгын айтты.
Акыркы жарым жылда каржы пирамидасынан 1000ге жакын жабырланган адам коопсуздук органдарына кайрылган. Мындай маалыматты Абай Кадралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кадралиев: каржы пирамидасынан алдангандар көбөйүүдө
Анын айтымында, финансылык, социалдык жактан аз камсыз болгон адамдар көп учурда каржы пирамидасынын курмандыгы болуп жатышат.
"Каржы пирамидасы кечээ эле түзүлө калган тармак эмес. Жадагалса советтик мезгилде да ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Мунун башында турган адамдар абдан акылдуу болушат. Компаниянын ишмердүүлүгүн өзгөртүү аркылуу адамдарды тез акча табууга үндөп, амалкөйлүк менен алдап жатышат. Жарандар акча алардан мурун ал компания тууралуу толук маалымат алып, расмий булактар аркылуу чын-төгүнүн тактап алышса жакшы болот эле. Ар бир оңой акчанын артында мыйзамга туура келбеген аракеттер болушу ыктымал. Алты айдын ичинде 1 000ге жакын финансы пирамидасынан жабыр тарткан адамдан коопсуздук органдарына кайрылуу болгон экен. Түрдүү амалдар аркылуу элдин башын айлантып, сызга отургузуп кеткендер көбөйүүдө", — деди Кадралиев.
Ошондой эле адис инвестициялык компания катары өзүн тааныштыргандарды дароо Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын расмий сайты аркылуу текшерип алса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0