Мамлекеттик токой чарба агенттигинин токой экосистемасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиев

Алиев: Ысык-Көлдүн фильтри болгон чычырканак акча үчүн кыйылууда

81
Мамлекеттик токой чарба агенттигинин токой экосистемасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиев пансионаттарды куруу үчүн чычыраканактар кыйылып жатканы көйгөй экенин белгиледи.

Ысык-Көлдүн фильтри болгон чычырканак киреше үчүн кыйылууда. Бул тууралуу Майрамбек Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Алиев: Ысык-Көлдүн фильтри болгон чычырканак акча үчүн кыйылууда

Анын айтымында, чычырканак өскөн аянттардын көбү токой чарбаларынын балансында эмес.

"Ысык-Көлдүн жээгиндеги өсүмдүктөрдү өстүрүү, коргоо, аларды жаңылоо боюнча иштер токой чарбасына тиешелүү жерлерде тынымсыз жүргүзүлүүдө. Аталган облуста Балыкчы, Түп, Ысык-Көл, Тоң токой чарбалары иштейт. Бирок ал жакта мекемеге тиешелүү эмес токойлор бар. Мисалы, Ысык-Көлдүн фильтри делген чычырканак көбүнчө айыл өкмөттөргө, айыл чарбасына тиешелүү жерлерде өсөт. Анын мөмөсүн алуу үчүн жергиликтүү тургундар бутагын сындырып, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн кыйып салышууда. Өз кезегинде чычырканакты жогорку баадагы өсүмдүктөрдүн катарына киргизүү боюнча мыйзам сунушталып өтпөй калган. Туризм менен жан баккан жергиликтүү калк бул мыйзам ишке кирсе социалдык маселелерде ар кандай тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн деген жүйө келтирилген", — деди Алиев.

Ошондой эле ал өлкө токойлорунун 50 пайызы эскиргенин кошумчалады.

81
Белгилер:
токой, экология, чычырканак
Тема боюнча
Тотубаева: Ысык-Көл пайда алуу максатында гана колдонулуп, ага кам көрүлбөйт
Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) аткаруучу директору Чубак Темиров

Темиров: былтыр Жогорку технологиялар паркы 1,2 млрд. сом киреше тапты

22
(жаңыланган 12:51 15.10.2021)
Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) аткаруучу директору Чубак Темиров аталган мекеме 2021-жылдын аягына чейин 2 миллиард сом киреше табууну пландап жаткандыгын айтты.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Жогорку технологиялар паркынын курамындагы компаниялар 1,2 миллиард сом киреше алып келди. Мындай маалыматты Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Темиров: былтыр Жогорку технологиялар паркы 1,2 млрд. сом киреше тапты

Анын айтымында, ЖТПнын курамын 122 компания түзүп, анда 1 000ден ашык адис иштейт.

"Жогорку технологиялар паркынын түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл болду. Бул аралыкта программалык камсыздоону, маалыматтык жаңы жана жогорку технологияларды иштеп чыгаруунун жергиликтүү индустриясын өнүктүрүүдө чоң эмгек жасады. Учурда ЖТПнын курамында 122 компания иштеп, 1 000ден ашык адис эмгектенет. 2020-жылдын жыйынтыгы менен Жогорку технологиялар паркынын курамындагы компаниялар 1,2 миллиард сом киреше табышты. Биз эми 2021-жылдын аягына чейин 2 миллиард сом табуу планын койдук. Демек, киреше эки эсе өсөт", — деди Темиров.

Ошондой эле адис пандемияга карабастан Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 20 пайызга чейин өскөнүн кошумчалады.

Чубак Темиров Жогорку технологиялар паркы

22
Тема боюнча
Сулайманов: кыргызстандыктар чет өлкөдө IT тармагында окууну самашат
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жугуштуу, паразиттик оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы дарыгери Султан Суранбаев

Суранбаев: таза суу жетпегендиктен 865 187 адам арыктагы сууну колдонот

16
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жугуштуу, паразиттик оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы дарыгери Султан Суранбаев колун жуубагандан улам көбүнчө кичинекей балдар ооруп каларын айтты.

Кир кол аркылуу жугуучу илдеттерге мите оорулары, өткүр ичеги-карын илдеттери жана гепатиттин энтералдык А түрү кирет. Бул тууралуу Султан Суранбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Суранбаев: таза суу жетпегендиктен 865 187 адам арыктагы сууну колдонот

Анын айтымында, таза суунун жетишсиздигинен улам 865 187 киши арыктагы сууну колдонот.

"Сарык оорусунун А түрү менен жыл сайын өлкөдө 10 миңге жакын бейтап катталса, анын 95 пайызын балдар түзөт. Мите оорулары менен 25 миң, ал эми өткүр ичеги-карын дарты менен 16-18 миңдей адам кайрылат. Бул илдетке кабылгандардын 80-90 пайызы жаш балдар. Себеби балдар колду таза алып жүрүү эрежелерин туура аткарышпайт. Ошондой эле учурда Кыргызстанда калк жашай турган 480 аймактагы 865 187 киши таза суунун жетишсиздигинен улам арыктагы сууну колдонот. Кир суу да жогорудагы ооруларды пайда кылат. Андан тышкары, бизде колдонулган сууну бир жерге чогултуп залалсыздандыруу зарылчыгы бар. Себеби аны көрүнгөн жерге төгүп андагы ар кандай микроорганизм, бактериялар, башкача айтканда, оору козгогучтар жер үстүндө калат. Жер иштетип жашылчаларды өстүргөндөн кийин кайра эле тамак-аш аркылуу бактерияларды жеп алабыз", — деди Суранбаев.

Эпидемиолог колду ашыкча самындап жууган дагы кератоз оорусун алып келерин эскертти.

16
Белгилер:
Султан Суранбаев, паразит, бактерия, оору, гепатит
Тема боюнча
Дарыгер Үмүт Саипова: гепатиттин жаңы F жана G түрү аныкталууда
Оюн учурунда бала. Архив

Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши

0
Психолог балада кичине кезинен эле акча тууралуу негативдүү түшүнүктөр жаралбаш үчүн каржыга байланыштуу көйгөйлөрдү айта бербеш керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Баланы финансылык жактан сабаттуу болууга кантип үйрөтсө болот? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине жеке финансыны башкаруу боюнча адис Наталья Смирнова жана психотерапевт Инна Мальцева айтып берди.

Алгач Смирнова финансылык сабаттуулук тууралуу кыскача түшүндүрмө берди.

"Акчаны туура пайдалануу үчүн аны үнөмдөө жолдорун эмес, туура бөлүштүрүүнү билиш керек. Чыгашаны кирешеден ашырбай, жок эле дегенде үч айлык жашоо-тиричиликке запас акча кармаган кишини финансылык сабаттуулуктун базалык эрежелерин билет деп эсептесек болот. Дагы бир маанилүү нерсе, кредит, ипотека же башка береселерге кеткен акча кирешенин 30 пайызынан ашпашы керек", — деди адис.

Ал эми психолог балага акча жөнүндө негативдүү нерселерди кичине кезинде айтпаш керек деп эсептейт.

"Балага акча тууралуу ар бир куракта ар башкача маалымат берүү керек. Мисалы, жаңы айта баштаганда, акча кантип табыларын түшүндүрсө болот. 4-5-класстарда өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кирешеси канча экенин, анын булактарын билсе ашыкча болбойт. Ал эми жогорку класстарда окуп жүргөндө канча акча жетпей турганын, үйдө акчага байланыштуу кандай көйгөйлөр бар экенин ачык айта бергиле. Бирок кичине кезинен эле "акча жок", "жетпейт" деген негативдүү түшүнүктү калыптандырбагыла", — деди Мальцева.

Ошондой эле ал окуучуга жакшы баа алганы же жардам бергени үчүн акча берүү туура эмес экенин айтат. Адистин пикиринде, балага акча ал жөн гана үй-бүлө мүчөсү экени үчүн берилип жатканын түшүндүрүү керек. Ал эми "жетишкендиктери" үчүн ата-энесинен акча алып көнгөн бала кийин дагы ар бир кылган иши үчүн тегеректегилерден бир нерсе күтүп калат.

0
Белгилер:
бала, акча, финансылык сабаттуулук, ата-эне, психология
Тема боюнча
Атаны балдардын тарбиясына кантип аралаштырса болот? Педагогдун кеңеши