Актер, режиссер Тынчтыкбек Абылкасымов

Абылкасымов: "Чек арада" тасмасынын максаты - элди тынчтыкка чакыруу

20
Актер, режиссер Тынчтыкбек Абылкасымов "Чек арада" киносу акыркы жолу Японияда өткөн Mehodo киносыйлыгында үчүнчү орун алганын айтты.

"Чек арада" тасмасынын сценарийи тажик драматургу, жазуучусу Искандар Усмановго таандык. Ал киши чыгарманы алгач аңгеме түрүндө жазган. Эмгек "Кыргызфильм" киностудиясына келип түшкөн. Кыргызстандын чек ара маселелери курчуп турган маалда киностудиянын директору Айбек Жангазиев сценарийди сунуштап калды. Мен алымча-кошумча кылып узун чыгарманы кыска тасманын ичине батырдым. Бул тууралуу Тынчтыкбек Абылкасымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Абылкасымов: "Чек арада" тасмасынын максаты - элди тынчтыкка чакыруу

Анын айтымында, "Чек арада" кыска метраждуу тасмасынын максаты - элди тынчтыкка чакыруу.

"Чек арада" кыска метраждуу картинасы алгач Лондондогу чакан фестивалдан "Мыкты азиялык фильм" номинациясын жеңген. Иранда өткөн "Каршылык" эл аралык кинофестивалында кинонун сценарийин жазган Искандар Усмановго "Мыкты сценарий" сыйлыгы ыйгарылган. Аталган эмгек быйыл июль айында онлайн өткөн Link (Link International Film Festival) эл аралык кинофестивалында да жеңүүчү болгон. Андан тышкары, Россиядагы "АРТкино" фестивалында байгелүү орунга татыды. Кинокартина "20 мүнөткө чейинки эң кыска метраждуу мыкты тасма" номинациясында жеңүүчү аталды. Автордук кыска метраждуу тасмалардын "АРТкино" фестивалы Москвада өттү. Анын жеңүүчүсү деп табылган фильмдер Россиянын, КМШ мамлекеттеринин аймагында көрсөтүлдү. Акыркы жолу Японияда өткөн Mehodo киносыйлыгында үчүнчү орунга татыды. Жогоруда сыйлык жеңгендерин гана санадым. Мындан башка да бир топ фестивалдарга катыштым. Тасмада коңшу эки өлкөнүн чек арачыларынын туткунуна түшүп калган карыянын жашоосу чагылдырылган. Фильм 2019-жылы эки айда тартылган", — деди Абылкасымов.

Режиссер "Чек арада" кыска метраждуу тасмасы жакын арада "Кыргызфильм" киностудиясынын Youtube каналына жарыяланарын кошумчалады.

20
Белгилер:
чек ара, кинофестиваль, сыйлык, Тынчтыкбек Абылкасымов
Тема боюнча
Мадаким: "Сальвадор Дали" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Пусанда болот
Белгилүү актёр, теле алып баруучу, Эл аралык Чынгыз Айтматов жана Жолдубай Кайыпов атындагы сыйлыктарынын лауреаты Нурдөөлөт Копоев

Копоев: актёрлук кесипти ызадан, таарынычтан улам тандагам

121
Белгилүү актёр, теле алып баруучу, Эл аралык Чынгыз Айтматов жана Жолдубай Кайыпов атындагы сыйлыктарынын лауреаты Нурдөөлөт Копоев быйыл чыгармачылыгына 20 жыл толгонун айтты.

Актёр катары "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр" тасмалары аркылуу элге таанылдым. Бир топ фильмдерде эпизоддук ролдорум бар. Кино жааты аксап калганы менен театрдагы, үн коштоо жаатындагы ишим түзүк эле. Кээде актёрлук кесибим калып калды, алып баруучу болбой эле койбой деп өкүнүп кетем. Бул тууралуу Нурдөөлөт Копоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.

Копоев: актёрлук кесипти ызадан, таарынычтан улам тандагам

Ал актёрлукту ызадан, таарынычтан улам тандаганын белгиледи.

"Нарындын Ат-Башы жергесинин Кара-Булуң айылынан болом. Көп балалуу үй-бүлөнүн он үчүнчү баласымын. Көпчүлүгү ата-энемдин жолун жолдоп кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Убагында атам эки чоң айылды тейлечү. Кесиби уста болгондуктан күнү-түнү эле балка кармап отурчу. Ошентип атамдын артында Төлөмүш Океев тарткан "Устанын өз бактысы" деген фильми, бир топ журналисттердин телеберүүлөрү калды. Мурун "эмне үчүн актёрлукту тандадың?" деп сурашса эле кыялым болчу дей берчүмүн. Кийин ойлоп көрсөм бул кесипти ызадан, таарынычтан улам тандаптырмын. Бир жолу 7-класс кезимде тартуу тобу устаканада атам менен иним Бакдөөлөттү тартышты. Мен да тартылгым келип, аралашайын десем урушуп чыгарып жиберишкен эле. Окууну бүткөндө эжем борборго, Дүйшөн Байдөбөтовго алып келди. Ошентип драма театрда окуп калдым. Москвага окууга сынак башталды. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайда окуп келгендер Козунов деген жетекчиге ким жакса, дароо белги берет дешти. Сынакка кирсем эле ал киши тишимди мактаса эле ого бетер жылмайып күлө бердим. Канча бир тууган экенимди сураганынан 16 десем албай койбосун деп "үч бир туугандын ортончусумун" деп койдум. Себеби ал киши кыргыздын менталитетин жакшы түшүнүп, кичүү бала үйдө ата-энесин карап каларын билчү эле. Биринчи турда эле Козунов "увидимся там" деген жообун айтты. Ошентип Москвада төрт жыл билим алып келдим", — деди Копоев.

Актёр Щепкинди бүтүп келген 20дай улан-кыздын ичинен 2-3 эле бала кесибин улантып кеткенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

121
Белгилер:
алып баруучу, актер, чыгармачылык
Тема боюнча
Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар
Эл аралык ишкердик кеңеш ассоциациясынын укуктук эксперти Жанабил Давлетбаев

Давлетбаев: Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча талаштуу жерлер бар

49
"Эл аралык ишкердик кеңеш" ассоциациясынын укуктук эксперти Жанабил Давлетбаев Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыккан топко бир катар сунуштар берилгенин белгиледи.

Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатканда берилген айрым сунуштар боюнча бирдиктүү чечимге келе элекпиз. Бул тууралуу Жанабил Давлетбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Давлетбаев: Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча талаштуу жерлер бар

Анын айтымында, Салык кызматынын ыйгарым укуктарынын кеңейиши ишкерлерге коркунуч жаратып калышы ыктымал.

"Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыгып жатканда ишкерлер тарабынан бир катар сунуштар берилген. Алардын көпчүлүгү чечилгени менен айрым маселелер боюнча талаштар калууда. Мисалы, Салык кызматы алгачкы тергөө иштерине аралашып жатат. Аталган кызматка салык чогултуудан тышкары функциялардын берилиши кызыкчылыктардын кагылышын шарттайт. Ишкерлерди камакка алуу жана башка коркунучтар жаралышы ыктымал. Ошондуктан экономикалык кылмыштарды иликтөө башка бир көз карандысыз органга өтүшү керек. Мындан тышкары, жалпы салык жана салык эмес төлөмдөрдөн түшкөн каражаттын үч пайызын салык органдары өзүнө ала алат деген норма бар. Бул дагы айрым кооптуулуктарды жаратып коюшу ыктымал. Салык кызматкерлери үч пайызды алыш үчүн жеке кызыкчылыктары пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле салык органдарына банктык маалыматты соттун чечими жок алууга мүмкүндүк берилүүдө. Бул банктык сырдын ачыкталуусу боюнча коркунучтарды жаратат. Google, Facebook, Netflix сыяктуу эл аралык компаниялардан салык алуу боюнча так жазылбай калган. Бул компаниялардан салык алуу туура, бирок ал салыкты колдонуучулар төлөп калбагандай болушу зарыл", — деди Давлетбаев.

Ошондой эле ал накталай эмес төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди 2023-жылга чейин эмес, мөөнөтсүз калтыруу сунушталганын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

49
Белгилер:
салык, экономика, ишкер
Тема боюнча
Мамлекеттик салык кызматына Алтынбек Абдувапов төрага болду
Акылбек Жапаровго Яндекс, Facebook компанияларына салык төлөтүүнү сунушташты
Төө-Ашууда автоунаа. Архив

Төө-Ашуу менен Суусамырда сак болгула! Милиция айдоочуларга кайрылды

0
(жаңыланган 10:00 22.10.2021)
Кайгуул кызматы айдоочуларды ашууларда ылдамдыкты өтө жогорулатпай, каршы тилкеге чыкпоого чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Чүй облустук милициясынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аба ырайы бузулгандыгына байланыштуу айдоочуларды Суусамыр өрөөнү менен Төө-Ашуудан өтүүдө сак болууга чакырды.

Билдирмеге караганда, кайгуул кызматынын өкүлдөрү аталган аймактарда жол тазалоо иштерин көзөмөлдөп, коопсуздукту камсыз кылууда.

"Айдоочулар өтө сак болуп, автоунаалар арасындагы аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай, каршы тилкеге чыкпашы керек!" — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин ӨКМ 22-23-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан, кээ бир жерлерге кар жаай турганын эскерткен.

0
Белгилер:
Төө-Ашуу, Суусамыр, ашуу, кар, эскертүү, айдоочу
Тема боюнча
Автоунааны кышка даярдоодо биринчи эмнелер маанилүү. Эксперттин кеңеши