Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив

Эшенгулов: Өзгөн өзүбүздүн шаар дегенди билдирет

125
Тарыхчы-топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Өзгөн шаарынын тарыхына токтолду. Анын айтымында, "кент" термини шаар, калктуу пункт дегенди түшүндүрөт.

Өзгөн — өзүбүздүн шаар дегенди билдирет. Бул байыркы түрк тилдериндеги "кент" мүчөсү "өз" уңгусуна уланып, тыбыштык өзгөрүүгө дуушар болгон топонимикалык аталыш. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.

Эшенгулов: Өзгөн — өзүбүздүн шаар дегенди билдирет

Анын айтымында, "кент" термини шаар, калктуу пункт дегенди түшүндүрөт жана байыркы түрк тилдүү элдер отурукташкан аймактарда көп кездешет.

"Өзгөн шаарындагы мунара, күмбөз караханиддердин дооруна таандык. Мунара ошол доордун эң мыкты архитектуралык эстелиги, кийин реконструкциядан өткөн. Мындай тарыхый архитектуралык байыркы имараттар азыркы Кыргызстандын айланасында көп эмес. Мисалы: Бурана, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат кербен сарайы, Ак мечит жана Шах-Фазил деп колубуздун манжалары менен эле санак жүргүзүп койсок болот. Өзгөн шаарынын этек жагында Кара-Дарыя, экинчи тарабынан Жазы суусу агат. Анын башатында Кара-Шоро жайлоосу жайгашып, экинчи тарамында Чытты-Базар бар. Андан ары ашып Ак-Талаага түшүшкөн. Ошентип Өзгөн шаары тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Бул шаарды белгилүү филолог, саякатчы, картограф Махмуд Кашгари өзү түзгөн дүйнөнүн картасына Өзгент деп киргизген. Ошондой эле ал өзү түзгөн үч томдук түрк элдеринин сөздүгүндө да "Өзгөн — өзүбүздүн кент, шаар дегенди билдирет" деп жазып калтырган, — деди топонимист.

Ал ошондой эле Өзгөн шаары абдан тегиз жерде жайгашканын кошумчалады.

125
Белгилер:
Темиркул Эшенгулов, Өзгөн, аталыш, тарых, топонимика
Тема боюнча
Эшенгулов: "кент" топонимикалык термини "шаар", "чоң кыштак" дегенди түшүндүрөт
Кыргызтелеком ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Канатбек Аскаров

Аскаров: "Кыргызтелеком" социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизди

24
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Канатбек Аскаров аталган мекеме бир катар социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизгенин айтты.

"Кыргыз телеком" ААК "Телемедицина", "Коопсуз мектеп" жана "Жеткиликтүү санариптик дүйнө" социалдык долбоорлорду ишке киргизип жатат. Мунун артында мамлекеттик кызматтарды санариптештирип, калк үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздайбыз. Бул тууралуу Канатбек Аскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аскаров: "Кыргызтелеком" социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизди

Анын айтымында, "Кыргызтелеком" санариптештирүүнүн алкагында коопсуз мектеп, көчө, айыл, аймак жана республика статусуна жетүүнү көздөп жатат.

"Ишкана Кыргызстанда "Телемедицина" долбоорун ишке киргизүү боюнча техникалык өнөктөш болуу демилгесин көтөрдү. Мында оорукана акысыз интернет менен камсыз болуп, видео байланыш уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар сатып алынат. Дарыгерлер видео чалуу аркылуу кеп-кеңеш берип, илдетти аныктоо, дарылоо жана алдын алуу максатында башка мекемелердеги кесиптештери менен кеңешип, изилдөө жүргүзүүгө жана баа берүүгө зарыл болгон маалыматтар менен алмаша алат. Ал эми "Коопсуз мектеп" социалдык долбоорунда мектеп интернетке туташтырылып, видео байкоо жүргүзүүчү камералар орнотулат. Мобилдик тиркеменин жардамы менен мугалимдер, мектептин администрациясы, ата-энелер балдар сабактан кийинки бош учурда кантип убакыт өткөрүп, эмне менен алек экендигин онлайн көрүшөт. Бул долбоор окуу жайларга комплекстүү кызмат көрсөтүүнү камсыздоого багытталган жана аны ишке ашырууда артыкчылык Кыргызстандын алыскы аймактардагы окуу жайларына берилет. Андан тышкары "Жеткиликтүү санариптик дүйнө" долбоорунун алкагында "Кыргызтелеком" ААК айыл өкмөтүнүн имаратында Wi-Fi роутер орнотуп, акысыз интернет менен камсыздайт. Айылдын жашоочулары сейилдөө паркында интернет-байланышын эркин пайдаланып, жакындарына интернет аркылуу чалуу, дарыгерлерге кабыл алууга онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Ал эми балдар коомдук статусуна карабастан, өнүгүү жана кошумча билим алуу үчүн интернет ресурстарын колдоно алышат", – деди Аскаров.

Ал аталган долбоорлор сынамык негизде Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

24
Белгилер:
Кыргызтелеком, долбоор
Тема боюнча
"Кыргызтелеком" интернетти 3,5 эсе арзан сатып ала баштады
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев

Токоноев: өспүрүмдөрдүн дене тарбиясына көңүл бурулушу абзел

23
(жаңыланган 14:48 23.10.2021)
Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев өспүрүмдөрдүн дене тарбиясына убагында көңүл бурулушу керектигин айтты.

Мектептердеги дене тарбия мугалимдеринин педагогикалык жана спорттук билиминин сөзсүз болушу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Нурлан Токоноев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Токоноев: өспүрүмдөрдүн дене тарбиясына көңүл бурулушу абзел

Анын айтымында, мектеп окуучулардын дене тарбия боюнча негизги усулдарды алуусу мугалимдерге байланыштуу.

"Дене тарбия жана спорт башкармалыгы бизге тиешелүү жоболорду мэриянын юристтери, кадр кызматы менен тыгыз иштеп, спорттук мекемелердин башкаруучуларын тандоодо талаптарын күчөтүүнү карап жатабыз. Аларды сөзсүз педагогикалык же Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын диплому менен кабыл алууну сунуштайбыз. Мамлекеттик кадр кызматы менен тыгыз байланышта болуп, жаңы жылдан баштап бардык спорттук мекемелердеги мугалимдерди аттестациядан өткөрөбүз. Алардын кесипкөйлүүлүгү, тажрыйбасы балдарга тарбия берүүдө маанилүү ролду ойнойт", — деди Токоноев.

Ошондой эле адис ата-энелер балдардын дене тарбиясына көңүл бурушу абдан маанилүү экендигин кошумчалады.

23
Белгилер:
спорт, мэрия, педагогика, аттестация
Тема боюнча
Машыгууларды кантип таштап салбаш керек? Спорттук психологдун кеңеши
Москва шаары. Архивдик сүрөт

Эртең "Көл" тасмасы Москвада көрсөтүлөт

0
"Көл" — драмалык жанрда Ысык-Көлдө тартылган тасма. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эртең, 25-октябрда, Москва шаарында кыргызстандык режиссёрдун "Көл" аттуу кинофильми алгачкы ирет көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлады.

Картина РФтин Кинематографисттер союзунун Кино үйүндө Россиядагы кыргыз кино күндөрүнүн алкагында коюлмакчы.

Кирүү акысыз, каалоочулар бул тиркеме аркылуу каттоодон өтүп коюшу керек.

"Көл" — драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган кинокартина. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган. Фильм бир катар эл аралык сыйлыктарга көрсөтүлүп, жеңүүчү да болгон.

0
Белгилер:
Москва, 'Көл' тасмасы, бет ачар, маданият, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео
Кыргызстандан барган тасма Алматыда "Мыкты фильм" аталды. Видео