Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Каландаров: мониторинг жүргүзүлүп, 263 асыл тукум чарбадан 168и калды

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин мал чарба жана жайыт бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаров
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин мал чарба жана жайыт бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин мал чарба жана жайыт бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаров асыл тукум чарбаларга мониторинг жүргүзүү иштери тууралуу айтып берди.
Тийиштүү талаптарга жооп бербестен асыл тукум чарба статусун алгандарга мониторинг жүргүзүлдү. Натыйжада 263 асыл тукум чарбадан 168и калды. Бул тууралуу Мыктыбек Каландаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Каландаров: мониторинг жүргүзүлүп, 263 асыл тукум чарбадан 168и калды
Анын айтымында, учурунда мал чарбалары мамлекеттен берилген жеңилдиктерди алуу үчүн асыл тукум статусун ар кандай жол менен алышкан.
"Республика боюнча асыл тукум чарбаларда мониторинг жүргүзүлдү. Анда зоотехникалык журналдары, тиешелүү документтери, 516-токтомдогу минималдык талаптарга туура келери текшерилди. Анын натыйжасында 263 асыл тукум чарбадан 168и калды. Калгандары тийиштүү талаптарга жооп берген жок. Бул мониторинг учурунда тааныш-билиш жана башка жолдор менен асыл тукум мал чарбасы статусунун берилгенин көрсөттү. Анткени асыл тукум статусун алган мал чарбалары жеңилдетилген насыя, мамлекеттик фонддон жер алуу укугуна ээ болушат. Мына ушул стимулдук мүмкүнчүлүктөрдү алуу үчүн тийиштүү талаптарга жооп бербегендер деле алып алган учурлар болгон. Ошондуктан мониторинг жүргүзүп, талаптарга жооп бербегендери статусунан ажыратылды", — деди Каландаров.
Ошондой эле ал асыл тукум чарбаларына мамлекеттик дотация программасы каралып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0