Тренер, бала тарбиялоо боюнча эксперт Чолпон Бекболотова

Бекболотова: айрым ата-энелердин балага таасир этүүчү куралы агрессия

165
Тренер, бала тарбиялоо боюнча эксперт Чолпон Бекболотова көпчүлүк ата-эненин балага таасир этүүчү куралы уруп-сабоо же кыйкыруу экенин айтты.

Өспүрүм курак мурда 12-13 жашта башталса, азыр БУУнун маалыматы боюнча тогуз жаштан жогору. Андыктан учурда 9-17 жаштагылар өспүрүм деп эсептелет. Буга маалыматтын жеткиликтүүлүгү, көптүгү, ачыктыгы себеп. Анткени бала көп нерсе тууралуу эрте эле кабардар болууда. Бул алардын когнитивдик, менталдык, психологиялык жактан тезирээк, эрте өрчүшүнө алып келет. Өспүрүм курак 30-40 жашта да болушу мүмкүн. Бул нерсе ошол адамдын инсандык жактан өнүгүшүнө, үйдө алган тарбиясына байланыштуу экенин Чолпон Бекболотова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бекболотова: айрым ата-энелердин балага таасир этүүчү куралы агрессия

Анын айтымында, бала тарбиялоо боюнча курска келген ата-эненин 99 пайызы туура тарбия берип жатам деп эсептейт.

"Белгилүү психолог Эрик Берн теориясында адамдын жашоодогу абалын үчкө бөлгөн. Бул бала, ата-эне жана жетилген улуу курактагы инсандын ролу. Жаш курак жөнүндө сөз болгон жок. Андыктан 40ка чыгып бала бойдон калган же жапжаш туруп эрте жетилген адамдар боло берет. Биздин айланабызда өспүрүм бойдон калган кишилер көп. Үй-бүлө курганда чатакташып, алардын жеке маселелерин бирөөлөр кийлигишип чечип беришет. Андыктан ата-эненин тарбиясы, балага түзүп берген үйдөгү атмосфера анын өз учурунда, өз курагына ылайык жетилүүсүнө таасир этет. Ата-эне көбүнчө өткөөл куракты оор учур деп коркуп, ага даярданып алышат. Бул жөн эле стереотип. Болгону кичинекей кезинде тарбиядагы кемчиликтер, ата-эне бере албаган кадыр-барк, мамиле, көңүл, сүйүү ошол мезгилде лупа менен карагандай көрүнүп калат. Эгер өткөөл куракта баланын жүрүм-туруму өзгөрүп, мүнөзү жаман болуп кетсе, демек, маселе балада эмес. Баланын жаман жакка өзгөрүүсү ага бир нерсе жетишпей жатканынан кабар берет. Негизи өспүрүм курак абдан сонун доор. Бала кеңешчи болуп, ата-эненин негизги жардамчысы, сырдашына, досуна айланат. Бул мезгил кичинекей бала менен жетилген чоң адамдын ортосундагы көпүрө курак. Демек, ушул мезгилде бала өзүн чоң жашоого даярдайт. Менин бала тарбиялоо боюнча сабагыма келген ата-энелердин 99 пайызы туура тарбия берип жатам деп эсептейт. Алар баладан маселе издейт. Тескерисинче, өздөрүн оңдошу керек. Ошол эле ата-эненин 80 пайызы баласын уруп-согуп, кыйкырып, кагып тарбиялашарын моюндашкан. Эми алардын деле күнөөсү жок. Бул жерде бала тарбиялоону ата-эне кайра эле ата-энесинен үйрөнөт. Азыркы учурда бала тарбиялоонун жаңы ыкмаларын да кошо ала жүрүү зарыл деп эсептейм", — деди Бекболотова.

Адис ата-эне балага 17 жашка чейин гана таасир эте аларын эскертти.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

165
Белгилер:
өспүрүм, курак, тарбия, психология, инсандар, Өнүгүү, Чолпон Бекболотова
Тема боюнча
Бала татуировка жасатып, чачын жашылга боёйм десе эмне кылуу керек. Адистин кеңеши
Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин Механизациялоо жана айыл чарбасын энергия менен камсыз кылуу департаментинин директору Нурлан Кожогулов

Кожогулов: 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет

5
Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин Механизациялоо жана айыл чарбасын энергия менен камсыз кылуу департаментинин директору Нурлан Кожогулов фермерлер үчүн айыл чарба көргөзмөсү өтөрүн маалымдады.

Бишкек шаарынын эски аянтында 22-24-октябрь күндөрү фермерлер үчүн "АгроТехЭкспо 2021" көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Нурлан Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Кожогулов: 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет

Анын айтымында, аталган көргөзмө республикада сегизинчи жолу өткөрүлүүдө.

"Көргөзмөгө жалпы 200дөн ашык чет элдик жана жергиликтүү компания, ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө. Анда дыйкандарга заманбап техникалар, технологиялар, асыл тукум малдын жаңы породалары, жер семирткичтер, вакциналар жана банк кызматтары сунушталат. Мындан тышкары, окутуулар, айыл чарба тармагындагы кызмат көрсөтүүлөр болот. Бул жылы көргөзмөгө асыл тукум малдын породалары боюнча кошумча бөлүм кошулат. Ошондой эле органикалык айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Аны өндүрүү боюнча мастер-класстар уюштурулат. Мындай көргөзмөлөр жакшы натыйжа берет. Анткени дыйкандар оруп-жыюу иштери жыйынтыкталган соң көргөзмөгө катышып тетиктер, техника боюнча маалымат алып тапшырык беришет. Быйыл лизинг берүү боюнча эки жаңы долбоор киргиздик. Февралда 540 миллион сом, октябрдын башында 446 миллион сом бөлүндү. Жылдын этегине чейин лизингге айыл чарба техникаларын берүүнү 900 миллиондон 1 миллиард сомго жеткирүүнү мерчемдеп жатабыз. Жалпы 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет", — деди Кожогулов.

Ошондой эле ал республика боюнча 10 миңден ашык дыйкандын жана 5-6 миң Бишкек шаарынын тургундарынын катышуусу күтүлүп жатканын кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

5
Белгилер:
Нурлан Кожогулов, дыйкан, техника, шарт
Тема боюнча
Фермерлер Чоң Чүй каналынын суусунан канткенде көз каранды болбойт. Шарты
Белгилүү актёр, теле алып баруучу, Эл аралык Чынгыз Айтматов жана Жолдубай Кайыпов атындагы сыйлыктарынын лауреаты Нурдөөлөт Копоев

Копоев: актёрлук кесипти ызадан, таарынычтан улам тандагам

123
Белгилүү актёр, теле алып баруучу, Эл аралык Чынгыз Айтматов жана Жолдубай Кайыпов атындагы сыйлыктарынын лауреаты Нурдөөлөт Копоев быйыл чыгармачылыгына 20 жыл толгонун айтты.

Актёр катары "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр" тасмалары аркылуу элге таанылдым. Бир топ фильмдерде эпизоддук ролдорум бар. Кино жааты аксап калганы менен театрдагы, үн коштоо жаатындагы ишим түзүк эле. Кээде актёрлук кесибим калып калды, алып баруучу болбой эле койбой деп өкүнүп кетем. Бул тууралуу Нурдөөлөт Копоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.

Копоев: актёрлук кесипти ызадан, таарынычтан улам тандагам

Ал актёрлукту ызадан, таарынычтан улам тандаганын белгиледи.

"Нарындын Ат-Башы жергесинин Кара-Булуң айылынан болом. Көп балалуу үй-бүлөнүн он үчүнчү баласымын. Көпчүлүгү ата-энемдин жолун жолдоп кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Убагында атам эки чоң айылды тейлечү. Кесиби уста болгондуктан күнү-түнү эле балка кармап отурчу. Ошентип атамдын артында Төлөмүш Океев тарткан "Устанын өз бактысы" деген фильми, бир топ журналисттердин телеберүүлөрү калды. Мурун "эмне үчүн актёрлукту тандадың?" деп сурашса эле кыялым болчу дей берчүмүн. Кийин ойлоп көрсөм бул кесипти ызадан, таарынычтан улам тандаптырмын. Бир жолу 7-класс кезимде тартуу тобу устаканада атам менен иним Бакдөөлөттү тартышты. Мен да тартылгым келип, аралашайын десем урушуп чыгарып жиберишкен эле. Окууну бүткөндө эжем борборго, Дүйшөн Байдөбөтовго алып келди. Ошентип драма театрда окуп калдым. Москвага окууга сынак башталды. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайда окуп келгендер Козунов деген жетекчиге ким жакса, дароо белги берет дешти. Сынакка кирсем эле ал киши тишимди мактаса эле ого бетер жылмайып күлө бердим. Канча бир тууган экенимди сураганынан 16 десем албай койбосун деп "үч бир туугандын ортончусумун" деп койдум. Себеби ал киши кыргыздын менталитетин жакшы түшүнүп, кичүү бала үйдө ата-энесин карап каларын билчү эле. Биринчи турда эле Козунов "увидимся там" деген жообун айтты. Ошентип Москвада төрт жыл билим алып келдим", — деди Копоев.

Актёр Щепкинди бүтүп келген 20дай улан-кыздын ичинен 2-3 эле бала кесибин улантып кеткенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

123
Белгилер:
алып баруучу, актер, чыгармачылык
Тема боюнча
Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар
Голливуд актёру Алек Болдуин. Архив

Актёр Алек Болдуин тасма тартуу учурунда атып алган оператор аял көз жумду

0
(жаңыланган 10:22 22.10.2021)
Тасма тартуу учурунда актёр бир гана операторду эмес, режиссёрду дагы аткан. Полициянын маалыматына караганда, Болдуинге азырынча эч кандай айып тагыла элек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Голливуд актёру Алек Болдуин тасма тартуу аянтчасында тапанчадан ок чыгарып, жыйынтыгында оператор аял каза болду. Бул тууралуу Нью-Мексико штатындагы Санта-Фе округунун шерифи Хуан Риоско шилтеме берип РИА Новости жазды.

Шерифке актёр Алек Болдуин тасмага реквизит катары пайдаланылып жаткан куралдан ок чыгарганы тууралуу маалымат түшкөн.

"Эреже боюнча ал куралга огу жок патрондор салынышы керек болчу. Бирок андай болгон эмес. Кесепетинде Алина Хатчинс аттуу 42 жаштагы операторго ок тийип, тик учак менен ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган жок. Ал эми акырегинен жаракат алган режиссёр Жоэл Соус аман калды. Анткен менен оорукана түшүп, учурда абалы оор деп бааланууда", — деп айтылат кабарда.

Полициянын маалыматына караганда, Болдуинге азырынча эч кандай айып тагыла элек.

Эмне себептен куралга ок салынганы жана актёр аны эмне себептен режиссёр менен оператор тарапка каратып атканы азырынча белгисиз.

0
Белгилер:
АКШ, тасма, курал, оператор, ок атуу, өлүм, Алек Болдуин
Тема боюнча
Ысык-Көлдө боксёрдук груша менен машыгып жаткан өспүрүм каза болду
Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео