Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамыров: Кыргызстанда жейрендер малдын көбөйүшүнөн жок болуп кеткен

© Sputnik / Асель СыдыковаОснователь фонда "Илбирс" Нурлан Мамыров
Основатель фонда Илбирс Нурлан Мамыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
"Илбирс" фондунун негиздөөчүсү Нурлан Мамыров бир кездерде Кыргызстанды жейрендер байырлап, кийин жок болуп кеткенин белгиледи.
Малдын көбөйүшү жана браконьерлер жейрендердин жок болуп кетүүсүнө себеп болгон. Бул тууралуу Нурлан Мамыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамыров: Кыргызстанда жейрендер малдын көбөйүшүнөн жок болуп кеткен
Анын айтымында, 2007-жылы жейренди көргөнүн айткандар болгон, бирок бул аныкталган эмес.
"Илгери жейрендер кыргыз жерин байырлачу экен. Тарыхка кайрылсак деле кечээ жакында эле Саякбай Каралаев бүркүт менен жейрен уулаганы айтылат. Тилекке каршы, союз учурунда пландык экономикага ылайык малдын санын өстүрүү мерчемделген. Майда жандыктын башы 9 миллионго жеткен. Натыйжада жайыт начарлап, жапайы жаныбарлар жайыт үчүн атаандаштыкта уттуруп жиберген. Тоюттун аздыгы, айыл чарба жаныбарларынан жуккан оору жана браконьерлердин айынан жейрен жок болуп кетти. Ар кандай маалыматтар боюнча, жейрендер 80-жылдары Семиз-Белди байырлаганы айтылат. Соңку ирет 2007-жылы Кыргызстандын аймагынан жейренди көргөнүн айткандар бар, бирок бул документ менен тастыкталган эмес. Эми Өзбекстандан 15 жейрен алып келип аларды көбөйтүү аракети көрүлүүдө", — деди Мамыров.
Ошондой эле ал буга чейин Казакстандан 50 жейрен алып келүү аракети ишке ашпай калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0