Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиев: сүт бези функциясын аткарбагандан улам рак келип чыгат

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук онкология жана гематология борборунун онколог, маммологу, жогорку категориядагы дарыгер Ибрагим Алиев
Улуттук онкология жана гематология борборунун онколог, маммологу, жогорку категориядагы дарыгер Ибрагим Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Улуттук онкология жана гематология борборунун онколог, маммологу, жогорку категориядагы дарыгер Ибрагим Алиев Кыргызстанда 100 миң аялдын 20сы сүт безинин рагынан жабыркай турганын айтты.
Статистика боюнча өнүккөн өлкөлөрдө эмчек рагы менен жабыркагандар абдан көп. Алсак, аларда 100 миң аялдын 120сы жабыркаса, ал эми Кыргызстанда 100 миң аялдын 20сы сүт безинин рагына чалдыгат. Бул кооптуу көрсөткүч. Жашоо турмуш өзгөргөн сайын биз дагы ошого баратабыз. Бул тууралуу Ибрагим Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Алиев: сүт бези функциясын аткарбагандан улам рак келип чыгат
Анын айтымында, эмчек рагы 35-55 жаштагылар арасында көбүрөөк кездешет.
"Онкологиялык оорулардын так эмнеден улам пайда болгонун айтуу кыйын. Ошол сыяктуу эле эмчек рагына алып келген кыйыр себептер — бул генетикалык фактор, улгайган курак, ашыкча салмак, тамеки, спирт ичимдиги, сүт безинин жаракаты. Андан тышкары, эстроген гормонунун көптүгү, тубаса сүт безинин катуулугу да ракты чакырышы мүмкүн. Эгерде таенеси, энесинде эмчек рагы болсо, анда кыздары сөзсүз дарыгерге текшерилип, анализ тапшырышы керек. Чет мамлекетте гендин айрым өзгөрүүлөрү болгон учурда сүт бездери профилактикалык түрдө алып салынат. Бирок мастэктомияда эмчекти толук алып салбастан ичиндеги безди алып имплант салып коюшат. Эмчек рагынын башка онкологиялык ооруларга караганда көбүрөөк кездешкенинин себебин учурда аялдардын жашоо образы өзгөргөнүнө байланыштырам. Бул кеч турмушка чыгуу же чыкса да 1-2 балалуу болуп, эмизбейт, мындайча айтканда, сүт бези өзүнүн кызматын аткарган жок. Бул маселе батыш өлкөлөрүндө көп. Төштү сулуулук же башка үчүн эмес бала эмизсин деп жараткан. Жалпак тил менен айтканда, сүт бези кызматын аткарбагандан улам ооруп баштайт", — деди Алиев.
Маммолог Кыргызстанда эки жылда бир эркек гинекомастиядан (бездердин жана май ткандарынын гипертрофиясынан эмчектин чоңоюшу) улам эмчек рагына кабыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0