Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын финансы рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн серепчиси Абай Кадралиев

Кадралиев: айылда каржы пирамидасы тууралуу маалыматы жок адамдар көп

46
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын финансы рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн серепчиси Абай Кадралиев айылдарда каржы пирамидасы тууралуу маалыматы жок адамдар көп экенин айтты.

Тез убакытта акчаңызды көбөйтүп берем деген адамдардан качуу керек. Мындай маалыматты Абай Кадралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кадралиев: айылда каржы пирамидасы тууралуу маалыматы жок адамдар көп

Анын айтымында, туура маалыматтын жоктугунан улам түрдүү шылуундарга акчасын алдыргандар арбын.

"Каржы пирамидасын аныктоодо алгач алардын ишмердүүлүгүнө көңүл буруу керек. Мисалы, алар "алгач бир канча миң сом бересиз, бир убакыттан кийин ошол сумманы көбөйтүп аласыз" жана "артыңыздан киши алып келсеңиз, акчаңызды кайтарып аласыз" деген ыкмалар башталганда эле күмөн санап, алар тууралуу изилдеп көрүш керек. Көп учурда айылдарда жашаган адамдар каржы пирамидасынын туткуну болуп калышат. Ошондуктан түрдүү шылуундарга акчасын алдыргандар арбын. Эң эле жөнөкөй мисал, компаниянын расмий түрдө катталгандыгы тууралуу маалыматты аныктай алышпайт", — деди Кадралиев.

Ошондой эле адис финансы пирамидасын жүргүзгөн адам лицензия ала албагандыгы үчүн "Алдамчылык" беренеси боюнча жоопко тартыларын кошумчалады.

46
Белгилер:
каржы пирамидасы, финансы, рынок
Тема боюнча
Каржы пирамидасынан канткенде оолак боло алабыз. Ысык-Көл ОИИБден 7 кеңеш
Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институтунун директору Максатбек Нурдинов. Архив

Нурдинов: өлкөдө чыгарылган малдын уругун сактаган банк бар

10
Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институтунун директору Максатбек Нурдинов асыл тукум малды көбөйтүүдө жергиликтүү породаларга басым жасоо зарылдыгын айтты.

Илимий институттун Биотехнология борбору бар. Ал жерде мал үчүн атайын сперма банк иштейт. Бул тууралуу Максатбек Нурдинов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Нурдинов: өлкөдө чыгарылган малдын уругун сактаган банк бар

Анын айтымында, аталган борбордо 1980-жылдардан берки өлкөдө чыгарылган асыл тукум малдын уругу тоңдурулуп, сактоодо турат.

"Малдын асылдуулугун арттырууда жергиликтүү климатка көнгөн породаларга басым жасоо өтө маанилүү. Анткени биздин тоолуу өлкөгө же климатына көнө албай, сырттан алып келинген мал кырылып калышы мүмкүн. Андыктан асыл тукум экен деп эле сырттан ташып келүүгө кызыга бербеш керек. Тескерисинче, биздеги бар малдын асылдуулугун арттырууга жана аны көбөйтүүгө басым жасоо зарыл. Бул үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Маселен, биздин илимий институтта республикада соңку 40 жылда чыгарылган асыл тукум малдын баарынын спермалары атайын банкта сакталып турат. Азыр аларды алып, пайдалануу заман талабы, — деди Нурдинов.

Илимпоз калк арасында малдын туягынын санына эмес сапатына кызыгуу колго алына баштагандыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

10
Белгилер:
Максатбек Нурдинов, асыл тукум, өнүктүрүү, саясат
Тема боюнча
Нурдинов: малдын тукумун жакшыртуу үчүн 15-20 жыл талап кылынат
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев

Айталиев: чакан ГЭСтер өндүргөн электр энергияны мамлекет сатып алат

25
(жаңыланган 13:37 28.10.2021)
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев чакан ГЭСтерди куруу, инвесторлорду кызыктыруу үчүн мыйзамдар жөнгө келтириле турганын белгиледи.

Чакан ГЭСтер чыгарган электр энергияны мамлекет милдеттүү түрдө 10 жыл бою сатып алат. Аны 15 жылга чейин узартуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Тилек Айталиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Айталиев: чакан ГЭСтер өндүргөн электр энергияны мамлекет сатып алат

Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоору учурда өлкө башчынын кароосунда.

"Энергетика тармагындагы саясатты жүргүзгөн мекеме катары чакан ГЭСтерди куруу, инвесторлордун кызыгуусун жаратуу үчүн бул багыттагы ченемдик акт, мыйзамдар менен иш жүргүзүлөт. Учурда "энергияны кайра жаратуу булактары жөнүндө" мыйзам иштеп жатат. Анда чакан ГЭСтер иштеп чыккан электр энергияны мамлекет 10 жыл милдеттүү түрдө сатып алат. Ошондой эле колдонуучулар сатып ала турган баадан кыйла жогору нарк коюлган. Учурда сатып алуу убактысын 15 жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен каралып, президенттин кароосуна жиберилди. Мамлекет башчы кол койсо бул норма күчүнө кирет. Буга ички жана тышкы инвесторлор кызыгуу жаратууда", — деди Айталиев.

Ал инвесторлор тарабынан жер бөлүп берүү боюнча көйгөйлөр көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

 

25
Белгилер:
чакан ГЭС, электр энергиясы, инвестор, Тилек Айталиев
Тема боюнча
Өкмөт беш жылда өлкөнүн энергетикалык коопсуздукка жетерин убадалады
Сом купюралары жана моенаталары. Иллюстративдик сүрөт

Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене

0
(жаңыланган 16:36 28.10.2021)
Жаңы кодекс ишке кирсе Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компанияларга, интернет-дүкөндөргө салык салына баштайт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сунушталып жаткан Салык кодексинин жаңы редакциясы "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык" деген глава менен толукталды. Бул норма интернет аркылуу товар саткан жана кызмат көрсөткөн тармактарга салык салууну жол-жоболоштурат.

Ошондой эле блогерлер да соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул туурасында Электрондук формада кызмат көрсөтүү терминине түшүндүрмө берген 32-берененин 3-бөлүгүндө жазылган.

Салык кызматынын Методология башкармалыгынын башчысы, кодексти иштеп чыгуу тобунун мүчөсү Нурлан Умтулов бул эки топко бөлүнөрүн билдирди.

Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компаниялар жарнама жана башка кызматтардан киреше таап жатканы үчүн кошумча нарк салыгын (12 пайыздык ставка) төлөйт. Ал эми Кыргызстанда катталган интернет-дүкөндөр үчүн атайын режим киргизилди, алар пайдасынын 2 пайызын салыкка чегерет. Аталган компаниялар Салык кызматына каттоого турууга милдеттүү болот. Ал эми блогерлер сыяктуу соцтармактан акча тапкан жарандар 10 пайыздык ставка менен киреше салыгын төлөйт.

"Учурдагы салык мыйзамдары боюнча деле блогерлер салык төлөшү керек. Себеби алар кызмат көрсөтүү үчүн акча алып, пайда таап жатпайбы. Андыктан блогерлер да милдеттүү. Болбосо жеке ишкер катары катталып бирдиктүү салык (4 пайыздык ставка менен — ред.) төлөшү керек", — деди Жумалиев.

Салык кодексинин долбоорунун маалыматтык негиздемесинде учурда электрондук коммерция чөйрөсүндөгү иштерге салык салууну башкаруу мүмкүн эместиги, колдонуудагы мыйзамдарда салыктын ушул түрү каралбаганы белгиленген.

Жаңы Салык кодексинин долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Аны 2022-жылдын 2-январынан тарта колдонууга чыгаруу пландалууда.

0
Белгилер:
салык кодекси, блогер, электрондук коммерция, интернет-дүкөн
Тема боюнча
Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт. Сунушталган Салык кодекси