Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Нурдинов: малдын тукумун жакшыртуу үчүн 15-20 жыл талап кылынат

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институтунун директору Максатбек Нурдинов
Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институтунун директору Максатбек Нурдинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Жазылуу
Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институтунун директору Максатбек Нурдинов малдын тукумунун сапатын жогорулатууга кеминде 15-20 жыл убакыт талап кылынарын айтты.
Институт Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине карап, малдын асылдуулугун арттыруу, алардын тукумун сактоо, жакшыртуу иштери менен алектенет. Бул тууралуу Максатбек Нурдинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Нурдинов: малдын тукумун жакшыртуу үчүн 15-20 жыл талап кылынат
Анын айтымында, илимий институтта 68 окумуштуу эмгектенет.
"Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институту республикадагы малдын тукумун сактоо, аларды жакшыртуу жана асыл тукум малдардын сапатын арттыруу боюнча илимий иштерди жасайт. Биздин институттун жасаган иштеринин натыйжасында өлкөдө малдын 12 жаңы тукуму чыгарылган. Алар: Ала-Тоо жана Олуя ата деген уйдун эки породасы, жылкынын жаңы кыргыз тукуму, койдун уяң жүндүү, жарым уяң жүндүү, жарым кылчык жүндүү, алай жана эт, май багытындагы куйруктуу айкөл породасы, өтө популярдуулукка жеткен арашан тукуму, эчкинин жүн, тыбыт жана сүт багытындагы үч породасы, ошондой эле чаар тоок. Булар Кыргызстандын климаттык шартына ылайыкташтырылыган тукумдар. Мунун баары бир жылда эле ишке ашып калган жок. Бир тукумду элге жайылтуудан мурда 15-20 жыл ал изилдөөдөн өтүп, апробацияланып, андан соң гана тукум катары бекитилет, — деди Нурдинов.
Ал институт учурда өлкөдөгү малдын тукумун жакшыртуу боюнча атайын программанын негизинде иш алып барып жатканын кошумчалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0