Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мелисбек кызы: жөлөк пул көбөйдү, бирок элдин колуна тие элек

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык колдоо, эмгек жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн адиси Жаңыгүл Мелисбек кызы
Социалдык колдоо, эмгек жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн адиси Жаңыгүл Мелисбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Социалдык колдоо, эмгек жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн адиси Жаңыгүл Мелисбек кызы жарандарды социалдык жактан коргоо иштери тууралуу маалымат берди.
1-октябрдан тарта айрым категориядагы жарандарга жөлөк пулдун көлөмү жогорулады. Бирок эл аны ала элек. Кайра эсептөөдөн кийин алдыдагы айларда кошулуп берилет. Бул тууралуу Жаңыгүл Мелисбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мелисбек кызы: жөлөк пул көбөйдү, бирок элдин колуна тие элек
Анын айтымында, учурда 96 миңден ашуун жаран социалдык жөлөк пул алат.
"Президенттин 1-сентябрдагы жарлыгына ылайык, октябрдан тарта айрым категориядагы жарандар үчүн жөлөк пулдун көлөмү көтөрүлгөн. Анын негизинде министрлик токтом долбоорун иштеп чыкты. Натыйжада 1-октябрдан баштап айрым категориядагы жөлөк пул алуучулардын акчасы көбөйтүлдү. Бирок учурда акча мурункудай эле берилип жатат. Кийинки айларда кайра эсептөөдөн соң кошумча каражат берилет. Министрликте жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу аракеттери байма-бай көрүлүүдө. Алсак, "Түндүк" порталы ишке кирип, жарандардан маалым каттарды талап кылуу азайды. Натыйжада кызмат көрсөтүү жеңилдетилип, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга мүмкүндүк болду. Ошол эле жөлөк пул алуучулардын көпчүлүгү накталай эмес төлөмгө өткөрүлдү", — деди Мелисбек кызы.
Ал учурда "балага сүйүнчү" эки күндүн ичинде жарандардын эсебине түшүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0