Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Копоев: актёрлук кесипти ызадан, таарынычтан улам тандагам

© Sputnik / Асель СыдыковаАктер, телеведущий Нурдоолот Копоев
Актер, телеведущий Нурдоолот Копоев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Белгилүү актёр, теле алып баруучу, Эл аралык Чынгыз Айтматов жана Жолдубай Кайыпов атындагы сыйлыктарынын лауреаты Нурдөөлөт Копоев быйыл чыгармачылыгына 20 жыл толгонун айтты.
Актёр катары "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр" тасмалары аркылуу элге таанылдым. Бир топ фильмдерде эпизоддук ролдорум бар. Кино жааты аксап калганы менен театрдагы, үн коштоо жаатындагы ишим түзүк эле. Кээде актёрлук кесибим калып калды, алып баруучу болбой эле койбой деп өкүнүп кетем. Бул тууралуу Нурдөөлөт Копоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.
Копоев: актёрлук кесипти ызадан, таарынычтан улам тандагам
Ал актёрлукту ызадан, таарынычтан улам тандаганын белгиледи.
"Нарындын Ат-Башы жергесинин Кара-Булуң айылынан болом. Көп балалуу үй-бүлөнүн он үчүнчү баласымын. Көпчүлүгү ата-энемдин жолун жолдоп кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Убагында атам эки чоң айылды тейлечү. Кесиби уста болгондуктан күнү-түнү эле балка кармап отурчу. Ошентип атамдын артында Төлөмүш Океев тарткан "Устанын өз бактысы" деген фильми, бир топ журналисттердин телеберүүлөрү калды. Мурун "эмне үчүн актёрлукту тандадың?" деп сурашса эле кыялым болчу дей берчүмүн. Кийин ойлоп көрсөм бул кесипти ызадан, таарынычтан улам тандаптырмын. Бир жолу 7-класс кезимде тартуу тобу устаканада атам менен иним Бакдөөлөттү тартышты. Мен да тартылгым келип, аралашайын десем урушуп чыгарып жиберишкен эле. Окууну бүткөндө эжем борборго, Дүйшөн Байдөбөтовго алып келди. Ошентип драма театрда окуп калдым. Москвага окууга сынак башталды. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайда окуп келгендер Козунов деген жетекчиге ким жакса, дароо белги берет дешти. Сынакка кирсем эле ал киши тишимди мактаса эле ого бетер жылмайып күлө бердим. Канча бир тууган экенимди сураганынан 16 десем албай койбосун деп "үч бир туугандын ортончусумун" деп койдум. Себеби ал киши кыргыздын менталитетин жакшы түшүнүп, кичүү бала үйдө ата-энесин карап каларын билчү эле. Биринчи турда эле Козунов "увидимся там" деген жообун айтты. Ошентип Москвада төрт жыл билим алып келдим", — деди Копоев.
Актёр Щепкинди бүтүп келген 20дай улан-кыздын ичинен 2-3 эле бала кесибин улантып кеткенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0