Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аматов: Кыргызстан боюнча 1 040 китепканачы үч күндүк окуудан өттү

© Sputnik / Асель СыдыковаЖаңы китеп" мекемесинин директору Төлөгөн Аматов
Жаңы китеп мекемесинин директору Төлөгөн Аматов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Жаңы китеп" мекемесинин директору Төлөгөн Аматов Кыргызстандагы мектептер 73-75 пайызга китеп менен камсыз болгонун айтты.
Билим берүү жана илим министрлигинин "Жаңы китеп" мекемеси өкмөттүн 2018-жылдын 24 -июлундагы №341 токтомунун негизинде "Секторду өнүктүрүү программасынын билим берүү системасын чыңдоо" долбоорунун колдоосу жана Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ачылган. Бул тууралуу Төлөгөн Аматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Аматов: Кыргызстан боюнча 1 040 китепканачы үч күндүк окуудан өттү
Анын айтымында, учурда мектептер 73-75 пайызга китеп менен камсыз болгон.
"Жаңы китеп" мекемеси жалпы билим берүү уюмдарына жаңы окуу китептерин ижарага берип, андан түшкөн каражатка өз убагында кайра жаңы китептерди басып чыгарып, мектеп китепканаларын окуу китептери менен камсыздайт. Мекеменин негизги максаты —  окуучуларды заманбап талаптарга жооп берген окуу китептери менен камсыз кылуу. Ар бир беш жылда окуу стандарттары өзгөрөт. Андыктан китептер ар беш жылда жаңыланып басып чыгарылат. Бир окуу китебинин ижара акысы 25 сом. Бул сумма окуу китептеринин жоголушун жана бузулушун, окуучулардын санынын жыл сайын өсүшүн эске алуу менен бир китептин орточо баасына жараша эсептелет. Учурда 5-6-класстардын сегиз аталыштагы китеби ижарага берилүүдө. Ал эми быйыл 7-8-9-класстардын информатика китеби кошулду. Ошону менен бирге мекеме китепканачылардын квалификациясын жогорулатуу үчүн бир топ иштерди алып барат. Анда китепканачылар заманбап технологиялар менен иштөөнү үйрөнүүдө. Азыр Кыргызстан боюнча онлайн жана оффлайн түрүндө 1 040 китепканачы үч күндүк окуудан өттү", — деди Аматов.
Ал быйыл республиканын 2 138 китепканасы инвентаризацияланып, "Жаңы китеп" автоматташтырылган системасын жайылтуу үчүн жабдуулар менен камсыздалып, китепканаларга 2 098 компьютер берилгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0