Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраева: үй сатып алууда сөзсүз юристтин кеңешин алуу зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаВедущий партнер юридической компании AIM Partners Мээрим Ибраева
Ведущий партнер юридической компании AIM Partners Мээрим Ибраева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
AIM Partners юридикалык компаниясынын жетектөөчү өнөктөшү Мээрим Ибраева үй сатып алууда тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн юристтин жардамы маанилүү экендигин айтты.
Үй сатып алууда кыймылсыз мүлктүн юридикалык документтерине көңүл буруу керек. Ал үчүн юрист менен кеңешип, тиешелүү укуктар тууралуу маалымат алуу абзел. Бул тууралуу Мээрим Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ибраева: үй сатып алууда сөзсүз юристтин кеңешин алуу зарыл
Анын айтымында, укуктук билими жоктор юридикалык кызмат албаганына байланыштуу көп чыгымга учурайт.
"Үй сатып алып жаткан адам кыймылсыз мүлктүн юридикалык документтерине көңүл бурушу керек. Эгерде батирди курулуш компаниясынын курулуп бүтө элек үйүнөн сатып алып жатсаңыз, анда жер тилкесин, курулушу боюнча документтерин, лицензияларын текшерүү зарыл. Бул үчүн атайын юридикалык билим талап кылынат. Жөнөкөй жаран бардык маалыматты толук билбей калышы мүмкүн. Мурда юридикалык кызматтарга жарандар көп маани бербей келген. Ошол себептен жыйынтыгында чыгымга учурап, көп убакыт коротушкан. Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында курулуш иштери көбөйгөнүнө байланыштуу да жарандар алданып калган учурлар көп", — деди Ибраева.
Ошондой эле адис курулуп бүтпөй калган үйлөрдүн үлүшчүлөрү убадаланган мөөнөтүндө батирин ала албай, юридикалык жардам алуу максатында кайрылышарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0