Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманалиев: акимдердин аймакта "хан" болуусуна бир норма жол бербейт

© Sputnik / Асель СыдыковаГлава администрации Ноокатского района Данир Иманалиев
Глава администрации Ноокатского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Ноокат райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев акимдердин аймактарда "хан" болуусуна "жаран өзү туулуп өскөн аймакта аким боло албайт" деген норма жол бербей турганын белгиледи.
Акимдердин ыйгарым укуктарынын кеңейиши — бул чоң жоопкерчилик. Аны эбегейсиз бийлик катары баалоонун өзү жаңылыштык. Мындай пикирин Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Иманалиев: акимдердин аймакта "хан" болуусуна бир норма жол бербейт
Анын айтымында, эми акимдерден кемчилик кетсе түз эле сөз министрлер кабинетинин төрагасына жана президентке тиет.
"Райондук администрациясынын жетекчиси аймактарда "хан" болуп алат дегенге макул эмесмин. Биринчиден, мыйзамда жаран өзү туулуп өскөн аймакта жетекчилик кызматты аркалай албай турганы жазылган. Бул фундаменталдуу нерсе. Анткени ротация менен башка аймакка барып алып түшпөс жетекчи болууга эч кандай негиз жок. Акимдердин эң негизги максаты — президенттин саясатын жер-жерлерге жеткирип, аймакты өнүктүрүү боюнча милдеттерди аткаруу. Экинчиден, акимдердин ыйгарым укуктарынын кеңейишинин аркасында чоң жоопкерчилик бар. Себеби мындан ары акимдер, жергиликтүү жетекчилер кемчилик кетирсе түз министрлер кабинетинин төрагасына жана президентке сөз тиет. Анын үстүнө бүгүнкү күнү коомчулук кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарды ишке ашырууга жол бербейт. Ошондой эле мыйзамда акимдерди иштен алуу механизми так көрсөтүлгөн. Эгерде алар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү, мыйзамдарды аткарбаса, ишенимден кетсе иштен алынат", — деди Иманалиев.
Ошондой эле ал мыйзам бийлик вертикалынын бекемдей турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0