Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айталиев: чакан ГЭСтер өндүргөн электр энергияны мамлекет сатып алат

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭнергетика министринин орун басары Тилек Айталиев
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев чакан ГЭСтерди куруу, инвесторлорду кызыктыруу үчүн мыйзамдар жөнгө келтириле турганын белгиледи.
Чакан ГЭСтер чыгарган электр энергияны мамлекет милдеттүү түрдө 10 жыл бою сатып алат. Аны 15 жылга чейин узартуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Тилек Айталиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Айталиев: чакан ГЭСтер өндүргөн электр энергияны мамлекет сатып алат
Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоору учурда өлкө башчынын кароосунда.
"Энергетика тармагындагы саясатты жүргүзгөн мекеме катары чакан ГЭСтерди куруу, инвесторлордун кызыгуусун жаратуу үчүн бул багыттагы ченемдик акт, мыйзамдар менен иш жүргүзүлөт. Учурда "энергияны кайра жаратуу булактары жөнүндө" мыйзам иштеп жатат. Анда чакан ГЭСтер иштеп чыккан электр энергияны мамлекет 10 жыл милдеттүү түрдө сатып алат. Ошондой эле колдонуучулар сатып ала турган баадан кыйла жогору нарк коюлган. Учурда сатып алуу убактысын 15 жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен каралып, президенттин кароосуна жиберилди. Мамлекет башчы кол койсо бул норма күчүнө кирет. Буга ички жана тышкы инвесторлор кызыгуу жаратууда", — деди Айталиев.
Ал инвесторлор тарабынан жер бөлүп берүү боюнча көйгөйлөр көтөрүлүп жатканын кошумчалады.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0