Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдраманов: ваучердик системада акча ооруканага эмес, бейтапка түз которулат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессор, медицина илимдеринин доктору, эмгек сиңирген дарыгер, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиохирургу Калдарбек Абдраманов
Профессор, медицина илимдеринин доктору, эмгек сиңирген дарыгер, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиохирургу Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Профессор, медицина илимдеринин доктору, эмгек сиңирген дарыгер, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиохирургу Калдарбек Абдраманов ваучердик каржылоо системасында өкмөт акчаны ооруканага эмес, бейтапка түз жумшай турганын айтты.
Буга чейин "Ден соолук", "Манас", "Манас таалими" аттуу саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программалары иштеген. Ага эл аралык долбоорлор жардам берип, бир топ каражат бөлүнгөн. Бирок жыйынтыктап айтканда үч долбоор тең ишке ашкан жок. Өз максатына жеткен болсо, кайрадан реформа жасалбайт эле да. Мындай пикирин Калдарбек Абдраманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдраманов: ваучердик системада акча ооруканага эмес, бейтапка түз которулат
Анын айтымында, учурда мамлекет медицинага жылына 18 миллиард сом бөлөт.
"Учурда жаңы келген бийлик мамлекетти өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык Саламаттык сактоо системасын каржылоонун принциптери менен механизмдерин өзгөрткөнү турат. Анда ваучердик каржылоо системасы киргизилип, акчаны ооруканага эмес, бейтапка түз которуу кызматы пайдаланылат. Ваучердик системада каржы жаранга түз берилет. Ал мамлекеттикпи, жеке менчикпи, кайсы ооруканасына барууну өзү чечет. Тактап айтканда, тандоо эркиндиги болот. Учурда мамлекет медицинага жылына 18 миллиард сом бөлөт. Ал каражат медицинанын бардык жагына жумшалып жатат. Негизи акча медициналык кызматка гана керектелиши зарыл эле. Ошондо мамлекеттик кепилдикке кирген адамдардын бардыгы толук акысыз же жеңилдетилген шартта медициналык кызматты ала алмак. Эми ваучердик каржылоо системасы кирсе өкмөт жаранга сертификат берет, ал эми бейтап кайсы оорукана жакшы кызмат көрсөтсө ошого барып дарыланат. Мында жеке же мамлекеттик оорукана болобу, мекеме кызматын, клиниканын жабдылышын жакшыртууга умтулат. Себеби кайсы ооруканага көбүрөөк бейтап кайрылса, ошого жараша акча түшүп турат. Бирок бул жерде мамлекеттик ооруканалардын абалын жакшыртпаса, бейтаптар жеке клиникаларга ооп кетиши мүмкүн", — деди Абдраманов.
Дарыгер кыргыз медицинасы өнүгүп, кызмат көрсөтүү сапаты жакшырыш үчүн базаны чыңдап, оорукананын ички каржылоо булагы (дарыкана, лаборатория, медтехника) болушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0