Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдижалил уулу: кыргыз сегменти маалыматты туура жарыялоону толук үйрөнө элек

© Sputnik / Табылды КадырбековSMM-адис Сталбек Абдижалил уулу
SMM-адис Сталбек Абдижалил уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
SMM-адис Сталбек Абдижалил уулу социалдык тармакты туура колдонуу тууралуу, жалган жана чын маалыматты кантип айырмаласа болорун айтып берди.
Маалымат айдыңында жалган, булагы такталбаган, такыр эле чындыкка төп келбеген маалыматтар көбөйдү. Жалган нерсе элдин ой-пикирин тескери жакка буруп жибериши мүмкүн. Бул тууралуу Сталбек Абдижалил уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдижалил уулу: кыргыз сегменти маалыматты туура жарыялоону толук үйрөнө элек
Анын айтымында, жөнөкөй адам өзүнүн коопсуздугу үчүн баскан-турганын, жеке маалыматтарын интернетке жарыялоодон этият болушу керек.
"Бүгүнкү күндө смартфон көтөргөн ар бир адам социалдык тармакта катталуу. Барган сайын колдонуучулардын саны өсүп жатат. Кимдир бирөөнүн аккаунтуна баш багуу менен анын ким экенин, эмне иш кыларын да байкасак болот. Башкача айтканда, баракча резюменин да кызматын аткарат. Азыр баракчаларды ар ким ар кандай алып барат. Демек, социалдык тармакты колдонуу боюнча атайын бирдиктүү эреже деле жок. Мыйзам тыюу салбаган маалымат, сүрөт, видеолорду жарыялай берсе болот. Кыргыз сегменти маалыматты туура жарыялоону толук үйрөнө элек. Кабардын чын-төгүнүн аныктабай туруп коомго жарыялашат. Бул жерде жалган маалымат элге терс таасирин тийгизбейби деген суроо болуш керек. Коомдун медиасабаттуулугу төмөн экендигин пандемия учурунда байкадык. WhatsApp, ар кайсы платформадагы мессенджерлерге келген маалыматтын чын-жалганын тактабай туруп, эл дүрбөп, дароо эле жайылтып жиберип жатышты. Интернетте маалымат өтө көп. Ага ишенүүдөн мурда такташ керек. Мисалы, мурдатан бери тастыкталган гана кабарларды жазган сайттарга же болбосо ичинде расмий булактарга шилтеме болсо гана ага ишенсе болот. Ким айтканы, кабарлаганы белгисиз, ушактын тили менен жазылган маалыматты таратуудан алыс болсок", — деди Абдижалил уулу.
Адис маалыматты бир нече булактан окуп, салыштырып, чын-төгүнүн аныктаса болорун кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0