Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кулумбетов: өлкөдө күн батареясын колдонгондор бир пайызга да жетпейт

© Sputnik / Асель СыдыковаЭксперт по энергоэффективности Жаныбек Кулумбетов
Эксперт по энергоэффективности Жаныбек Кулумбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазылуу
"Юнисон Групп" альянсынын энергияны үнөмдөө боюнча эксперти Жаныбек Кулумбетов энергетикалык кризистин шартында көп адамдар үйдү жылытуунун альтернативалуу түрлөрү жөнүндө ойлоно баштаганын айтты.
Шаардагы имараттардын 60 пайызынан ашыгы Советтер Союзунда эски курулуш ыкмалары менен тургузулган. Демек, жылуулук жакшы кармалбайт. Учурда жылына 10 миңден ашык имарат курулат. Ошонун баары туура салынып, жылуулукту сактоо мүмкүнчүлүгү жакшы болсо, электр энергиясы азыраак кетмек. Бул тууралуу Жаныбек Кулумбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кулумбетов: өлкөдө күн батареясын колдонгондор бир пайызга да жетпейт
Анын айтымында, Кыргызстанда имараттар жылуулукту сактоо мүмкүнчүлүгү эске алынбай курулат.
"Изилдөөлөргө караганда, Европа өлкөлөрүнө (150 киловатт) салыштырмалуу Кыргызстанда (450 киловаттан жогору) бир квадрат метрге үч эсе көп жылуулук энергиясы сарпталат. Мунун кесепетинен кышкысын электр энергиясынын жетишсиздиги ачык-айкын байкалууда. Ал эми шаардын тегерегиндеги конуштарда көмүр мештери колдонулгандыктан ыш маселеси жаралып жатат. Мындан улам үйдү жылытуунун альтернативдүү түрлөрүн ойлоно баштадык. Бүгүнкү күндө Финляндияда 2,5 киловаттын жардамы толук бир үйдү жылытуучу системаны колдонуп жатышат. Бирок аларда бул нерсе комплекстүү каралып, алгач үй абдан жакшы жылууланган. Биз дагы ушул ыкманы колдонушубуз керек. Бизде жылуулук насосу, күн коллектору, батареялары, био күйүүчү зат (кык, тамак-аш калдыктары) менен жылытуучу ыкмалары бар. Бирок Кыргызстанда күн батареясын колдонгондор бир пайызга дагы жетпейт. Себеби мындай жабдыктар өлкөгө аз алып келинчү жана кымбат болчу. Учурда бизге окшош адистердин сунушу менен мындай жабдууларды алып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча өкмөттүк деңгээлдеги жобо кабыл алынган", — деди Кулумбетов.
Адис азыр мейманкана, мектеп, бала-бакча жана айрым жеке үйлөрдүн ээлери күн коллекторлорун колдонуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0