Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акимова: ЕАЭБ ишкерлерди эл аралык соодага үйрөтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Нургүл Акимова
Экономист Нургүл Акимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жазылуу
Экономист Нургүл Акимова ишкерлер Евразия экономикалык биримдигине продукциясын чыгаруу менен экспорт боюнча тажрыйба топтоп жатканын белгиледи.
ЕАЭБ биздин ишкерлерди эл аралык соодага үйрөтүүдө. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Акимова: ЕАЭБ ишкерлерди эл аралык соодага үйрөтүүдө
Анын айтымында, ишкерлердин продукциясы эл аралык стандарттарга ылайык болсо дүйнөлүк рынокко чыга алат.
"Бул жагынан алганда бизнесмендерди ЕАЭБ эл аралык соода-сатыкка үйрөтүүдө. Эгерде мурдагыдай иштей берсек, экспорттун көбөйүшү дагы маселе болмок. Албетте, ЕАЭБге кирбей деле жаңы технологиялар менен иш алып барган ишкерлер болгон. Алар өз алдынча аракет кылып эл аралык рынокторго чыгып жүргөн. Бирок учурдагы техникалык регламенттерди өлкө адистери иштеп чыккан жок. Аларды толугу менен ЕАЭБден алдык. Бул жагынан алганда институттук колдоо болду. Эрежелердин, талаптардын, стандарттардын сапаты өстү. Натыйжада жергиликтүү ишкерлердин деңгээлин көтөрүүгө салым болду", — деди Акимова.
Экономист ишкерлер жетиштүү тажрыйба топтоп, уюмдан тышкары үчүнчү өлкөлөр менен дагы иштешүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0