Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алымбеков: "Келечек жаратмандары" бүтүрүүчү класстарга ылайыкталган

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызпатентке караштуу Интелектуалдык менчик мамлекеттик фондунун жетектөөчү адиси Айдар Алымбеков
Кыргызпатентке караштуу Интелектуалдык менчик мамлекеттик фондунун жетектөөчү адиси Айдар Алымбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жазылуу
Кыргызпатентке караштуу Интелектуалдык менчик мамлекеттик фондунун жетектөөчү адиси Айдар Алымбеков мектеп окуучуларына арналган жаш ойлоп табуучулар олимпиадасы тууралуу маалымат берди.
"Келечек жаратманы" олимпиадасы үчүнчү ирет уюштурулууда. Былтыр ага 900дөн ашуун мектеп окуучусу катышкан болчу. Бул тууралуу Айдар Алымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Алымбеков: "Келечек жаратмандары" бүтүрүүчү класстарга ылайыкталган
Анын айтымында, аталган жарышка 13 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр катыша алат.
"Келечек жаратманы" олимпиадасы үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Азыркы учурда бардык каалоочулардан эмгектерди кабыл алып жатабыз. Ал үчүн өтүнмө кат жана жасаган эмгегине жети мүнөттөн ашпаган видео түшүндүрмө жөнөтүшү керек болот. Олимпиадага 13-18 жаш курактагы, республиканын бардык билим берүү мекемелеринин окуучулары катыша алышат. Команда болуп же жеке өзү деле катышса болот. Олимпиада ойлоп табуучулук жана видеороликтер болуп эки багытта өтөт. Мелдешке окуучуларыбыз дилгирлик менен катышып келишет. Былтыр коронавирус пандемиясынан улам кол тийгизбей дезинфекциялоочу жабдуу ойлоп тапкан кыз биринчиликти багындырган. Биздин жаш жеткинчектерибиздин арасында ушундай ойлоп табуучулар бар экендиги абдан кубандырат. Жеңүүчүлөргө жылдагыдай эле баалуу белектер ыйгарылып, жыйынтыгы 2022-жылдын февралында чыгат. Олимпиаданын максаты жаштар арасында инженердик, IT багытындагы кесиптерге тартуу, так илимдерге кызыккан жаштарды көбөйтүү болуп саналат", — деди Алымбеков.
Адис кененирек маалыматтарды Кыргызпатенттин расмий сайтынан алса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0