Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Саматов: Кыргызстанды кёрлинг дүйнөсү тааный баштады

© Sputnik / Асель СыдыковаПрезидент федерации кёрлинга КР Тынчтыкбек Саматов
Президент федерации кёрлинга КР Тынчтыкбек Саматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов кышкы спорттун өнүгүшүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керектигин айтты.
Кыргызстандын кёрлинг командасы эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүп, кыска убакытта дүйнөлүк спортчулар тааный баштады. Мындай пикирин Тынчтыкбек Саматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Саматов: Кыргызстанды кёрлинг дүйнөсү тааный баштады
Анын айтымында, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлсө, кёрлинг спортчуларынын кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн ат салыша алат.
"Кёрлинг спортуна кызыгып, бизге кайрыла башташты. Учурда көбүнесе басымды өспүрүмдөргө коюп, алардын машыгуусуна шарт түзүү аракетин көрүүдөбүз. Анткени кёрлинг биздин шартта кымбат спорттун түрүнө кирет. Мелдештерге спортчуларды даярдоо максатында Россияга байма-бай окуу-машыгуу жыйындарына жиберип, тажрыйба топтоп жатабыз. Эгерде финансылык колдоо болсо, күчтүү машыктыруучуларды чакырууга мүмкүнчүлүк жаралат эле. Бүгүнкү шартыбызга карабастан, эл аралык мелдештерге татыктуу чыгып жатабыз. Учурда Кыргызстанды кёрлинг дүйнөсү тааный баштады", — деди Саматов.
Ошондой эле жетекчи жакын арада Орто Азияда күчтүү команда түптөлүп каларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0