Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков

Жаныбеков: фермерликти камсыздандыруу колго алынууда

74
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айыл чарба тармагындагы тобокелчиликтердин алдын алуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын айтып берди.

Талаачылыктагы тобокелчиликтердин алдын алуу максатында агрардык камсыздоо киргизүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жаныбеков: фермерликти камсыздандыруу колго алынууда

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү менен айыл чарбасында тобокелчиликтер көбөйүүдө.

"Дыйканчылыктагы тобокелчиликтердин алдын алуу максатында агрардык камсыздандыруу киргизилүүдө. Учурда жарандар Айыл банктан лизингге асыл тукум мал алса, 1,5 пайыз төлөп малын камсыздандырат. Эгерде өлүп калса, камсыздандыруу компаниясы ордун толтуруп берет. Ушундай эле аракеттер талаачылык боюнча болот. Ал дыйкандардын түшүмүн мөндүр алып же үшүк уруп кеткенде тарткан чыгымдарын жеңилдетет. Мындан тышкары, сугат суу тартыштыгын чечүү аракеттери көрүлүүдө. Ирригациялык курулмаларды оңдоо колго алынып, скважиналар инвентаризациядан өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө 2875 скважинанын 92си министрликтин, калганы айыл өкмөттөрдүн балансында. Мына ушуларды дыйкандарга ижарага берип, жер алдындагы сууларды туура пайдалануу менен сугат көйгөйүн чечүү аракеттери көрүлүүдө", — деди Жаныбеков.

Ошондой эле ал учурда айыл чарба техникасын да камсыздандыруу киргизилгенин кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

74
Белгилер:
Аскарбек Жаныбеков, айыл чарба, камсыздандыруу, тобокелдик
Тема боюнча
Жаныбеков: өлкөгө 4,5 миң тонна жогорку сорттогу үрөн алып келинет
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов

Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда

21
(жаңыланган 15:51 28.11.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов парламенттик шайлоого жалпы 736 эл аралык байкоочу көз салып жатканын айтты.

Мурдагы шайлоого салыштырмалуу элдин катышуусу төмөн болууда. Себеби шайлоонун улам-улам өткөрүлүшү, эпидемиологиялык абал процесске кедергисин тийгизип жатат. Мындай пикирин Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда

Анын айтымында, парламенттик шайлоого 58 мамлекет жана 54 уюмдан жалпы 736 эл аралык байкоочулар көз салууда.

"Парламенттик шайлоого республикалык 2435 шайлоо тилкеси, ал эми өлкөнүн чегинен тышкары аймактарда 59 тилке уюштурулган. Кечээ Конституциялык мыйзамдын негизинде шайлоо тилкелеринен тышкары жерлерде бирдиктүү шайлоо округу боюнча арыз берген 13 481 жарандын ичинен 12 137и добуш берди. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү үчүн арыз берген 13 009 шайлоочунун 11 616сы шайлоого катышты. Биринчи шайлоо тилкеси түнкү үчтөрдө Сахалинде ачылган. Учурда 1-2 шайлоо тилкесине барып абалды карап келдим. Ал жерлерде автоматтык эсептегич урналар керектен чыгып жана иштебей калган учурлар катталган жок. Башка тилкелерде да көйгөй жаралбаганын айтышты. Ал эми байкоочулар азыркы сааттарга карата шайлоо тынч, мыйзамдын негизинде өтүп жатканын, шайлоо комиссиясынын ишине, добуш берүүнүн жүрүшүнө дооматы жок экенин билдиришти. Азырынча арыз-даттануулар, мыйзам бузуулар каттала элек. Социалдык тармактарды да мониторинг кылып жатабыз", — деди Бекматов.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 592 миллион сом сарптап жатканын кошумчалады.

21
Белгилер:
Абдыжапар Бекматов, шайлоо, парламент, депутат, БШК
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Акеров: бул парламент "ажыдаардын куйругу" болуп калышы мүмкүн
Саясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров

Акеров: бул парламент "ажыдаардын куйругу" болуп калышы мүмкүн

122
(жаңыланган 09:04 28.11.2021)
Саясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров VII чакырылыштагы парламентте бир мандаттуу округдан шайланган эл өкүлдөрүнүн арасынан президентикке ат салышчулар чыгышы ыктымалдыгын айтты.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңеш ажыдаардын куйругуна айланышы мүмкүн. Тактап айтканда, "артымда эл турат" деген жүйө менен президентке да кыр көрсөтчүлөр чыгышы ыктымал. Мындай пикирин Табылды Акеров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Акеров: бул парламент "ажыдаардын куйругу" болуп калышы мүмкүн

Анын айтымында, VII чакырылышка айрым акчалуулар кийин президенттик жарышка аттануу үчүн келишет.

"Бул парламентти алсыз болот, эч нерсени чечпейт деген пикирлер айтылууда. Бирок кези келсе так эле ажыдаардын куйругуна айланышы ыктымал. Дегеним, эгер президент өтө аша чаап катачылыктарды кетирсе, куйругу менен жаткыра чабышы мүмкүн. Анткени бул парламентте бир мандаттуу округдан келгендер "менин артымда эл турат" деген жүйөнү келтиришет. Мындай биздин тарыхыбызда болгон. Академик Акаевди деле элге, шайлоочуларына таянып бир мандаттуу округдун депутаттары ооз ачырбай койчу. Албетте, адеп мандатка көнгөнчө коркушат, анан бир-эки жылдан соң пикирлерин ачык билдире башташат ", — деди Акеров.

Саясий серепчи бир мандаттуу округдар чоң аймактарды камтып жаткандыктан, андан аттанган талапкерлер келечекте күчтүү саясий фигурага айлануу мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

122
Белгилер:
Табылды Акеров, парламент, саясат, келечек
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Бүгүнкү парламенттик шайлоо кандай өтүүдө: видео, сүрөт, баяндама
Юрист: мыйзамдарды жарандарга комикстер аркылуу түшүндүрүү колго алынды
Молодожены участвуют на выборах депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в избирательном участке №3212 в Тонском районе Иссык-Кульской области. 28 ноября 2021 года

ЗАГСтан шайлоого келди. Ысык-Көлдө үйлөнгөн эки жаш тилкеден добуш берди. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:49 28.11.2021)
Бул окуя облустун Тоң районундагы №3212 шайлоо участкасында болгон. Эки жаш үлпөт кийимчен келишкен.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районунда баш кошкон эки жаш парламенттик шайлоодо добуш беришти. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн Facebook баракчасына жазып, сүрөттөрүн чыгарды.

  • Молодожены участвуют на выборах депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в избирательном участке №3212 в Тонском районе Иссык-Кульской области. 28 ноября 2021 года
    Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстана
    © Фото / пресс-служба ЦИК КР
  • Молодожены участвуют на выборах депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в избирательном участке №3212 в Тонском районе Иссык-Кульской области. 28 ноября 2021 года
    Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстана
    © Фото / пресс-служба ЦИК КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстана

Жаштар ЗАГСтан түз эле шайлоо тилкесине келишкен. Бул окуя облустун Тоң районундагы №3212 шайлоо участкасында катталды.

Эске салсак, бүгүн өлкөдө Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Бул ирет шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу башка эреже менен өтөт. 54 талапкер партиялык тизме (пропорционалдык система), калган 36сы бир мандаттуу округ (мажоритардык система) менен келет. Парламенттин VII чакырылышында депутаттардын саны 90 болот.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.

0
Белгилер:
шайлоо, Жогорку Кеңеш, Ысык-Көл, үлпөт, той
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо