Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бегалиев: чет мамлекетте бекер окуу үчүн жети критерийге жооп бериш керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"LOGOS" билим берүү борборунун негиздөөчүсү Алтынбек Бегалиев
LOGOS билим берүү борборунун негиздөөчүсү Алтынбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
"LOGOS" билим берүү борборунун негиздөөчүсү Алтынбек Бегалиев аталган компания 2008-жылдан бери чет өлкөлүк окуу рыногунда иштеп келерин айтты.
Өлкөбүздөгү жүздөгөн балдар чет мамлекетке окууга тапшыруу 11-классты аяктап аттестат алгандан кийин башталат деп ойлошот. Бул андай эмес. Чет өлкөлүк ЖОЖдорго кабыл алуу 11-класстын биринчи чейрегинде башталат, демек, бүтүрүү классынын башталышында бардык документтер даяр болушу керек. Эгер 8-9-класстарда жогорку окуу жайга тапшырууну ойлонуп баштасаңар, жакшылап даярданууга үлгүрөсүңөр. Бул тууралуу Алтынбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бегалиев: чет мамлекетте бекер окуу үчүн жети критерийге жооп бериш керек
Анын айтымында, чет мамлекетте ошол өлкөнүн эне тилинде билим алуу жана англис тилин үйрөткөн университеттерде жеке грант же стипендия менен окуу мүмкүнчүлүгү бар.
"Бизге кайрылган балдар АКШда окуп, стипендия алгылары келишет. Бирок ошол эле учурда эч ким алдын ала даярданбагандыктан, жогорку окуу жайдан жеңилдиктерди алуу талабына жооп бербейт. Талапкерлердин мектептеги эң жогорку баалары жана англис тилин мыкты билиши, тилекке каршы, олуттуу каржылык колдоо алуу үчүн жетишсиз. Андыктан мындан үч жыл мурда окуучуларыбызга жардам берүүнү чечип "Келечек лидерлеринин мектеби" долбоорун баштаганбыз. Азыр биздин долбоордо Кыргызстан менен Казакстандын мектеп окуучулары билим алууда. Чет мамлекеттеги ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу үчүн стандарттык жети критерий бар. Булар мектептеги жакшы баалар (GPA), англис тилинин деңгээли (IELTS жана TOEFL), стандартташтырылган тесттердин натыйжалары (SAT), мотивациялык, сунуш каттары, студенттин портфолиосу же резюмеси (олимпиадалар), анын социалдык абалы жана сабактан тышкаркы иштери жөнүндө маалымат жана университеттин өкүлдөрү менен болгон маектешүүнүн жыйынтыгы. Эгер жогорку талаптар так аткарылбаса, анда абитуриент университетте акы төлөнүүчү негизде гана окуй алат. Окуу жайга өтүү үчүн көп убакыт, максаттуу даярданууну талап кылат. Университетке даярдануу – бул татаал жана узак процесс, анын жүрүшүндө англис тилин үйрөнүүдөн баштап, ар бир университеттин талаптарын жана дедлайнды эске алуу менен деталдуу планды түзүп алуу керек", — деди Бегалиев.
Ал билим берүү борборунда Кыргызстан, Казакстан, Россия жана АКШнын кесипкөй мугалимдер жана насаатчылары балдарды жогорку окуу жайга тапшырууга даярдай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0