Геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин төрагасынын орун басары Данияр Убышалиев

Убышалиев: лицензия алып кен каза баштагандардан төлөм алынбайт

56
(жаңыланган 10:11 12.11.2021)
Геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин төрагасынын орун басары Данияр Убышалиев кен иштетүүгө лицензия алгандар үчүн жыйым наркынын көтөрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди.

Кен казууга берилген лицензиялар кармалып турбаш үчүн төлөмдөрдүн баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу Данияр Убышалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Убыкеев: лицензия алып кен каза баштагандардан салык алынбайт

Анын айтымында, буга байланыштуу 30га чукул лицензия кайтарылган.

"Кен иштетүүгө лицензия алгандардан жыйым төлөтүү талабы — экономикалык механизм болуп эсептелет. Убагында кен чалгындоо үчүн лицензия алып инвестор издегендер тезинен ишке киришсин деген таризде колдонула баштаган. Тажрыйба көрсөткөндөй, убагында төлөмдөрдүн өлчөмү аз болуп калган. Кен иштетүүчүлөр лицензияны алып коюп, ишке киришпей жүрө берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калган. Ошондуктан бул төлөмдөрдү кайрадан карап чыгуу колго алынган. Бул жерде тобокелчиликтер деле жок. Себеби лицензияны иштетүүдө үч этап бар. Алгач кенди издөө, кийин чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Андан соң гана казып алууга киришет. Бул жыйымдар лицензия алгандар тезинен ишке киришүүсү үчүн экономикалык механизм болгондуктан казып алуу иштерине тиешеси жок", — деди Убышалиев.

Ошондой эле аткаминер кен иштетүү үчүн жалпы 2 450 лицензия берилгенин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

56
Белгилер:
кен, казуу, лицензия, төлөм, Данияр Убышалиев
Тема боюнча
Кыргызстан августта чет жакка былтыркыдан 40 эсе аз алтын экспорттоду
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов

Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда

33
(жаңыланган 15:51 28.11.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов парламенттик шайлоого жалпы 736 эл аралык байкоочу көз салып жатканын айтты.

Мурдагы шайлоого салыштырмалуу элдин катышуусу төмөн болууда. Себеби шайлоонун улам-улам өткөрүлүшү, эпидемиологиялык абал процесске кедергисин тийгизип жатат. Мындай пикирин Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда

Анын айтымында, парламенттик шайлоого 58 мамлекет жана 54 уюмдан жалпы 736 эл аралык байкоочулар көз салууда.

"Парламенттик шайлоого республикалык 2435 шайлоо тилкеси, ал эми өлкөнүн чегинен тышкары аймактарда 59 тилке уюштурулган. Кечээ Конституциялык мыйзамдын негизинде шайлоо тилкелеринен тышкары жерлерде бирдиктүү шайлоо округу боюнча арыз берген 13 481 жарандын ичинен 12 137и добуш берди. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү үчүн арыз берген 13 009 шайлоочунун 11 616сы шайлоого катышты. Биринчи шайлоо тилкеси түнкү үчтөрдө Сахалинде ачылган. Учурда 1-2 шайлоо тилкесине барып абалды карап келдим. Ал жерлерде автоматтык эсептегич урналар керектен чыгып жана иштебей калган учурлар катталган жок. Башка тилкелерде да көйгөй жаралбаганын айтышты. Ал эми байкоочулар азыркы сааттарга карата шайлоо тынч, мыйзамдын негизинде өтүп жатканын, шайлоо комиссиясынын ишине, добуш берүүнүн жүрүшүнө дооматы жок экенин билдиришти. Азырынча арыз-даттануулар, мыйзам бузуулар каттала элек. Социалдык тармактарды да мониторинг кылып жатабыз", — деди Бекматов.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 592 миллион сом сарптап жатканын кошумчалады.

33
Белгилер:
Абдыжапар Бекматов, шайлоо, парламент, депутат, БШК
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Акеров: бул парламент "ажыдаардын куйругу" болуп калышы мүмкүн
Саясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров

Акеров: бул парламент "ажыдаардын куйругу" болуп калышы мүмкүн

128
(жаңыланган 09:04 28.11.2021)
Саясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров VII чакырылыштагы парламентте бир мандаттуу округдан шайланган эл өкүлдөрүнүн арасынан президентикке ат салышчулар чыгышы ыктымалдыгын айтты.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңеш ажыдаардын куйругуна айланышы мүмкүн. Тактап айтканда, "артымда эл турат" деген жүйө менен президентке да кыр көрсөтчүлөр чыгышы ыктымал. Мындай пикирин Табылды Акеров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Акеров: бул парламент "ажыдаардын куйругу" болуп калышы мүмкүн

Анын айтымында, VII чакырылышка айрым акчалуулар кийин президенттик жарышка аттануу үчүн келишет.

"Бул парламентти алсыз болот, эч нерсени чечпейт деген пикирлер айтылууда. Бирок кези келсе так эле ажыдаардын куйругуна айланышы ыктымал. Дегеним, эгер президент өтө аша чаап катачылыктарды кетирсе, куйругу менен жаткыра чабышы мүмкүн. Анткени бул парламентте бир мандаттуу округдан келгендер "менин артымда эл турат" деген жүйөнү келтиришет. Мындай биздин тарыхыбызда болгон. Академик Акаевди деле элге, шайлоочуларына таянып бир мандаттуу округдун депутаттары ооз ачырбай койчу. Албетте, адеп мандатка көнгөнчө коркушат, анан бир-эки жылдан соң пикирлерин ачык билдире башташат ", — деди Акеров.

Саясий серепчи бир мандаттуу округдар чоң аймактарды камтып жаткандыктан, андан аттанган талапкерлер келечекте күчтүү саясий фигурага айлануу мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

128
Белгилер:
Табылды Акеров, парламент, саясат, келечек
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Бүгүнкү парламенттик шайлоо кандай өтүүдө: видео, сүрөт, баяндама
Юрист: мыйзамдарды жарандарга комикстер аркылуу түшүндүрүү колго алынды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанда өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммити учурунда

Региондо тынчтык болбосо кызматташуу мүмкүн эмес! Жапаровдун Ашхабаддагы сөзү

54
(жаңыланган 17:37 28.11.2021)
Өлкө башчы региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинде сөз сүйлөп, уюмдун алдындагы жаңы милдеттерди санап өттү.

Белгилей кетсек, бул уюмга Борбор Азия өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштын бир катар мамлекеттери мүчө.

Президенттин кебин анын маалымат кызматы жарыялады. Жапаровдун айткандарын тезис менен беребиз:

  1. климаттын өзгөрүп жатканын белгилеп кетүү маанилүү, себеби бул маселе өтө олуттуу глобалдык көйгөй, аны чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун токтоосуз аракети талап кылынат;
  2. абадагы көмүртектин көлөмүн төмөндөтүү жана циклдүү экономиканы пландуу өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты жандандыруу жана бекемдөө зарыл;
  3. Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Кайра калыбына келүүчү энергия булактары, биринчи кезекте, гидроэнергетика көмүртексиз өнүгүү саясатынын локомотиви болот; 
  4. уюмдун алкагында гидроэнергетика комплексинде инвестициялык кызматташтыкты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде түзүүнү жана парник газдарын бөлүп чыгаруунун көлөмүн азайтуу жолу менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү; 
  5. соода-экономикалык чөйрөдө региондук кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн ЭКУнун бардык өлкөлөрүндө долбоорлорду каржылоонун реалдуу системасын түзүүгө багытталган масштабдуу реформаларга убакыт келди;
  6. кеңейтилген региондук кызматташууда, экономикалык өсүштө жана чөлкөмүбүздү өнүктүрүүдө экономикабыз үчүн артыкчылыктуу болгон транспорт жана коммуникация, өнөр жай, энергетика, соода жана инвестиция, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактарда тийиштүү стратегия иштеп чыгып, аны ишке ашырууда чечкиндүү болушубуз керек;
  7. Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен биргеликте Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө жигердүү катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө Түркмөнстан жана Иран аймактары аркылуу Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет;
  8. Кыргызстан ЭКУ аймагында транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча ЭКУнун иш-аракеттер программасына кирген Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу долбоорун илгерилетүүгө чоң маани берет;
  9. Кыргызстан Шахид Ражаи портун пайдалануу аркылуу Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Иран каттамы боюнча транспорт коридорунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жаатында жигердүү иш жүргүзүп жатат;
  10. региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес. Афганистандагы кырдаал ЭКУ өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыш мезгилинин алдында Афганистандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Дал ушул гуманизм принциптеринин негизинде учак менен Кыргызстан Кабулга, ошондой эле жүк ташуучу транспорттор менен алыскы Кичи жана Улуу Памирдин аймактарынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирди. Кыргызстандан билим алып жаткан афган жарандарына студенттик виза берүүнү улантуу чечимин кабыл алды. Афганистандын жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кетишине жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо маанилүү;
  11. ЭКУга мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүү деңгээлдеринин ортосундагы айырманы азайтуу максатында биргелешкен, жыйынтыгында баары биригип келип, бирдиктүү натыйжа бере турган тиешелүү чараларды көрүү зарыл;
  12. бүгүн кабыл алып жаткан "Ашхабад декларациясы" уюмубуздун бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берет.

Садыр Жапаров Кыргызстанга бүгүн кайтат.

54
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, Ашхабад
Тема боюнча
Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп, кызматташчу өзгөчө багыттарды атады
Садыр Жапаров Ашхабадга жетти. Аэропорттогу сүрөт, видео