Кыргызстандын банктар союзунун президенти, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Анвар Абдраев

Абдраев: кыргыз-орус мамилеси бизнес тармагында тездик менен өнүгүүдө

46
Кыргызстандын банктар союзунун президенти, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Анвар Абдраев кыргыз-орус ишкерлеринин алакасы тездик менен өнүгүп жаткандыгын айтты.

Бизнес жаатында Россия менен Кыргызстандын мамилеси тездик менен өсүп жатат. Кайсы тарап реалдуу кадамдарды жасап, кимдер сөз жүзүндө гана кол сунуп жатканын азыр жергиликтүү ишкерлер деле түшүнүп калышты. Андыктан россиялык ишкерлер менен ар тараптуу иштерди жүзөгө ашыруу аракеттери кызуу жүрүүдө. Мындай пикирин Анвар Абдраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Абдраев: кыргыз-орус мамилеси бизнес тармагында тездик менен өнүгүүдө

Анын айтымында, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун эки мамлекет ортосундагы бизнес алаканы өнүктүрүүгө салымы чоң.

"Бул бизнес жыйында Россиянын "Росэксимбанкы" Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун учурдагы каражатынан сырткары 200 миллион долларды бир жыл ичинде берери айтылды. Мындан сырткары, дагы ушунча сумма лизинг иретинде бөлүнөрү тууралуу кеп болду. Ушундай эле эки тараптуу ишкерлер форуму август айында Ысык-Көлдө өттү эле. Анда да Россиянын банк тармагы биздин аталган тармакты санариптештирүү жана башка бир топ багыттар боюнча макулдашууларга кол коюлуп, сүйлөшүүлөр жүргөн. Адатта мындай чогулуштар жөн гана куру сөз боюнча калып кетчү. Ал эми Россия менен Кыргызстандын ишкерлеринин бул жыйналыштарынын ар биринин жыйынтыгы иш жүзүндө жасалып жатат. Мындан улам биздин ишкерлер дагы кайсы тараптын бизнесмендери менен реалдуу иштешсе болорун түшүнүп калышты. Албетте, бардык мурдагы Советтер Союзуна мүчө болгон өлкөлөр сыяктуу эле биздин банк системабыз дагы Россияныкына окшош. Анан калса бир тилде баарлашып, бири-бирибизди түз түшүнүшө алабыз. Бул факторлор да ишкерлик мамилени өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт", — деди Абдраев.

Адис эки өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө болушу да ишкерлик чөйрөсүндөгү мамилелердин жагымдуу шартта өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады.

46
Белгилер:
бизнес, банк, Кыргызстан, Россия, Анвар Абдраев
Тема:
Россиялык компаниялардын Кыргызстандагы миссиясы (13)
Тема боюнча
Россия Кыргызстандын бизнесине 400 миллион доллар берет. Шарттары
Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөөлөр жана экспертиза борборунун директору, академик Чолпонкул Арабаев

Арабаев: шайлоонун жыйынтыгы боюнча талаштарга кол менен саноо чекит коет

98
(жаңыланган 14:01 29.11.2021)
Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөөлөр жана экспертиза борборунун директору, академик Чолпонкул Арабаев шайлоо салыштырмалуу таза өткөнүн белгиледи.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча талаштарга кол менен саноо чекит коюшу керек. Мындай пикирин Чолпонкул Арабаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Арабаев: шайлоонун жыйынтыгы боюнча талаштарга кол менен саноо чекит коет

Анын айтымында, шек жараткан участкаларда кол менен саноого байкоочулар, партиялардын өкүлдөрү катышуусу зарыл.

"Шайлоонун табияты ушундай болот экен. Кандай гана болбосун, натыйжасы талаш жаратып келет. Соңку учурда бул өнөктүк көйгөй жараткан процесске айланып бара жаткандай түр калтырат. Анткен менен кечээки шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу таза өттү десек болот. Себеби административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюлуп, татыктууларды тандоого мүмкүндүк жаралды. Ошентсе дагы мандатка жетпей калган партиянын өкүлдөрү ар кандай чакырыктарды жасап, пикир билдирүүдө. Негизи шайлоодон жеңгенди да, татыктуу жеңилгенди дагы билиш керек. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам алдын ала жыйынтыгы талаш жаратууда. Муну чечүүнүн жалгыз жолу — кол менен саноо. Партиялардын жана бир мандаттуу округдан катышкан талапкерлердин өкүлдөрү шайлоо участкаларында отурду. Ошолордун катышуусу менен бардык бюллетендерди кол менен саноо зарыл. Ошондо гана шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча талаштарга чекит коюлушу керек", — деди Арабаев.

Ошондой эле ал саясатчылардын билдирүүлөрү коомдо ажырым жаратпашы керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

98
Белгилер:
Чолпонкул Арабаев, шайлоо, саясат, жыйынтык
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
БШК добуштарды кол менен эсептей баштады
Көөнө сөз рубрикасы

Талантбеков: күйкөнүн алгырын же куштун балтыр жүнүн "таканак" десе болот

129
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.

Таканак деген — алгыр куштун балтыр жүнү. Дагы бир маанисинде күйкөнүн алгыры катары айтылат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: күйкөнүн алгырын же куштун балтыр жүнүн "таканак" десе болот

Анын айтымында, эпостогу көөнө сөздөрдү колдонуу менен сөз байлыкты кеңейтүүгө болот.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков
© Sputnik / Эркин Садыков
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Манас" эпосунда көп кездешкен "таканак" деген сөз бар. Жакып, Чыйырды түш көргөндөгүсүндө "салоорлору сары алтын, таканак жүнү дагы алтын. Чырымтал жүнү чылк алтын" деп келип, аягында "алтымыш кулач жибек боо, үпкөлөп жүрүп багыпмын" деген саптар менен сүрөттөлөт. Бул жерде "таканак" деп алгыр куштун балтырына өскөн жүнү айтылууда. Бул сөздүн дагы бир маанисинде күйкөнүн кырааны катары белгиленет. Учурда салбуурун калкка кеңири тарап, кулачын жаюуда. Анын алкагында мүнүшкөрлүктө куштун балтырындагы жүнү дебестен "таканак" дегенди колдонууга болот", — деди Талантбеков.

Манасчы куштун төшү, канаты жана башка бөлүктөрүндөгү жүндөрүнүн аталышы бар экенин кошумчалады.

129
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, көөнө сөз, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: Тибетте мантыны "Манас" эпосунда кездешкен сөз менен аташат
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив

Кечээтен бери коронавирус үч адамдын өмүрүн алды

7
(жаңыланган 09:34 30.11.2021)
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 260 адам өтүп, анын ичинен 5 803ү биринчи дозаны алса, 4 457 адам экинчисин сайдырды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 66 адамдан коронавирус табылып, 118 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 19;
  • Чүй облусу – 30;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 7.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 351ге жетти. Анын ичинен 178 230 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, оору бир сутка ичинде үч адамдын өмүрүн алып, жалпы 2 746 адам дарттын курмандыгы болду.

Азыркы учурда стационарда 405, ал эми амбулатордук шартта 488 адам дарыланып жатат. Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 10 260 адам өтүп, анын ичинен 5 803ү биринчи дозаны, 4 457 адам экинчи компонентин алган.

7
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, бейтап, статистика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат
Жугуштуу илдеттер ооруканасы эми COVID жуктургандарды кабыл албайт