Психолог-педагог Асел Суюмбаева

Суюмбаева: балага бардык көйгөйдү сүйлөшүп чечсе болорун үйрөтүү керек

36
Психолог-педагог Асел Суюмбаева адам суицидге көбүнесе көңүл буруу, мээримге муктаж болгондо барарын айтты.

Балдар сезимтал келишет. Алар бардык нерсени жүрөгү аркылуу өткөрүшөт. Андыктан ата-эне бала менен чер жазышып сүйлөшүп туруусу шарт. Бул тууралуу Асел Суюмбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Суюмбаева: балага бардык көйгөйдү сүйлөшүп чечсе болорун үйрөтүү керек

Анын айтымында, учурда коом өзүмчүл болуп баратат.

"Коомубузда психология маданияты төмөн. Үй-бүлөдө да, коомдо да бири-бирибиз менен баарлашканды, жөнөкөй гана адамгерчилик милдеттерибизди унутуп калдык. Жан дүйнө материалдык байлыктан сырт нерсе экенине, аны да азыктандыруу зарылдыгына көңүл бурбай жатабыз. Кошунага, дос-таанышка, жөн эле көчөдөн өтүп бараткан адамга жылмайып мамиле кылганды, кичине убакыт бөлүп жардамга муктаж болсо көмөк көрсөтүп койгонду адамдык милдет катары эсептебей калдык. Балдарга деле ушул мамиле. Алар менен гаджетсиз, мээрим төгүп жөн гана отуруп өтө аз сүйлөшөбүз. Өзгөчө эркек балдарыбызга ал жалгыз эместигин туйдуруп, бардык маселени сүйлөшүү, кеңешүү аркылуу чечсе болорун, ал балабыз биз үчүн кандай баалуу адам экенин сездирип, жеткирбейбиз. Бул учурлар көзгө көрүнбөгөнү менен чоң маселе. Мунун артында өспүрүмдөр суициди, жаш кезинен депрессияга кабылуу сыяктуу олуттуу көйгөйлөр жатат. Андыктан адамга жөн гана жылмайып, жөн гана акыбалын сурап, бугу болсо угуп, колуңдан келсе жардам берип коюу коомдун маданиятын өстүрөт", — деди Суюмбаева.

Психолог балдар менен өлүм тууралуу да ачык сүйлөшүп, ал компьютердик оюндардай эмес экенин түшүндүрүп коюу зарылдыгын кошумчалады.

36
Белгилер:
психолог, суицид, маданият, коом, Асел Суюмбаева
Тема боюнча
Мурзаев: адамдар дээрлик тууроо менен жашайт
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев

Исаев: мас айдоочулар 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат

47
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев жол эрежесин бузгандарга жаңы кодекстерге ылайык кандай жоопкерчиликтер каралганын айтып берди.

1-декабрдан тарта иштей баштаган кодекстерге ылайык жол эрежесин бузгандарга 1000 сомдон 20 миң сомго чейин айып каралган. Ошондой эле коомдук иштерге тартуу жана административдик камоо дагы киргизилди. Бул тууралуу Тилек Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Исаев: мас айдоочулар 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат

Анын айтымында, кодекстерге ылайык ЖКККББнын кызматкерлери окутулууда.

"Жол эрежесин бузуудан улам көптөгөн кырсыктар болуп жатат. Ошондуктан аны сактоо эң негизги талап. Муну тескеген бир катар мыйзамдар бар. Анын ичинен укук бузуулар боюнча жаңыланган кодекси 1-декабрдан тарта иштеп баштады. Анда жол эрежесин бузган, айдоочулук милдетине кайдыгер караган жарандар үчүн тийиштүү чаралар камтылган. Бул мыйзам иштелип чыгып коомчулукка жарыялангандан баштап өздүк курамды окутуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Укук бузуулар кодексинде жол кырсыктарынын келип чыгышына себепкер болгон учурларды эске алуу менен ар кандай айыптар, административдик камоо жана 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу камтылган. Маселен, айыптардын көлөмү жол эрежесин бузуунун олуттуулугуна жараша 1000 сомдон 20 миң сомго чейин жетет. Мурда мас абалда автоунааны башкаргандарга 17 миң сом каралса, жаңы кодекстерде айыптан тышкары 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу, 3-5 сутка административдик камоо жоопкерчилиги каралган. Бул сот органдары тарабынан аныкталат. Айдоочу жол эрежесин бир нече ирет бузса, ошого жараша айыптардын көлөмү аныкталат. Мындан тышкары, жаран алкоголдук ичимдик ичкен башка жаранга унаасын берсе, айдоочуга, унаанын ээсине өзүнчө чара көрүлөт. Буга утурлай эле мерчемделген ылдамдыктан 20-40-60 чакырымга чейин ашырганына жараша көлөмү 1000 сомдон 7500 сомго чейинки айып чегерилет", — деди Исаев.

Ошондой эле ал айдоочу 10 жолу эреже бузганы аныкталса автоунаасы айып аянтчага коюла турганын кошумчалады.

47
Белгилер:
жол эрежеси, айдоочу, кодекс
Тема боюнча
Капотко чап жармашкан, сүйрөлгөн, жөөлөнгөн милиционерлер. Видео топтом
Манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев

Бакчиев: манасчылыкты кабыл алган соң оорудан айыктым

24
Манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев кантип манасчы болуп калганын баяндады.

Ушул өнөрдүн бардык эле ээси сыяктуу мен дагы 12 жашымда аян түш көргөм. Жаштыкка салып анча маани бербей жүрө бергем. Бирок түшүмө кайра-кайра баатырлар, Саякбай Каралаев кирип "манас айт" деп туруп алышты. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бакчиев: манасчылыкты кабыл алган соң оорудан айыктым

Анын айтымында, манасчы алгачкы жолу эл алдында 1986-жылы республикалык "Эл чыгармачылыгы" деген фестивалда манас айтып, биринчиликти багындырган.

"Орусча окуган ошол замандагы катардагы эле тестиер бала болчумун. Кой жайып жүрүп бир күнү аян түш көрдүм. Ошондон кийин эле "манас айт" деген аян түштөр жанымды койбой көп кире баштады. Этибар албай жүрүп 6-классымда окуп жатканда үч жыл катары менен оорудум. Жайкы каникулда балдар эс алууга кетсе мен ооруканада өткөрчүмүн. Бөйрөгүм ооруп, бел талыйт, дарыгерлер текшере келсе эле таза чыгат. Ушинтип кыйналып жүргөнүмдө башкы дарыгер мени "барып манасыңды айт, ошондо айыгасың, сен ооруган жоксуң" деп ооруканадан чыгарып койду. Ушул кишинин бул аракети мага таасир берди десем болот. Көрсө ал жөн гана хирург эмес, белгилүү манасчы Алмабек Тойчубековдун небереси экен. Өзү да өнөр ээси экен, бирок коммунист болгондуктан элге чыгып айтуудан тартынчу тура. Анан 1989-жылы Баку шаарында бүткүл союздук дастанчылардын фестивалы болду. Ал жакка мен манас айтып бардым. Фестивалда кыргыздын манасын алгач уккан адамдар да отурган экен. Ал жерден Абай Кунанбаевдин небереси Алма Кунанбаева деген этномузыка таануучу окумуштуу эже эпостон үзүндү айтып бүтүп чыга береримде, айланып-тегеренип, келип кучактап бетимден өөп, оозума түкүргөн. Кезегинде анын бул ырымын түшүнбөптүрмүн. Бирок мына ушул нерселер мага манасты таштабай алып кетүүмө чоң түрткү берген", — деди Бакчиев.

Ал бүткүл союздук фестивалда манасты ошол кездеги Азербайжан ССРинин маданият министри Полад Бүлбүл оглу да жылуу кабыл алганын кошумчалады.

24
Белгилер:
Талантаалы Бакчиев, Манас, эпос, аян
Тема боюнча
Ок жааган Кабулда манас айткан Уркаш Мамбеталиев. 31 жыл мурунку видео
Сот балкасы. Архивдик сүрөт

Жапаров Бишкек менен беш облуска сотторду дайындады. Тизме

67
(жаңыланган 22:50 04.12.2021)
Жер-жерлердеги кызмат орундарына Судьяларды тандоо боюнча кеңеш 16 талапкерди сунуштаган. Мамлекет жетекчиси 15ине макул болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында жана облустарда 15 сотту дайындаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Билдирүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин атына Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына тогуз талапкер, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына жети талапкер, жалпы 16 талапкерге сунуш келип түшкөнү айтылат.

Өлкө башчы 15 талапкер боюнча сунушка макул болгон.

Баткен облусу

Баткен облустук соту:

  • Абышова Кундуз Сабырбековна.

Кадамжай райондук соту:

  • Ажиматов Улан Абдыкаарович;
  • Тажибаев Илязбек Курванбекович;

Лейлек райондук соту:

  • Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович.

Сүлүктү шаардык соту:

  • Эрматова Гүлзат Муктаровна.

Кызыл-Кыя шаардык соту:

  • Адимов Акылбек Акматович.

Ош облусу

Кара-Суу райондук соту:

  • Гуламидин уулу Элчибек.

Ош шаардык соту:

  • Турдалиев Ниязбек Назарович.

Жалал-Абад облусу

Ноокен райондук соту

  • Чоноев Чынгыз Мелисович.

Жалал-Абад шаардык соту:

  • Ганиев Жоомарт Махамадисакович.

Чүй облусу

Чүй облустук соту:

  • Кыдыралиева Нурзат Амантуровна.

Талас облусу

Талас шаардык соту:

  • Сүйналиев Дамир Сүйүнтаевич.

Бишкек шаары

Бишкек шаардык соту:

  • Бекбаева Нурия Хусаиновна;
  • Накешова Минура Асылбековна;
  • Токтосунов Шарабидин Бекташевич.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирери айтылды.

67
Белгилер:
Садыр Жапаров, судья, дайындоо, жарлык
Тема боюнча
Садыр Жапаров аймактарга 14 судья дайындады. Тизме
Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады. Тизме