Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Камчыбеков: кенге лицензия алып, бирок иштебей жаткандарды аныкташ керек

© Sputnik / Асель СыдыковаТоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков
Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков кен иштетүүчүлөргө берилген лицензияга төлөмдүн көбөйтүлүшү экономикалык рычаг катары туура чечим болгонун белгиледи.
Кен иштетүүчүлөргө берилген лицензияга төлөмдүн көбөйтүлүшү ак ниет иштеген компанияларга да терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Мындай пикирин Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Камчыбеков: кенге лицензия алып, бирок иштебей жаткандарды аныкташ керек
Анын айтымында, мыйзамда лицензияны кармап тургандыгы үчүн төлөмдөн баш тарткандарга кандай чара көрүлөрү белгиленген эмес.
"Учурда издөө, чалгындоо, кен казуу болуп жалпы 2600дөн ашуун лицензия берилген. Алардын ичинен казуу ишин тезинен баштабай, лицензияны сатуу максатында кармап тургандар үчүн төлөм киргизилген. Тийиштүү шарттарды аткарбаса, капчыгына күч келет. Ошондо лицензияны жөнү жок кармап турбай тезинен ишке киришет. Ансыз лицензияга болгон төлөмдүн көлөмү жыл сайын эки, үч, он эселеп көтөрүлө берет. Бирок алардын арасында ак ниет иштеп жаткандары да бар. Алар дагы ушул жыйымды төлөөгө мажбур болушууда. Ошол эле учурда алардын баарын текшерүүгө Геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин адистери жетишпейт. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде атайын инспекциялык орган түзүү зарыл. Ал мекеменин аймактарда филиалдары болушу керек. Мына ошондо такталган, аныкталган маалыматтарга ээ болуп, лицензия алып, бирок иштебей жаткан компанияларга салым төлөтсө туура болмок. Учурда көптөгөн компаниялар иштеп жатканына карабастан лицензиялык жыйымдарды төлөөгө муктаж болуп жатышат", — деди Камчыбеков.
Ошондой эле ал кен казуучулардын кварталдык отчётунун негизинде төлөмдөн бошотуу керектигин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0