Бакыт ордосу үй-бүлөнү чыңдоо борборунун түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов

Эргешов: үй-бүлө курууга жаштарды даярдабай жатабыз

40
"Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо борборунун түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов кызды да, уулду да бир кесиптин ээси кылып коюу ата-эненин милдетине кирерин айтты.

Жогорку окуу жайга өтөрдө, бир жерге жумушка кирерде, ал тургай мектеп босогосун аттаарда да балдарыбызга кошумча билим берип даярдайбыз. Бирок үй-бүлө курууга эч кандай камылгадан өткөрбөй жатабыз. Мындай пикирин Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Эргешов: үй-бүлө курууга жаштарды даярдабай жатабыз

Анын айтымында, жаңы үй-бүлө түзүлүп жатканда эки жаш эле эмес, кудалар да психологиялык, моралдык жана социалдык даярдыктардан өтүүсү зарыл.

"Эки жаштын үйлөнүүсү бир эле ошол адамдардын түзгөн союзу эмес. Ал бүтүндөй эки журттун мамилесинин куралышы. Ошол жаңы түптөлгөн үй-бүлөнүн түбөлүктүү жашап кетишине эки тараптын бардык адамдары жоопкерчиликтүү. Алар бул союздун урабай жашап кетишине жардам бериши керек. Эки жаштын көз карашы, дүйнө таанымы, тутунган дини, дилинде айырма болушу мүмкүн. Жаңы үйлөнүп жаткан жигитке кыйын болсо, келген келинге андан оор болушу ыктымал. Өзгөчө мына ушул бири-бирин таануу учурунда кудалар жөлөп-таяп, моралдык, психологиялык көмөгүн берип турушу зарыл. Буга өздөрү да даяр болушу керек. Ал эми бизде керек болсо бири-бирин жакшы билип, тааныбай эле баш кошуп алган учурлар да жок эмес. Ошондуктан балдарыбызды үй-бүлө курууга кичинекейинен даярдашыбыз керек, бул мамлекеттик деңгээлдеги иш болушу шарт. Ата-эне баласынын курсагын тойгузуп, эч нерседен кем кылбай эрезеге жеткирип коюп эле турмушка узата бербей, кыз, эркегине карабай кесип үйрөтүүгө, коомдо өзүн алып жүрүү адеп-ахлагын таанытууга, турмушта керектүү бардык билимдердин ээси кылууга милдеттүү", — деди Эргешов.

Ал чоң чыгымдарды коротуп той өткөрүү да үй-бүлө институтун түзүү маданиятынын жоктугунан жаралып жаткандыгын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

40
Белгилер:
Акимжан Эргешов, үй-бүлө, даярдык, жоопкерчилик
Тема боюнча
Эргешов: үй-бүлө институтун чыңдоочу борбор түзүлдү
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

19
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков келечекте ири марафондук жарыштарга катышуу ниети бар экендигин айтты.

Токио Олимпиадасы спорттук карьерамдагы эң чоң тажрыйба берген мелдеш болду. Мындай пикирин Нурсултан Кеңешбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

Анын айтымында, кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча марафондук жарышта Олимпиададан медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Жеңил атлетика менен 2017-жылдан тарта алектене баштагам. Олимпиадага катышуу үчүн төрт жыл кызуу машыгып, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап көрдүм. Олимпиадага жолдомо берүүчү турнир Алматы шаарында өтүп, 1 500 метрлик аралыкты рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыктагам. Жалпы мелдештердеги чогулган упайлардын жыйынтыгы менен ири спорттук иш-чарага катыштым. Олимпиаданын деңгээли абдан жогору болгондуктан атаандаштык курч болду. Жеңил атлетиканын легендалары, дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасында болуп, көп нерсе үйрөнө алдым. Бирок кыска жана орто аралыкка чуркоодо атаандаштык бийик болгону үчүн медаль утуу оор экен. Андыктан марафондук жарышта күчүмдү сынап көргүм келет", — деди Кеңешбеков.

Ошондой эле жөө күлүк Ысык-Көлдө заманбап машыгуу базасы курулса спортчулардын эл аралык мелдештерден ийгилик жаратуусуна шарт түзүлө тургандыгын кошумчалады.

19
Белгилер:
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика, олимпиада
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Эколог Гамал Сооронкулов

Соронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

40
(жаңыланган 11:23 06.12.2021)
Эколог Гамал Соронкулов Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч турарын айтты.

Eco-map долбоорунун алкагында аймактык координаторлор экологиялык көйгөйлөрдү чогултат. Фото, видеодокументациялар, окуянын тексттик сыпаттамасы, ошондой эле географиялык координаттар картага жайгаштырылат. Эко-картада таштандылар, абанын, суунун, жер кыртышынын булганышы, токойлорду кыюу, кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу (браконьерлик), мыйзамсыз балык уулоо, радиация жана ядрохимикаттар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сооронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

Анын айтымында, учурда экологиялык картада 500дөн ашык чекит белгиленген.

"Eco-map долбоору — бул Кыргызстандын экологиялык картасы. Борбор Азия боюнча мындай долбоор жок. Влад Ушаков деген атактуу фотожурналист менен ишти баштаганыбызга бир жылдан ашты. Кыргызстанда экологиялык көйгөйлөр өтө көп. Мына ошонун баарын географиялык картага түшүрүп, маселе тууралуу элге, тиешелүү органдарга жеткиликтүү маалымат берүү максатын көздөйбүз. Учурда аталган картада 500дөн ашык чекит белгиленген. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн Каркырасынан баштап, Баткендин Лейлегине чейин жеттик. Бирок Ош облусу, Талас, Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнү жана Нарын жергесинин түштүк аймагындагы көйгөйлөр толук изилдене элек. Мен ушунча жылдан бери экология тармагында эмгектенип жүрсөм дагы өлкөдөгү көйгөйлөр мага да жаңылык болду. Алсак, Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч экен. Билишимче, өлкө аймагында 1 930дай айыл болсо, тилекке каршы, бардыгында талапка жооп берген полигон (таштанды сактоочу жай) жок. Ал жер курчалбагандыктан мал да жайылып жүрө берет. Болуптур, чоң көйгөйдү чече албайт экенбиз, бирок ар бир айыл өкмөтүнүн бюджети таштанды таштоочу жай уюштуруп, ал жерди курчап коюуга кудурети жетет эле", — деди Соронкулов.

Эколог Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр менен ecomap.kg сайтынан таанышып ар бир жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүү чараларды көрүп баштоосу зарыл экенин кошумчалады.

40
Белгилер:
Кыргызстан, экология, таштанды, маселе, айыл, полигон
Тема боюнча
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив

Кирешесинен чыгашасы көп. Баш прокурор Зулушевдин кандай мал-мүлкү бар

0
(жаңыланган 18:00 06.12.2021)
Баш прокурордун жакын туугандары былтыр 250 миң сом киреше тапса, чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мал-мүлкү тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.

Документке ылайык, башкы прокурор бир жылда 750 722 сом иштеп тапкан, чыгашасы жазылган эмес. Ал Toyota (үлгүсү көрсөтүлгөн эмес) автоунаасына, 70 миң сомдук эмерек, 25 миң сомдук компьютер жана техникага ээлик кылат. Мындан сырткары, 250 миң сомго бааланган бодо малы, 700 миң сомдук жылкы, 1 650 000 сомдук таза кандуу аргымактары бар.

Ал эми жакын туугандары 2020-жылы 250 миң сом киреше чогулткан. Ошол эле учурда чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен. Алардын 119 чарчы метрлик турак жайы, аянты 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар.

Белгилей кетсек, Курманкул Зулушев 2020-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.

0
Белгилер:
Курманкул Зулушев, мал, мүлк, декларация, Башкы прокурор, туугандар
Тема боюнча
Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды