Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калбаев: момпосуй өндүрүүчү ишкананы болгону 120 миң сомго ачканбыз

© Sputnik / Асель СыдыковаИшкер Абылгазы Калбаев
Ишкер Абылгазы Калбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Ишкер Абылгазы Калбаев 2019-жылдын аягы жергиликтүү момпосуй өндүрүүчү ишкана ачканын айтты.
Ишкер Абылгазы Калбаев гранттарга анча деле ишене бербестигин айтып, андыктан бизнеске адам өзүнүн акчасын салып иштеткенден өтөрү жок деген пикирин билдирди.
Калбаев: момпосуй өндүрүүчү ишкананы болгону 120 миң сомго ачканбыз
Иш өнөктөшүм экөөбүз бизнести 120 миң сомго баштаган элек. Эки жылдын ичинде жалпы-жонунан 4 миллион сомго жакын инвестиция салдык. Азыр эми ошол эле сумманы берүүгө даяр инвесторлор бар. Бул тууралуу Абылгазы Калбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакында жергиликтүү продукция араб өлкөлөрүнүн жана Европанын базарларына чыгуу алдында турат.
"Алгач кургатылган жемиш экспорттоочу компания катары ишти баштадык. Кийинчерээк чоң көлөмдөгү сырьё топтоо кыйынга турду. Кургатылган мөмө-жемиштердин түрлөрү аз болуп, бир топ тоскоолдуктарга дуушар болдук. Анан аларды кайра иштетип, момпосуй жасоо идеясы келди. Бул иш чындап эле көп инвестицияны, күчтү жана убакытты талап кылат. Интернеттен чет элде кургатылган жемиштен таттуу азыктарды кантип жасаарын көрүп калдым. Мен бир нече рецепттерди таап, ошондой кылып көрдүк, бирок даамы жаккан жок. Эксперимент кылып жатып, эки-үч айдан кийин өзүмдүн рецептимди иштеп чыктым. Момпосуйлар зыяндуу кошулмасыз, кантсыз 100 пайыз табигый азыктан жасалгандыктан ден соолукка абдан пайдалуу. Негизинен сатып алуучулар табигый азыктар кымбат деп эсептешет. Бирок өзүбүз кургатылган мөмө-жемиштерди, жаңгактарды чыгаргандыктан баасы арзаныраак. Продукция жакшы сатыла баштаганда пандемия болуп калды. Бирок 2020-жылы момпосуйдун сырткы таңгагын жакшылап даярдап, дизайнын жакшыртып алдык. Учурда бизнести өзүм каржылоого аракет кылып жатам. Гранттарга анча деле ишене бербейм. Баткенде грант алып, бирок азыр иштебей турган да ишканалар бар. Себеби бир нерсени бекер алсаң аны өнүктүрүүгө шыктанбайсың. Тескерисинче, өз акчаңды салсаң, аракет кылып иштейсиң", — деди Калбаев.
Ишкер учурда компанияны кеңейтүү максатында иштеп жана чет элдик кардарлар менен ири келишим түзүүгө даярданып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0