Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева

Оторбаева: учурда ооругандардын 68 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө

66
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева 2019-жылы сасык тумоонун үч түрү катталса, 2020-жылы грипп менен ооругандар эсепке алынбагандыгын айтты.

2021-жылы курч вирустук инфекция жана сасык тумоонун мезгили сентябрь айында эле башталды. Негизи бул инфекциялык оорулар жыл сайын октябрь — апрель айларында күч алат. Анын үстүнө быйыл коронавируска каршы чектөөлөр алынып, кадимки тартипте балдар окуп, чоңдор иштеп баштаганы да оорунун эрте жайылышына себеп болду. Бул тууралуу Динагүл Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Оторбаева: учурда ооругандардын 68 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө

Анын айтымында, көчөгө чыгып келген чоңдор балдарына вирустук ооруларды жугузуп жатат.

"Учурда лабораториялык изилдөөлөрдүн, анализдердин негизинде сасык тумоонун А түрүндөгү H3N2 субтиби жүрүп жатканы белгилүү болду. Мындан тышкары, курч респиратордук инфекция менен ооругандардын арасында лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында метопневмовирус, парагрипптин үчүнчү тиби, боковирус, респиратордук синцитиалдык вирус, риновир аныкталган. Оору башталгандан тарта 44-жуманын жыйынтыгы боюнча бейтаптардын 68 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө. Бул илдет балдар арасында гана күч алды дегенди түшүндүрбөйт. Болгону ата-энелер балдарын ооруканага дароо алып келип, расмий каттоого алынып жатат. Ал эми чоңдор көбүнчө дарыгерге кайрылбастан үйдө өз алдынча дарыланып алууда. Ушул жерде белгилей кетчү жагдай, эгер чоңдор ооруп үйдө дарыланып жатса, обочолонуп, сүлгү, идиш-аякты өзүнчө колдонуп, балдарга жугузбоого аракет кылуу керек. Себеби кичинекейлер ооруну тез жуктуруп, чоңдорго салыштырмалуу оор көтөрөт", — деди Оторбаева.

Адис учурда сасык тумоонун бир эле түрү (H3N2) жүрүп жатканын жана сезондун аягында башка да түрлөрү чыгышы мүмкүндүгүн божомолдоду.

66
Белгилер:
сасык тумоо, вирус, оору, Динагүл Оторбаева
Тема боюнча
Педиатр тумоолоп калган балага кантип жардам берсе болорун айтты
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

19
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков келечекте ири марафондук жарыштарга катышуу ниети бар экендигин айтты.

Токио Олимпиадасы спорттук карьерамдагы эң чоң тажрыйба берген мелдеш болду. Мындай пикирин Нурсултан Кеңешбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

Анын айтымында, кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча марафондук жарышта Олимпиададан медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Жеңил атлетика менен 2017-жылдан тарта алектене баштагам. Олимпиадага катышуу үчүн төрт жыл кызуу машыгып, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап көрдүм. Олимпиадага жолдомо берүүчү турнир Алматы шаарында өтүп, 1 500 метрлик аралыкты рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыктагам. Жалпы мелдештердеги чогулган упайлардын жыйынтыгы менен ири спорттук иш-чарага катыштым. Олимпиаданын деңгээли абдан жогору болгондуктан атаандаштык курч болду. Жеңил атлетиканын легендалары, дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасында болуп, көп нерсе үйрөнө алдым. Бирок кыска жана орто аралыкка чуркоодо атаандаштык бийик болгону үчүн медаль утуу оор экен. Андыктан марафондук жарышта күчүмдү сынап көргүм келет", — деди Кеңешбеков.

Ошондой эле жөө күлүк Ысык-Көлдө заманбап машыгуу базасы курулса спортчулардын эл аралык мелдештерден ийгилик жаратуусуна шарт түзүлө тургандыгын кошумчалады.

19
Белгилер:
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика, олимпиада
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Эколог Гамал Сооронкулов

Соронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

40
(жаңыланган 11:23 06.12.2021)
Эколог Гамал Соронкулов Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч турарын айтты.

Eco-map долбоорунун алкагында аймактык координаторлор экологиялык көйгөйлөрдү чогултат. Фото, видеодокументациялар, окуянын тексттик сыпаттамасы, ошондой эле географиялык координаттар картага жайгаштырылат. Эко-картада таштандылар, абанын, суунун, жер кыртышынын булганышы, токойлорду кыюу, кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу (браконьерлик), мыйзамсыз балык уулоо, радиация жана ядрохимикаттар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сооронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

Анын айтымында, учурда экологиялык картада 500дөн ашык чекит белгиленген.

"Eco-map долбоору — бул Кыргызстандын экологиялык картасы. Борбор Азия боюнча мындай долбоор жок. Влад Ушаков деген атактуу фотожурналист менен ишти баштаганыбызга бир жылдан ашты. Кыргызстанда экологиялык көйгөйлөр өтө көп. Мына ошонун баарын географиялык картага түшүрүп, маселе тууралуу элге, тиешелүү органдарга жеткиликтүү маалымат берүү максатын көздөйбүз. Учурда аталган картада 500дөн ашык чекит белгиленген. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн Каркырасынан баштап, Баткендин Лейлегине чейин жеттик. Бирок Ош облусу, Талас, Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнү жана Нарын жергесинин түштүк аймагындагы көйгөйлөр толук изилдене элек. Мен ушунча жылдан бери экология тармагында эмгектенип жүрсөм дагы өлкөдөгү көйгөйлөр мага да жаңылык болду. Алсак, Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч экен. Билишимче, өлкө аймагында 1 930дай айыл болсо, тилекке каршы, бардыгында талапка жооп берген полигон (таштанды сактоочу жай) жок. Ал жер курчалбагандыктан мал да жайылып жүрө берет. Болуптур, чоң көйгөйдү чече албайт экенбиз, бирок ар бир айыл өкмөтүнүн бюджети таштанды таштоочу жай уюштуруп, ал жерди курчап коюуга кудурети жетет эле", — деди Соронкулов.

Эколог Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр менен ecomap.kg сайтынан таанышып ар бир жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүү чараларды көрүп баштоосу зарыл экенин кошумчалады.

40
Белгилер:
Кыргызстан, экология, таштанды, маселе, айыл, полигон
Тема боюнча
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив

Кирешесинен чыгашасы көп. Баш прокурор Зулушевдин кандай мал-мүлкү бар

0
(жаңыланган 18:00 06.12.2021)
Баш прокурордун жакын туугандары былтыр 250 миң сом киреше тапса, чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мал-мүлкү тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.

Документке ылайык, башкы прокурор бир жылда 750 722 сом иштеп тапкан, чыгашасы жазылган эмес. Ал Toyota (үлгүсү көрсөтүлгөн эмес) автоунаасына, 70 миң сомдук эмерек, 25 миң сомдук компьютер жана техникага ээлик кылат. Мындан сырткары, 250 миң сомго бааланган бодо малы, 700 миң сомдук жылкы, 1 650 000 сомдук таза кандуу аргымактары бар.

Ал эми жакын туугандары 2020-жылы 250 миң сом киреше чогулткан. Ошол эле учурда чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен. Алардын 119 чарчы метрлик турак жайы, аянты 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар.

Белгилей кетсек, Курманкул Зулушев 2020-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.

0
Белгилер:
Курманкул Зулушев, мал, мүлк, декларация, Башкы прокурор, туугандар
Тема боюнча
Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды