Түндүк электр ишканасынын электр энергияны сатуу бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Мадалбеков. Архив

Мадалбеков: беш киловаттан ашырбаш үчүн электр кубатын туура колдонуш керек

366
Түндүк электр" ишканасынын электр энергияны сатуу бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Мадалбеков электр кубатына болгон чектөөлөрдөн улам аны туура пайдалануу боюнча кеңеш берди.

Ушул жылдын ноябрынан тарта электр энергиясын колдонууга беш киловаттык чектөө киргизилди. Ал эми үч фазалуу абоненттер пайдаланган электр кубатын 10 киловаттан ашырбоого тийиш. Алар — үнөмдөө, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында иштелип чыккан аракеттер. Бул тууралуу Алмаз Мадалбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мадалбеков: беш киловаттан ашырбаш үчүн электр кубатын туура колдонуш керек

Анын айтымында, "Түндүк электр" ишканасынын 200 миңден ашуун абоненти акылдуу эсептегичтерге туташкан.

"Бир учурда беш киловаттан ашырбай электр энергиясын колдонуу эч кандай чектөөлөрсүз эле ишке аша турган нерсе. Болгону кайсы каражат канча энергия короторуна көңүл буруп, аларды ирети менен колдонгонду өздөштүрүп алуу керек. Маселен, электр суу жылыткычы (аристон) болжолдуу түрдө суткасына 1-1,5 киловатт коротот. Муздаткыч, телевизор, уюлдук телефонду кубаттоо, бөлмөлөрдү жарыктандырууга 1-1,5 киловатт электр энергиясы кетет. Микротолкундуу тамак жылытуучу меш, духовка, электр жылыткычтары, тамак бышыруучу электр мештери жана кир жуучу машина мына ушулардын барын бир убакта иштетсек, калган 2-2,5 киловаттыбыздан ашып кетет. Андыктан бирин иштеткенде экинчисин өчүрө туруу зарыл. Кир жуулуп жатса, жылыткычты өчүрүп же электр чайнеги иштеп жатканда мешти күйгүзбөй, айтор, максатсыз колдонуудан алыс болсок эле беш киловаттык чектөө абонентке терс таасирин тийгизбейт", — деди Мадалбеков.

Адис беш киловаттан ашып кетип электр жарыгы өчүп калган кезде акылдуу эсептегичтин бетинде турган баскычты басып туруу менен кайра күйгүзүп алса болорун кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

366
Белгилер:
электр энергиясы, чектөө, кеңеш
Тема боюнча
Чектөөдөн улам электр жарыгы өчсө эмне кылуу керек. Расмий жооп
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

22
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков келечекте ири марафондук жарыштарга катышуу ниети бар экендигин айтты.

Токио Олимпиадасы спорттук карьерамдагы эң чоң тажрыйба берген мелдеш болду. Мындай пикирин Нурсултан Кеңешбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кеңешбеков: кыргызстандыктар марафондук жарышта Олимпиадада медаль ала алат

Анын айтымында, кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча марафондук жарышта Олимпиададан медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар.

"Жеңил атлетика менен 2017-жылдан тарта алектене баштагам. Олимпиадага катышуу үчүн төрт жыл кызуу машыгып, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап көрдүм. Олимпиадага жолдомо берүүчү турнир Алматы шаарында өтүп, 1 500 метрлик аралыкты рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыктагам. Жалпы мелдештердеги чогулган упайлардын жыйынтыгы менен ири спорттук иш-чарага катыштым. Олимпиаданын деңгээли абдан жогору болгондуктан атаандаштык курч болду. Жеңил атлетиканын легендалары, дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасында болуп, көп нерсе үйрөнө алдым. Бирок кыска жана орто аралыкка чуркоодо атаандаштык бийик болгону үчүн медаль утуу оор экен. Андыктан марафондук жарышта күчүмдү сынап көргүм келет", — деди Кеңешбеков.

Ошондой эле жөө күлүк Ысык-Көлдө заманбап машыгуу базасы курулса спортчулардын эл аралык мелдештерден ийгилик жаратуусуна шарт түзүлө тургандыгын кошумчалады.

22
Белгилер:
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика, олимпиада
Тема боюнча
Сүйүнүчтүү кабар! Лыжачы Максим Гордеев кышкы Олимпиадага катышууга лицензия алды
Эколог Гамал Сооронкулов

Соронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

98
(жаңыланган 11:23 06.12.2021)
Эколог Гамал Соронкулов Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч турарын айтты.

Eco-map долбоорунун алкагында аймактык координаторлор экологиялык көйгөйлөрдү чогултат. Фото, видеодокументациялар, окуянын тексттик сыпаттамасы, ошондой эле географиялык координаттар картага жайгаштырылат. Эко-картада таштандылар, абанын, суунун, жер кыртышынын булганышы, токойлорду кыюу, кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу (браконьерлик), мыйзамсыз балык уулоо, радиация жана ядрохимикаттар көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сооронкулов: өлкөдөгү 1 930 айылдын баарында талапка жооп берген полигон жок

Анын айтымында, учурда экологиялык картада 500дөн ашык чекит белгиленген.

"Eco-map долбоору — бул Кыргызстандын экологиялык картасы. Борбор Азия боюнча мындай долбоор жок. Влад Ушаков деген атактуу фотожурналист менен ишти баштаганыбызга бир жылдан ашты. Кыргызстанда экологиялык көйгөйлөр өтө көп. Мына ошонун баарын географиялык картага түшүрүп, маселе тууралуу элге, тиешелүү органдарга жеткиликтүү маалымат берүү максатын көздөйбүз. Учурда аталган картада 500дөн ашык чекит белгиленген. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн Каркырасынан баштап, Баткендин Лейлегине чейин жеттик. Бирок Ош облусу, Талас, Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнү жана Нарын жергесинин түштүк аймагындагы көйгөйлөр толук изилдене элек. Мен ушунча жылдан бери экология тармагында эмгектенип жүрсөм дагы өлкөдөгү көйгөйлөр мага да жаңылык болду. Алсак, Кыргызстанда биринчи орунда таштанды маселеси өтө курч экен. Билишимче, өлкө аймагында 1 930дай айыл болсо, тилекке каршы, бардыгында талапка жооп берген полигон (таштанды сактоочу жай) жок. Ал жер курчалбагандыктан мал да жайылып жүрө берет. Болуптур, чоң көйгөйдү чече албайт экенбиз, бирок ар бир айыл өкмөтүнүн бюджети таштанды таштоочу жай уюштуруп, ал жерди курчап коюуга кудурети жетет эле", — деди Соронкулов.

Эколог Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөр менен ecomap.kg сайтынан таанышып ар бир жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүү чараларды көрүп баштоосу зарыл экенин кошумчалады.

98
Белгилер:
Кыргызстан, экология, таштанды, маселе, айыл, полигон
Тема боюнча
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Аткаминерлер. Архив

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешке кирген аткаминерлер. Тизме

0
Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан чет элдик эки элчи жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин долбоорлорунун биринин жетекчиси чыгарылган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президенттин алдындагы Коррпуцияга каршы ишкердик кеңештин курамы өзгөргөндүгүн мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Садыр Жапаров аталган кеңештин курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алгачкы курамы туурасында башка материалдан окуса болот.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылган:

  • Айтен Рустамова — Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору;
  • Габриэла Геллил — Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси;
  • Оливье Бангертер — Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси;
  • Фред Хьюстон — АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин "Укук булагы" долбоорунун директору.

Жарлык менен Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр кирди:

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин максаты — мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо деп айтылып келет.

0
Тема боюнча
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме
Нарын шаарына мэр болуп 38 жаштагы Курбанов дайындалды
Жапаров Бишкек менен беш облуска сотторду дайындады. Тизме