Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эксперт: билим берүү боюнча беш жылдык программада жакшы иштер мерчемделген

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жаатында эксперт Кеңешбек Сайназаров. Архив
Билим берүү жаатында эксперт Кеңешбек Сайназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Билим берүү жаатында эксперт Кеңешбек Сайназаров беш жылдык программада билим берүү тармагын жакшырта турган бир нече иштерди атап өттү.
2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасынын билим берүү багыты боюнча бир топ жакшы иштер мерчемделген. Бул тууралуу Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Эксперт: билим берүү боюнча беш жылдык программада жакшы иштер мерчемделген
Анын айтымында, программада билим берүү стандарттарына өзгөртүүлөр киргизилген эмес.
"Программада мугалимдерди турак жай менен камсыздоо үчүн программаларды иштеп чыгуу каралган. Мындан тышкары өлкөдө мектепке чейинки билим берүү ушул мезгилге дейре 24 пайызды түзсө, учурда 52 пайызга көтөрүлдү. Буга салыктардын алып салынышы түрткү болду. Аны мектептерге ылайыктоо пландалган. Жеке менчик билим берүү жайларында салыктык жана башка жеңилдиктер берилсе, билим берүүнүн өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет. Учурда айрым мектептер үч нөөмөт менен окуп келүүдө. Ошондой эле өлкөдө чоң имараты бар, бирок аз окуучу барган жагдайлар кездешкен. Ошондуктан "карлик" мектептерди салууну токтотуу каралган. Эми бир типтүү билим жайларын куруу колго алынып, окуучуларды транспорт менен камсыздоо мерчемделген. Бул мектептердеги орун жетишсиздигин азайтууга көмөк берет. Мунун баарын билим берүү тармагын жакшыртууга багытталган кадамдар катары кароого болот. Ошол эле учурда аталган жааттагы каржылоо системасын жөнгө салуу зарыл", — деди Сайназаров.
Эксперт ваучердик системаны киргизүү жакшы натыйжаларды бере турганын да кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0